Туулган күн, ар кандай той-кечелерге чакыруу алган кыз-келиндер эмне көйнөк кием деген суроого такалышат. Жөн гана көйнөктү кийип кете бербестен, ага жарашыктуу асем буюмдарды тандап, тагынуу өзүнчө искусство. Эмесе, бет түзүлүшүңүзгө, кийчү көйнөгүңүзгө жараша аксессуар тандоону үйрөнүңүз.
Ийини ачык көйнөк кийсеңиз, быйылкы мода менен моюнуңузга бермет колье тагыныңыз. Сөйкө болсо кичинекей топчу сымал болушу керек. Андан сырткары мындай көйнөк менен көлөмдүү, бирок кыска колье, шуру тагынуу зарыл. Чачыңызга кольеге жараша ободок тагынсаңыз ашыкча болбойт.
Жакасы үч бурчтук көйнөктөрдү ушундай эле үч бурчтук формасындагы узун колье, чынжырча, шурулар менен толуктаңыз. Басым моюнга жасалгандыктан сөйкө чоң болбошу керек. Тамчы же топчу түрүндөгү сөйкө тагынсаңыз жарашат.
Бир ийини ачык көйнөккө моюнга жасалга тагынуунун кажети жок. Ал эми кулагыңызга самсаалаган түрдүү фасондогу сөйкөлөрдү тагына бериңиз.
Жакасы кайык сымал (лодочка), тордолгон, ар кандай таштар бастырылган, оймо түшүрүлгөн көйнөктөр менен моюнга шуру тагынууга болбойт. Кайык сымал жакалуу көйнөккө узун, чоң сөйкө жарашат. Ал эми оймолуу, таш бастырылган көйнөктөргө тамчы сымал тунук, кичинекей сөйкөлөр туура келет.
Жакасы О сымал көйнөктөр менен кыска, тегерек, көлөмдүү моюн жасалгаларын тагынуу керек. Эгер сөйкөңүз да чоң болсо, ага кошумча чачыңызга ободок тагынсаңыз, моюндагы шуруну алып эле салганыңыз туура.
БЕТ ТҮЗҮЛҮШҮНӨ ЖАРАША СӨЙКӨ ТАНДАЙБЫЗ
Модель – "Супер сулуу-2013" Орункүл Шабралиева
Аксессуар тандоо боюнча кеңеш берген дизайнер – Аида Тойчуева
Аксессуарлар – Jannat accessories
Асыл Орозбекова
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg