6 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫ КОРДОП ЖАТКАНДА ЗОРДУКЧУНУ ДОСУ КАРАП ТУРГАН

Ысык-Көл облусунда 6 жаштагы кыз зордукталды. ИИМдин маалыматына караганда, кыздын ата-энесин издеп келген 33 жана 34 жаштагы эки жаран үйдө киши жоктугунан пайдаланып аны талаага алып кетишкен. Нурлан наристени зордуктап жатканда шериги Анарбек аны карап турган.

«КҮЙӨӨСҮН САБАП, АЯЛЫН ЗОРДУКТАМАКЧЫ БОЛУШКАН»
12-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылынын 34 жаштагы Гүлгаакы аттуу тургуну күйөөсүнүн айылдаштары тарабынан сабалып жана кызынын зордукталганы тууралуу арыз менен милицияга кайрылган. Арыздын негизинде бул кылмышка шектүү катары 33 жана 34 жаштардагы Анарбек, Нурлан аттуу эки жаран колго түшкөн. Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынын кызматкери Сталбек Усубакунов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Арыз түшкөн соң оперативдүү топ шектүү катары аталган эки жаранды колго түшүрүшкөн. Зордукталган кыздын ата-энеси Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы кашарлардын биринде бирөөлөрдүн малын багып иштечү экен. 11-октябрда Анарбек менен Нурлан арыз ээсин жана анын Азат аттуу жолдошун үйүнөн алып чыгып, Нурландын кашардагы үйүнө алып барышкан. Сарайга барышкан соң эркектер спирт ичимдигин ичишкен. Кызуу болуп калгандан кийин шектүүлөр Азатты сабап, аялын зордуктамакчы болушат. Экөөнүн ур-токмогунан бошонуп, жубайлар эшикке качып чыгышат. Экөө аларды издеп чыгып таппай коюшат да, алардын үйүнө жөнөшөт. Түн кирип калганда Азаттын үйүнө кирип келген экөө жубайлардын 6 жашар кызынын жалгыз экенин көрүшүп, аны талаага алып кетишкен. Ал жактан Нурлан кызды зордуктап, ал эми Анарбек карап турган. Бул боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

«ЖАБЫРЛАНУУЧУ ДАРЫЛАНУУДА»
Окуя катталган Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине байланыштык. Алар бул чуудан кийин кандай иштер аткарылып жаткандыгы тууралуу айтып беришти. Айыл өкмөттө иштеген атын атагысы келбеген кызматкер учурда жабыр тарткан наристе Чолпон-Ата шаардык ооруканасында дарыланып жаткандыгын билдирди:
– Бул үй-бүлө качантан бери биздин айылда жашап, иштеп жатканы белгисиз. Социалдык кызматкерлерибиз жабыр тарткан кызга психологиялык жардам көрсөтөлү деп чарба китепти карашканда тизмеден табылган жок. Алар Ысык-Көл районунун Кең-Суу айылынан келишип, кашарда мал багышчу экен. Мындан улам тиешелүү кызматкерлерибиз ички миграцияны тактап, учурда башка облус, райондордон келген жарандарды каттоого алышууда.
Тынч жаткан айылыбыз үчүн бул өтө эле чуулгандуу окуя. Окуя боюнча айыл ичинде атайын комиссия түзүлдү. Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы 10 күндө чыгып калат дешүүдө. Ошол жыйынтыкка жараша комиссия да өз ишин алып бармакчы. Ал эми жабыр тарткан кыз Чолпон-Ата шаардык ооруканасында дарыланып жатат.

«ЗОРДУКТООГО АТАСЫНЫН ДА КАТЫШТЫГЫ БАР»
Атын атагысы келбеген Чоң-Сары-Ой айылынын тургуну биз менен байланышып, бул окуя боюнча таптакыр башка версияны кабарлады. Анын айтымында, зордуктоого 6 жашар кыздын атасынын дагы катыштыгы бар.
– Нурлан менен Анарбекти тааныйм. Экөө дайыма ичип алып көчөдө ызы-чуу кылып эле жүрүшчү. Айылда бир адам көз жумуп, сөөктү жерге берүү зыйнатына бардык. Нурлан менен Анарбектин туугандары топурак салганы келген жок. Балдары тигинтип наристени зордуктап жатса, кантип анан элдин бетин карайт? Ушинтип жер карап жүрүшүп эле бир күнү сотко, милицияга акча берип балдарын чыгарып кетишет деп айыл эли көтөрүлүп жатат. Ошентсе да баш көтөрүп үн катуудан айыл эли коркуп турушат.
Бул жерде кыздын апасы дагы күнөөлүү. Силерге кандай маалымат жеткенин билбейм, бирок окуянын төркүнү башкада. Ошол күнү жабыр тарткан кыздын атасы менен апасы деле шектүүлөргө кошулуп арак ичип отурушкан экен. Азат аялы Гүлгаакы менен чатакташа кетип, аны какыс-кукус кылып, эшикке чыгарып коёт. Ошондо ал милицияга кабарлап, үйдө 6 жашар кызы калып калганын айткан. Милиция кызматкерлери келип 6 жашар кызды үчөөлөп зордуктап жатканда үстүнөн чыгыптыр. Азат үйүнөн качып кетүүгө үлгүргөн. Азыр ал кармала элек. Ал дагы кызды зордуктаганга катыштыгы бар үчүн качып кетти да. Анын үстүнө ал жабыркаган кыздын өгөй атасы. Укук коргоо кызматкерлери ишти көз жаздымда калтырбай кылдат иликтеп, туура чечим чыгарышын талап кылабыз. Болбосо айыл эли үчөөнү таш бараңга алып, туугандарына да тиешелүү чара көрөбүз деп жатышат.
Кененирээк маалымат алуу үчүн Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн милиция бөлүмүнүн нөөмөттөгү кызматкерине байланышсак, ал бул окуядан кабары жок экенин билдирди.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (74)
Flander
2015-10-21 12:26:42
ХХХ ХХХ ХХХ мындай ХХХХ,адам санын көбөйтүп башка балээ кылбай.
0
admin_superstan
2015-10-21 13:16:15
Flander, этика нормаларын сактап, провокация жаратпаңыз!
0
admin_superstan
2015-10-21 17:13:24
Flander, 30 күн БАН!
Сын-пикирлерди тиешелүү дарекке жөнөтүп жүрүңүз!
0
Take_men
2015-10-22 11:47:39
Мындайларды ХХХ ХХХ кылыш керек. Болбосо 5-7 жыл берип коюшат анан 2-3 жыл отуруп амнистияга илешип чыгып кетишет
0
admin_superstan
2015-10-22 12:30:48
Take_men, провокация жаратпаңыз! Билдирүүңүз түзөтүлдү!
0
happy02
2015-10-22 16:16:25
Олум жазасын токтоосуз кабыл алыш керек!!
0
azimova90
2015-10-23 02:14:57
Мындай айбандарга олум олум жана олум башка соз жок
0
magbet
2015-10-23 08:25:41
Апасы куноолуу. баланы жалгыз таштап ичип жургон башы жок неме го. Акмак экен. Педофилдерди атып салыш керек озу болбосо кобойо берет.
0
janna95
2015-10-23 09:47:02
Бет жоктор.Аллах жазасын берсин.
0
nurik903
2015-10-23 10:36:57
аллах ыйман берсин баарыбызга ото чон куноо кийинки кундуда ойлонгула ......
0
jamal1993
2015-10-23 20:34:41
Боорум ооруп жатат байкушум десе кыйын болуптур,эх жашоо биз кайда бара жатабыз
0
alina1983
2015-10-24 09:17:30
Бери жака отуруп алып эле бизди сындатып эле койсо,наристенин тагдыры, келечеги талкаланып атат.
0
edelveis0088
2015-10-24 18:29:40
мындайларга олум жазасын киргизмейинче кайталана берет... анткени конумуш адатка айланып баражатат....
0
Uzakova.Z.A
2015-10-24 20:50:22
Мындайларга олум жазасы женил. Аларды созсуз турдо камаш керек акчасын албай, турмодо аябай кыйналышыт ушундайлар айрыкча кыз зордогондор деп уккан элем.
0
argymak.kg
2015-10-25 00:04:01
Мындай зоокурлорду ХХХ ХХХ жакшы болмок, эн жакшы жаза, башкаларга да сабак. Эч ким ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ ушул.
0
admin_superstan
2015-10-26 10:47:16
argymak.kg, провокацияга жол жок! Азырынча оозеки эскертүү!
0
admin_superstan
2015-10-26 10:57:17
Nurmatova, түшүнүксүз, маанисиз билдирүүлөргө тыюу салынган! Эскертүү!
kama_future_millioner, провокация жаратпаңыз!
0
umar12
2015-11-30 14:25:00
Биздин ата бабалар мындай шумшукторду элдин арасына алып чыгып таш менен уруп олтургон. Ошондо башкаларга да сабак болот.
0
№ 676, 16-октябрь-22-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан