Александр Крестинин, Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу: «ЖЕҢИШ КИЙИНКИ ОЮНДАРГА ИШЕНИМ БЕРЕТ»

Улуттук курамдын башкы машыктыруучусу АЛЕКСАНДР КРЕСТИНИН жана улуттук курамдын чабуулчусу Ильдар Амиров өткөн оюндар тууралуу өз пикирлери менен бөлүштү.
Башкы машыктыруучу АЛЕКСАНДР КРЕСТИНИН өз тайпадан чыгууга акыркы оюндарга чейин күрөшөрүн белгиледи:
– Тажикстан менен болгон беттешке кайрылсак, андагы оюндун 1-бөлүгү боюнча менде футболчуларга эч кандай суроо туулган жок. Бирок экинчи бөлүктө эмне болуп кеткенин өзүбүз да түшүнө албай калдык. Жөн жерден эки голду киргиздирип жибердик. Бул бошоңдуктун белгиси болду. Футболчуларыбыз чаалыгып чуркабай калды экен десем, оюндун соңунда кандай чуркаганын өзүңөр көрдүңөр.
Ал эми Бангладеш менен беттеште ишенимдүү түрдө 3 упайга ээ болуп, күйөрмандар алдында актангандай болдук. Атаандаш коргонууга гана ыктап ойноду. Андыктан биздин футболчулар атаандаштын майданында ойноого туура келди. Биздин команда эки канатта жиреп кирүү менен оюн алып бардык. Бирок гол киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн текке кетирип жатканыбызды моюнга алыш керек. Бул жааттагы кемчиликтерди жоюуга аракет кылабыз. Эң негизгиси, бул жеңиш Тажикстан менен тең ойноп, маанайы чөккөн футболчуларга ишеним берет. Алдыда дагы эң олуттуу оюндар күтүп турат. Тайпадан чыгуу үчүн акыркы оюнга чейин күрөш жүргүзөбүз.

Ильдар Амиров, чабуулчу: "АВСТРАЛИЯДАН УПАЙ АЛУУГА БАРДЫК КҮЧҮБҮЗДҮ ЖУМШАЙБЫЗ"
Оюндун 65-мүнөтүндө Мирлан Мурзаевди алмаштырып, талаага чабуулчу, 17-катардагы Ильдар Амиров чыкты. Ал сол канатта оюн тизгинин колго алып, үй ээлеринин дымагын күчөттү. Жыйынтыгында оюн бүтөрүнө аз калганда дал ушул чабуулчу коргоочуларды жазгырып, эсепти 2:0 кылганга жетишти. Буга чейин туруштук берип жаткан Бангладеш курама командасы дал ушул голдон кийин жеңилгенин даана сезишти.

– Жеңишиңер менен куттуктайм! Бангладешке алмаштырууга чыгып, гол киргизе алдыңыз. Алгач кандай сезимдер курчады?
– Албетте, абдан кубанычтуу сезимдер болду. Валерий Кичиндин соккусун дарбазачы тосо албай, колдон чыгарып жиберди. Ал жакта мен кошумча сокку узатып, гол киргиздим. Өз үйүңдө, миңдеген күйөрмандардын алдында жеңиштүү гол киргизүү – ар бир эле чабуулчунун кыялы болуш керек.

– Алдыда олуттуу беттештер орун алат. Футболчулар Австралия менен конокто ийгиликтүү ойной аларына өздөрү ишенеби?
– Чындыгында, алдыда Австралия менен конокто жана Иордания менен өз үйүбүздө болчу оюндар бар. Бирок Бишкектеги Австралия менен болгон беттештен соң футболчулар кайсы гана команда болбосун ал менен ойноого даяр экенин көрсөттү. Андыктан Австралиядан упай алууга бардык күчүбүздү жумшайбыз.

Оюндар убагында башкы машыктыруучу бир да мүнөт жөн турбай, футболчуларга насаатын айтып турду.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Азамат Байматов: "Курамды Азия чемпиондугуна чыгаргыбыз келет"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Urmat-1989
2015-10-19 14:55:17
мыкты машыктыруучу кийинки оюндарга ийгилик
+1
№ 676, 16-октябрь-22-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан