БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ

Бул чыгарманы бизге окурманыбыз жибериптир. «Супер-Инфо» аркылуу окурман журтка жарыялоого татыктуу экен» дейт. Чын эле. Бир дем менен окуп чыга турган, кадимки Хедли Чейздин курч окуялуу романдарынан кем калбас чыгарма. Автору менен таанышканда ого бетер таң калдык. 37 жашта, айылда чакан ишкерлик менен алектенген адам. Өзү тууралуу «Аксынын Кербенинен болом. Авиациялык колледжди бүтүргөм. Ош шаарындагы аэропортто авиатехник, Кербендеги аэропортто 8 жыл жетекчи болгом» дейт. Окуп көрүңүз, окурман. Таланттын баары элет жеринде экенине дагы бир ирет ынанасыз.
Бул окуя бир адамдын башынан өткөн, азыр ал Түштүк-Чыгыш-Азиядагы мамлекеттердин бирине караштуу кичинекей бир аралда жашайт. Белгилүү себептерге байланыштуу толук дарегин жазган жокмун, чынында, жаза да албайт болчумун, себеби мага да бул кат түшүнүксүз даректен келди. Кайра жазсам, мындай дарек жок деген жооп келген.
Аты Эрмек. Эрмек менен «Дордойдо» араба түртүп иштеп жүрүп таанышкам. Ал мага «базардан иш тапса болобу?» деп калды. Эки арабам бар болчу, бирөөсүн башка балдарга арендага берчүмүн. Ошол күндөн баштап арабамды ага берип калдым. Жакын дос болуп кеттик. Аябай аракетчил бала экен, тез эле туруктуу кардарларды таап алды. Көп өтпөй Орусиядан, Казакстандан товарга келген сатуучуларга товар таап бергич болуп алды. Товарды аларга арзан сүйлөшүп берет, мага да ошондой кардарларды таап берди. Жакшы акча иштеп баштагандан кийин араба түртпөй калдык. Кээде алар өзүлөрү келе албаса акчасын салып жиберишет, биз айткан товарларын чогултуп, поездге же жүк ташыган машиналарга салып жиберебиз, сатуучулар Орусиядан же Казакстандан тосуп алышат. Ишеничине кирип калдык, өзүлөрү келе албаса кээде чоң суммадагы акча салышат. Бир жолу Эрмекке «кел, акчаны алып качып кетебиз» десем мага аябай капа болгон, «кантип бирөөнүн мээнет менен тапкан акчасын уурдап аласың?» деп.
Июнь айы эле... Бир гезит алып келиптир, азыр эстесем «Асаба» болуш керек эле. Авиациялык колледжге окууга чакырган жарыя бар экен. «Өмүр бою эле базарда жүрө бермек белек, бир күнү базар деле токтойт, авиациянын келечеги кең, окууга тапшыралы» деди. Мен биринчи макул болбой койдум, базарда жакшы акча таап жатканда окууну эмне кылам, канча адам дипломун үйүнө таштап коюп базарда жүрбөйбү деп. Акыры мени көндүрдү, тапшырмай болдук.
Кыскасы, экөөбүз эки ай экзаменге даярдандык, батирде бирге турчубуз, күндө кечинде 2-3 саат даярданабыз. Бир сатуучу эже бар эле, мектепте математикадан сабак берчү экен, аны менен сүйлөшүп математикадан даярдандык.
Экзаменде экөөбүз бирге отуруп, окууга өтүп кеттик, ошентип окуп калдык. Окуу жайдын жатаканасы бар, үч маал тамак берчү. Сабактан кийин жаныбызда «Кока-Кола» заводу бар эле, ошол жерге барып иштейбиз.
Эрмек жакшы окучу, ага жармашып мен да жаман окуган жокмун, ал жакшы мушташкандыктан жогорку курстун балдары да тийишчү эмес, ал менен жүргөн балдарга да, кыскасы, мага.
Окууну бүткөндө мен айылга кетип, байланыш үзүлүп калды. Арадан 7 жыл өткөндө ал мени Агенттен таап, башынан өткөн окуясын жазып жибериптир.
Окуп чыгып тимеле детектив чыгарма окугандай болуп, элге да жеткизейин деп чечтим. Анда сөз башынан болсун, мен колумдан келишинче көркөмдөп, детектив чыгарма катары жазууга аракет кылайын. Жакшы чыкпаган жерлери болсо окурмандан кечирим сурайм.

***

– Урматтуу досум, мен окууну бүткөндөн кийин «Манас» аэропортуна ишке кире албай үч айдай жүрүп, акыры Ошко барып, авиатехникке орун жок экен, акча берип жатып коопсуздук кызматына стрелок деп коёт, ошого ишке орноштум. Ал жерде ар кандай посттор бар, мен ар бир посттун инструкциясын окуп жаттап, кыскасы, жакшы иштедим. Таза кийинип, жакшы иштегендиктен VIP-зал же депутаттар учуучу зал деп коёт, ошол жакка постко коюп калышты. Ал жерден көбүнчө чоң кызматта иштегендер өтүшөт. Бир окуяны жаза кетейин, бир күнү постто турсам Ошто милицияда чоң болуп иштеген бир адам келип VIP-зал аркылуу аэропорттун ичине кирем деди эле, тархетка же бейджик деп коёт, төшүнө илип ала турган уруксат кагазы жок экен, киргизбей койдум. Себеби ошондойлордун айынан бизде көп балдар иштен айдалып кетишкен. Мага чейин эч ким антип киргизбей койбоптур, кире албаганына жини келип мага өчөшүп калды, "мен сага көрсөтөм" деп сөгүнүп-сагынып кеткен.
Иштеп жүрдүм, бир сутка иштеп, үч сутка дем алабыз, үч күн бош жүрбөйүн деп анда Ош аэропортунун жанында Авиагородок деген шаарча бар, ошол шаарчада мурун мейманкана болуптур, азыр аны адамдар менчикке сатып алышып жашайт экен, ошол жактан бир комнатаны батирге алып жашачумун. Мал союп саткан кошунам бар эле, бизде касапчы деп коёт, ошол адамга жардам берем. Базардан мал алып келип, союп сатабыз.
Мен жашаган мейманканада тескери жүргөн 3-4 келин жашачу, ар ким келип-кетип жүрчү. Жаныбызда пахта талаа бар эле, бир күнү эле түндө бир адамды пахтанын арасынан бычактап өлтүрүп кетишиптир. Милиция келип биринчи эле тиги келиндерден шекшип, ошолорго келгендер болуш керек деп коңшуларды чогултуп сурайт. Маңдайыбызда эки кабаттуу үйдө бир кемпир жашачу, ошол кемпир «ушул эле кылган болуш керек, аябай урушчаак, жаман бала» деп мени айтыптыр. Себеби жаңы келип жашай баштаганымда ошол кемпирдин баласы менен урушуп кеткем. Жаныбыздагы базарчиктен соода кылып жүрсөм эки досу менен мас болуп келип, «арак алып бер» деп асылышканынан «ашыкча акчам жок эле» десем болушпайт. Кыскасы, мушташ чыгып үчөөнү тең уруп салган болчумун, ошого өчөштүбү, айтор, мени аябай эле жамандаптыр.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
dawa
2015-10-19 11:46:43
Оуууу бир жума кутот экенбизда, жакшы чыгарма экен
+2
AygulSumaya
2015-10-19 12:39:55
Дагы бир жума
0
ailam14
2015-10-19 13:27:05
берилип окуп атсам; бутуп калдыго
+1
benni
2015-10-19 13:28:56
Кызыктуу .....
0
benni
2015-10-19 13:29:21
Бирок кутконуле жаман..
+1
Odik11
2015-10-19 13:30:14
Форумда илинип турат, чыдабагандар отуп баргыла
0
Kunbeken
2015-10-19 13:37:48
Odik11, темасы кандай?
0
Aikoo2014
2015-10-19 16:20:06
Odik11,

Темасы кандааай?
0
zara-919
2015-10-19 14:49:49
апеей кудай ошо авиагородокто мен 23 жылдан бери жашайм.. ал ким болду экен... азыр эле чыгып сүрүштүрөм го...
0
Kadyrbek09.10.2015
2015-10-20 00:51:47
Ай чорт кызып калганда бүтүп калдыго
0
nuriyaeljan
2015-10-20 14:11:56
айтып койгулачы форумда жокго таппай жатам
0
admin_superstan
2015-10-21 10:47:35
ZANIA-92, Kg.lady, talant.elmira, agarai, саламатсыздарбы!
Мындан ары чыгарманы гезит бетинен окуй аласыздар. Колдонуучуларды чаташтыруудан алыс болууну сунуштайм.
+1
nargiz-94kg
2015-10-22 09:55:14
Мен муну окугам. Барго бул тема
0
anya
2015-11-17 18:22:59
Мага жакты жакшы чыгарма экен.
0
anya
2015-11-17 18:24:01
nargiz-94kg бул детективди каяктан окудун эле ?
0
Sayragul
2015-11-23 12:35:34
Аксылык менин жердешим экен. Ийгилик.
+3
№ 676, 16-октябрь-22-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан