ДЖИ (сериал)

Өткөн саныбыздан тарта «Джи» деген жаңы сериал жарыялана баштады. Алгачкы сериясында Жанар аттуу студент жигиттин көздөрү, жылмаюусу менен адамды арбап алган шаардык Арууке аттуу кыз менен таанышканы баяндалган. Аларды нөшөрлөгөн жамгыр табыштырган. Кол чатыр талашып аз эле жерден урушмакчы болушкан. Бирок белгисиз күч аларды жакындатып, ынак кылып койгон эле.

(Башталышы өткөн сандарда)

– Силер күнүгө жолугушасыңар, бир окуу жайда окуйсуңар, бирок кыз-жигит эмессиңер, кандайча?- деген Адилет Жанарга акырын үн катты. Аудиторияда лекция жүрүп жаткан.
– Биз жөн гана доспуз.
– Кыз-жигиттин ортосунда достук болбойт. Мен сенин ордуңда болсом, эчак ал кыз менен кол кармашып алмакмын. Кыз татынакай, шаардык, орусча сүйлөйт. Же ал сени айылдык деп карабай жатабы?
Шыбыраган Адилет жайына койбой жооп күтүп калды. Жанар бул жигит менен 1-курска келгенде эле ынак болуп кеткен.
– А мен ага кыз-жигит бололу деп сунуштаган эмесмин. Сен кантип аны менен кол кармашып алмак элең? Сен деле мендей айылдыксың да.
– Менин айылдык экеним билинбейт.
– Сен Бишкекте көп кабаттуу үйдө жашасаң деле кыш чилдеде мал жайгарып, жайкы ысыкта талаада иштебей эле капкара болуп калгансың.
– Кеп кара же акта эмес. Адамдын терисинин түсү эч нерсени чечпейт.
– Ооба, расист болбош керек,- Жанар күлүп жибербейин деп араң отурду. Адилет туталанып кетти. Бул сүйлөшүүдөн кийин Жанарда бир башкача уйгу-туйгу сезимдер пайда болду.

ххх

Окуу жайдан чыгып бара жатканда телефонуна чалуу келип, экрандын бетине бадырая Арууке деген жазуу чыкканын көрүп өзүнчө жылмайып алды.
– Алло.
– Козу карын, кандайсың?- деди күлкү аралаш кыздын үнү.
– Эмне, бүгүн жаңы ат койдуңбу?
– Ооба.
– А эмнеге козу карын?
– Бүгүн сабакта отуруп биринчи сени көргөн күндү эстеп кеттим. Кол чатырыңды кармап, анан калса аппак көйнөк кийип алып жүрбөдүң беле. Элестетсем, козу карынга окшош болгон
экенсиң. Анан сени козу карын деш керек экен дедим. Кайдасың?
– Универде.
– Мен 2 сааттан кийин чыгам. Сабактар бүтө элек. Кетпей тур!- Арууке Жанардын жообун күтпөй эле телефонду коюп койду. Чынында, жигит бул күнү Аруукеге жолукпай кетсе жан дүйнөсү тынч алмак эмес. Эмне болуп жатканын өзү деле түшүнбөйт. Бирок дайыма көпчүлүктүн арасынан көздөрү менен кызды издей берет. Анын телефон чалуусун дайыма күтүп жүрөт. Ал эми жанына барганда дүйнөсү түгөл болуп, жаны жай ала түшөт. Биринчи көргөн күнү эле Аруукеден белгисиз жылуулукту сезген. Андан бери үч ай өттү. Жигит көздөрү бакырайган, дайыма күлүп жүргөн, ойго келбес кылыктарды жасап жибермей адаты бар бул шаардык кыз айылдан келген аны менен эмне үчүн убактысын өткөрүп, эмнеге сүйлөшүп жүргөнүн түшүнө албайт. Аруукенин жигити болуу Жанардын оюна деле келген эмес. Арууке ал үчүн азыр кол жеткис бийиктикте. Антсе да бүгүнкү Адилет менен болгон сүйлөшүү аны кыйла ойлонтуп койду.
Аруукени күтүп отуруп Жанардын оюна бир нерсе кылт этти. Телефонун шапа-шуп алды да «мен кеттим, эртең жолугабыз» деп кат жиберип койду. Көп өтпөй «козу карын, каадаланба! Жөн отур!» деген жооп келди. «Кете берейин» Жанар кайра жазды. «Козу карын, мен таарынам» деп Арууке жооп берди.
– Мени көргүң келип жатабы?
– Ооба.
– А эмнеге?
– Досумсуң да.
– Мага бүгүн кыз-жигиттин ортосунда достук болбойт дешти.
– Козу карын, үйүңө кете бер!

ххх

Арууке аудиториядан кабагы салыңкы чыкты. Тепкичтерден жиндене тез-тез басып, окуу жайдан чыгып түз эле үйүн көздөй жөө жөнөдү. Жанар оюнан кетпей койду.
Буга чейин бир жигит менен мамиле курган. Айбек мектептеги эң сүймөнчүк бала эле. Бою узун, келбеттүү, күнүнө бир жолу бирөө менен мушташпай жүрө албаган аны мектептин кыздарынын тең жарымы жакшы көрчү. Мына ошол «мачо» Аруукени айланчыктап калды. Курбуларынын бардыгы «сен кандай бактылуусуң» деп суктанып жатышты. Көпчүлүктүн оюна жетеленди окшойт, аз өтпөй Айбек менен Арууке жетелешип калышты. Бирок аны менен 2 айдай жолугушкан соң Арууке мамилени үзүп койду. Курбуларынын бардыгы «жиндисиңби? Сонун жигиттен баш тартып жатасың» деп күйпөлөктөп калышты. «Аны менен зеригип кеттим. Же күлдүрө албайт, же ыйлата албайт. Ал мына бул жердеги боштукту толтура албай койду» деп курбуларына актанган Арууке жүрөк тушун көрсөткөн. Мына эми ошол боштукту жаңыдан биринчи курска аяк таштаганда жамгырлуу күнү таанышкан Жанар аттуу жигит толтуруп койду. «Ал жасалма эмес. Күлсө да, жинденсе да, сүйлөсө да бардыгын чын дилинен жасайт. Жакшы адам. Менин досум. Менин жакшы көргөн досум» Арууке Жанар тууралуу күндөлүгүнө ушинтип жазып койгон. Азыр кыздын эсине мына ушулардын баары келе берди. Сапырылган ойлордун учугун таппай бараткан кызга ноябрдын нурсуз бүркөө күнү да кошул-ташыл болуп жалгызсыратып жиберди.
Капысынан телефонуна кат келди. Жанар «Биз ушинтип унчукпай кете берсек, мен чындап эле кетип калам. Зеригип кеттим. Кел, чуркап жарышабыз» деп жазып жибериптир. Арууке бир аз дендароо боло түштү. Аңгыча эле Жанар чуркап ага жанаша түштү да:
– Бол, бол! Кеттик!- деп чуркаганын токтотпой кыздан ашып өттү.
– Жинди!
Арууке күлүп жиберди. Ал Жанарды көргөнүнө кубанып кетти. Жигиттин токтой турган ою жок. Берилип чуркап алган.
– Ким артта калса, ошол гамбургер алып берет.
– Адилетсиз болуп калат. Сен менден мурун кетпедиңби?!
Аруукенин жанагы муңайган абалы дароо ачык маанайга алмашты. Жигит артка кайтты да «кеттик!» деди. Алар жарышып чуркап жөнөштү. Жан алы калбай чуркап, ошол эле убакта боору эзиле каткырып келе жатышкан жашы 20нын айланасындагы кыз-жигитти көпчүлүгү таң калуу менен, айрымдары күлүп карап узатып жатышты.
Жанар кыйла алдыга озуп кетти. Алдыраак барып токтоду да, артында чуркап келе жаткан Аруукеге бурулуп кучагын жайып туруп алды. Каткырып чуркап келе жаткан кыз эмне кыларын билбей калды. Күү менен келип Жанардын кучагына кептелди. Жигит аны кучагына бекем кысты да, эриндеринен акырын өөп койду.
– Сен... Сен эмне кылып жибердиң?- Арууке түшүнбөй көздөрү тостойо түштү.
– Достугубузга чекит койдум,- деди Жанар олуттуу...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
mambet25
2015-10-19 09:34:12
Кызыктуу болчудай го
+3
jany-aryk
2015-10-19 10:17:10
dagy bir suiuu romany bawtaldy
+1
aksy.koi-tash
2015-10-19 10:30:24
Кызыгына келдиго еми дагы бир жума кутмой екенда
+1
Abytovka
2015-10-19 10:39:17
Мага жакты аябай сонун
+4
Pantherka
2015-10-19 10:50:16
))))))сонун го
0
Neizvestno777
2015-10-19 11:42:07
Китеби бар менде кимге берейин:D
0
benni
2015-10-19 12:36:48
Neizvestno777,супер танга жазгылачы,пожалуйста
+1
ESEN88
2015-10-19 18:22:00
Neizvestno777,
Суперстанга жазышпайлыбы супер замандаш!!
0
Kunbeken
2015-10-19 11:54:14
20 айланасындагы кыз жигит ...
0
adilet_3234
2015-10-19 14:53:49
мыннааа сага суйууууу......
0
orun
2015-10-19 23:41:53
Кореялык сериалдардагы каармандарды элестетип кеттим...
+1
pumba.timon
2015-10-20 02:03:26
Откон сериясында булар 3 Курска аяк таштаганда жамгырлуу сентябрь айында таанышкан эле,бул сериясында болсо 1 курстан таанышкан.... 20 жаштын тегерегиндеги жаштар кылып суроттоптур.Деги Айгул Шаршендин чыгармаларындай баш каармандардын атын алмаштырбай жазса болду)))
0
Эльвира Караева
2015-10-20 10:35:03
pumba.timon, Жанар 3-курста окуйт, ал эми досу Адилет менен 1-курстан бери ынак болуп кеткен. Арууке да 1-курста окуйт.
0
jypar.i
2015-10-20 16:37:32
pumba.timon,1-курста эмес,Адилет менен
Жанар 1-курстан бери тааныш деп турбайбы
0
sraj
2015-10-20 08:09:17

Киносун тартыш керек болучу
0
zinza.girl
2015-10-20 17:59:59
Корейский сериал го бул жагы
0
tynar92kg
2015-11-02 13:39:23
Жакшы чыгарма экен
0
№ 676, 16-октябрь-22-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан