(Башталышы өткөн сандарда)
– Айкөл байке, сиз кайсы бир учурда сүйүп көрдүңүз беле? Кудум мендей, ал адам үчүн керек болсо жаныңды бергенге даяр болуп сүйүп көрдүңүз беле?
– Мен сенден эки эсе күчтүү сүйүүнү башымдан өткөргөм. Ал сүйүү менин бала чагымдан жүрөгүмдөн орун алып, анан өөрчүп, кийин жан дүйнөмдүн баарын ээлеп алды. Билесиңби, ал башында мага бир туугандай эле, биз кошуна жашачубуз. Бирок мен аны наристе кезинде эле сүйчүмүн. Сербейген чачтарына бантик байлап алып мектепке жөнөп баратканын, ууртундагы жарашыктуу уячасын, бакырайган ишенчээк көздөрүн сүйчүмүн. Багбан гүл өстүрүп ага суктанып карайт го, менин сары гүлүм, менин наристе махабатым да дал ошондой эле. Ачылып, бажырайып гүл ачканда мага буюрбай, бир тууган таякемдин аялы болуп калды. Мына менин эң чоң махабатымдын тарыхы.
– Болду, үн катпаңыз, андан ары айтпаңыз,- деди жан талаша башын чайкаган Адел.
– Айтам, Адел, мен бүгүн баарын айтам. Сен менин сүйүүмдү билбедиң, андан күмөн санаган да жоксуң. Сенин жүзүңдү таякем аймалап жатканын элестеткенде жаным жанчылып, кызганычтан денемди өрт каптачу. Сенин карааныңды көрүү үчүн, сени жалгыз таштап кетпеш үчүн ошол азапты башымдан өткөрдүм. Бирок мени жооткоткон бир нерсе бар эле – сен таякемди таптакыр сүйчү эмессиң. Ошого кадимкидей сооронуп жүрчүмүн. Анык тозок сен Тимурду сүйүп калганда башталды. Мен күтүп жүргөн сезимди башкага арнадың. Мен сени кандай жан дилимди арнап сүйсөм, сен андан ашык сүйдүң. Аттиң, ошону билген болсоң силерге бакыт гана каалайт элем. Бирок ошондо да сени күнөөлөй албадым. Сени каптаган жалынды, ошол ысык сезимди мен бере албай, колумдан экинчи жолу тарттырып жибергенимди билдим. Өкүндүм, мококтугумдан улам сезимимди жашырып жүргөнүмө өзүмдү күнөөлөдүм. Сен андан башка эч кимди көрө албай калдың. Сүйүү адамды сокур кылса, сени акылсыз да кылып койду. Сенин чоң сезимиңе ал жооп бере албасын билген жоксуң. Ошол жолдон кайтара албаган менин күнөөм. Бардык нерсе көз алдымда болуп турса да, эч кандай чара көрө албадым. Жок дегенде сен өз сезимиң менен күрөшкөндөй күрөшө албадым. Ал акмак сенин сүйүүңдү баалабады. Эх, сен мени ошондой сүйсөң, мен таякем эмес, бүткүл аалам каршы турса да жеңет элем. Ошол сезимди мага арнасаң, башым менен кудук казып баркыңа жетет элем. Эгер мага кенедей эле көңүлүң болгондо...
Ушул күнү Айкөл ичиндеги нерсенин баарын айтып жатты. Айтып алып жеңилдей түштү. Бир кезде башын көтөрсө, Адел үнсүз ыйлап жаткан экен.
– Ыйлабачы, сен ыйласаң жаным кыйналат.
– Жашоо эмнеге мынча татаал, Айкөл байке? Бир жыл мурун бул тууралуу билгенде сизден башка адам мага керек беле? Ушунун баары болот беле? Кайчы кеткен махабатыбыз экөөбүздү тең кыйнайт беле?
– Эми да кеч эмес, биз бактылуу болобуз. Наристе төрөлгөндөн кийин экөөңдү тең алып башка жакка кетебиз. Жаңы жашоо баштайбыз...
(Уландысы кийинки санда)