ТЕҢ ЧЫГУУ ЖАНА ЖЕҢИШ

Футбол боюнча өлкөбүздүн курама командасы 8, 13-октябрь күндөрү Бишкекте Тажикстан жана Бангладеш курама командалары менен беттеш өткөрүштү. Футболчуларыбыз тажиктер менен тең чыкса, Бангладешти ишенимдүү жеңип алышты. Эки оюнда төрт упай алган улуттук курама команда өз тайпасынан чыгуу үмүтүн дагы да болсо жогото элек.

АЙЫП ПУЛ, КАТУУ САБАК
Алгач «Ак шумкар» 8-октябрда тажикстандык атаандаштары менен кезикти. Австралия менен болгон беттештен соң ФИФАнын 28 миң доллар айып салганы биз үчүн чоң сабак болгондой. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кошумча тосмолор коюлуп, даярдык жогорку деңгээлде болду. Стадионго жакын көчөлөр оюнга чейин бир нече саат мурун жабылып, күйөрмандарды тартип сакчылары катуу көзөмөлгө алышты.
Кыргызстан-Тажикстан оюну «Борбор Азия дербиси» аталып, дайыма кыл чайнашкан беттеш тартуулайт. Эске салсак, акыркы жолу коңшулар менен 2013-жылы кезигип, өз үйүбүздө 1-4 эсебинде жеңилген элек. Оюн алдында команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин «Бул оюнду кандай алып баруу керектигин билебиз. Андыктан эң негизги атаандаш өзүбүз. Оюн кандай болору талаада чечилет»,- деп алдын ала божомолдоодон алыс болду.

КЫРГЫЗСТАН – ТАЖИКСТАН 2:2 БИРИ-БИРИНЕ ОКШОБОГОН ЭКИ ТАЙМ
Кыргызстандын негизги курамында Валерий Кичинден башка бардык футболчулар оюнга чыгууга даяр эле. Баштапкы мүнөттөрдөн тарта футболчуларыбыз оюн тизгинин колго алып, чабуул артынан чабуулга өтүп жатышты. Анын жыйынтыгы бат эле көрүнүп, Антон Землянухиндин пас чыгарып берүүсүн Бахтияр Дүйшөбеков жакынкы бурчка сокку узатты. Гооо-ооол! Жаш футболчубуз улуттук курамда алгачкы голун киргизди. Ал эми коноктор 1-таймдын соңуна чейин эсине келе алышкан жок.
Экинчи таймда эки команданы алмаштырып койгондой элес калтырды. Тажик футболчулары чабуулга өтсө, кыргыздар коргонууда баш калкалашты. Манучехр Жалилов 65-мүнөттө эсепти теңесе, 71-мүнөттө Фарход Васиев пенальти тебүүдөн өз командасын алдыга чыгарды. Нокдаунга учураган футболчуларыбыз эмне кыларын билбей калышты. Бул учурда 17 600 күйөрмандын «Алга, Кыргызстан!» деген урааны гана аларды эсине келтирип, ойготкондой болду. Акыркы мүнөттөрдө ирандык калыс жаны тынбаган Землянухинге каршы эреже бузулганын белгилеп, 11 метрлик сокку белгиледи. Аны жабырлануучу өзү аткарып, миңдеген көрүүчүлөргө кубаныч алып келди. Эсеп 2-2. Тең чыгуу.

АВСТРАЛИЯ ИШКЕ ЖАРАБАЙ...
Ал күнү «В» тайпасындагы Кыргызстан-Тажикстан беттеши менен бирге Иордания өз үйүндө Австралияны кабыл алды. Биз үчүн бул оюнда алардын тең чыгуусу же Австралиянын жеңиши ыңгайлуу болмок. Бирок Азия чемпиондору үй ээлерине каршы ынанымдуу ойной албай, 2:0 эсебинде уттуруп жиберишти. Муну менен 4 турдан кийинки мелдеш жадыбалында Иордания 10 упай менен алдыга чыкса, Австралия 9 упай жана Кыргызстан 5 упай менен үчүнчү орунда калды.

БАНГЛАДЕШ КОНОККО КЕЛДИ
Арадан 5 күн өтпөй өлкөбүзгө Бангладештин оюнчулары конокко келишти. Мурунку оюнда тең чыгууга ызаланган кыргыз оюнчулары үчүн гана эмес, миңдеген күйөрмандар үчүн да бул беттеште жеңиш керек эле. Оюн алдында коноктордун башкы машыктыруучусу Фабио Лопес: «Биз турист катары келген жокпуз. Бул оюнда кыргыз футболчуларына каршы мыкты оюн көргөзөбүз. Ишенем, сиздерди алдыда оңой беттеш күтүп турган жок»,- деп белгиледи.
Ал эми Кыргызстандын негизги курамында бир нече өзгөрүүлөр жүргүзүлдү. Коргоочу Даниэл Тегонун ордуна Тамирлан Козубаев чыкса, жарым коргоочу Бахтияр Дүйшөбековду Павел Сидоренко алмаштырды.

КЫРГЫЗСТАН – БАНГЛАДЕШ 2-0 ЧАБУУЛЧУЛАР ӨЗ ИШИН АТКАРГАНДА...
Башкы калыстын ышкырыгы менен үй ээлери чабуул жасай баштады. Оң канатта Виктор Майер менен Мирлан Мурзаев, сол канатта Валерий Кичин жана Антон Землянухин коргоочулардын айласын кетиришти. Коноктордун бул учурда коргонуудан башка айласы жок эле. Оюндун 27-мүнөтүндө бурчтан чыгарылып берилген топту чабуулчу Виталий Люкс голго айландырды. Гоо-оол! Чабуулчу биринчи жолу өз ишин мыкты аткарып, Кыргызстан үчүн алгачкы жолу айырмаланды.
Оюндун экинчи бөлүгү эч өзгөрүүсүз болду. Кыргыз оюнчулары чабуулда, Бангладеш коргонууда. Ал эми күйөрмандар дагы гол талап кылып, сүрөөнгө алышты.
Александр Крестинин 65-мүнөттө алгачкы алмаштыруусун жасады. Мирлан Мурзаевди дагы бир чабуулчу Ильдар Амиров алмаштырды. Оюнга активдүү аралашкан бул чабуулчу 89-мүнөттө оюн эсебин 2:0 кыла алды. Ишенимдүү жеңиш! Кыргыз футболчулары өз үйүндө алгачкы жолу үч упай алды.

ИОРДАНИЯ АЛДЫГА ОЗДУ
Ошондой эле биздин тайпада Иордания-Тажикстан беттеши орун алды. Биз үчүн бул беттеште тымызын тажиктерге жан тартууга туура келди, себеби Иорданиянын упай жоготуусу бизге пайдалуу болмок. Бирок тажик футболчулары Кыргызстан менен болгон беттеште көп күч сарпташканбы, айтор, Иорданияга каршы бир эле таймга чыдашты. Оюндун экинчи бөлүгүндө тажик дарбазасына жоопсуз 3 гол кирди. Муну менен Иордания 13 упай менен алдыга озсо, экинчиде 9 упай менен Австралия. Алардын артынан сая түшкөн Кыргызстан 8 упай менен үчүнчүдө келе жатат.

КЫРГЫЗСТАН КАНТКЕНДЕ ТАЙПАДАН ЧЫГА АЛАТ?
Кыргызстан курама командасы алдыда дагы 3 беттеш өткөрөт. Тайпадан чыгуу үчүн «Ак шумкар» бардык беттештеринде жеңүүсү керек. Ал эми калган оюндарда Иордания менен Австралиянын упай кошпошу зарыл болот. Учурда 1-орундагы Иорданиядан 5 упай калуудабыз, ал эми Австралияда 4 оюнда 9 упайы бар (өткөрө элек бир оюну калды). Эми 12-ноябрь күнү Кыргызстан кенгурулар мекени Австралияга каршы конокто оюн өткөрөт. Андан соң 17-ноябрда Иорданияны өз үйүндө тосуп алат. Бул оюндарда кыргыз футболчулары эрдик жасап, жеңиш үчүн гана ойношу керек. Ал эми тайпа ичиндеги акыркы оюн 2016-жылдан 26-мартында Тажикстан менен конокто болмокчу.

Калган оюндар:
12-ноябрь.
Австралия – Кыргызстан

17-ноябрь.
Кыргызстан – Иордания

2016-жыл. 29-март.
Тажикстан – Кыргызстан

Күйөрмандардын колдоосу бир мүнөт да тынган жок.

Кыргызстан улуттук курама командасы.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Neizvestno777
2015-10-19 11:48:39
Биз деле ойносок болот экен го
0
Adel2015
2015-10-19 13:03:57
да да,шанс бар экен эми 3 оюнду тен утуш керек
0
Adilet2014
2015-10-19 13:32:58
Алга Кыргызстан. Алга!!!!!
0
kypchak80
2015-10-20 00:59:40
Респект ... Алга
0
uli1988
2015-10-20 11:54:41
Азаматтар футбол бизде онугуп атат александр крести красавчик баары тренерден зависить этет слуцкий буга мисал
+1
Ruslan_d
2015-10-20 18:59:06
Азаматсынар алга!
0
nurik_88
2015-10-22 19:50:01
маладцы
0
Umar080814
2015-10-23 11:51:02
4 жылга чейин футбол отбойт Кыргызстанда стадион талапка жооп бербейт экен
0
guliza8990
2015-10-24 17:37:56
Азаматтар алга! Жениш гана каалайбыз
0
№ 676, 16-октябрь-22-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан