Максат Надырбеков, Нурзат Токтосунованын жолдошу: «НУРЗАТТЫН КОЛУН СУРАГАНДА АНЫ АЙНЫТКАНДАР КӨП БОЛДУ»

Нурзат Токтосунова жарым жыл мурун турмуш жолуна аттанып, бактысын тапканын сүйүнчүлөгөн эле. Башында алып баруучу бактыма көз тиет дедиби, жолдошунун жүзүн жашырып, чогуу түшкөн сүрөттөрүн көпчүлүккө көрсөтпөй жүргөн. Бүгүн жолдошу Максат «чынында башында жашырынып жүрдүк, анткени биздин жашообуз кимге кызык деген ойдо болгонбуз. Бирок карасам элдер интернетте ар кимдин атын айтып эле Нурзаттын жолдошу кылып коюшуптур, бул нерсе мага жакпагандыктан ачыкка чыгууну туура көрдүк» дейт. Анда бал шириндер менен болгон маек назарыңызда.

– Үгүт иштеринде экөөңүздөр чогуу алып баруучулук кызматты аркалап жүрдүңүздөр. Айтсаңыздар, эл сиздерди чогуу көргөнгө көнүп калышыптырбы?
Максат:
– Нурзат экөөбүз партияга чейин эле той-кечелерди алып барып жүргөнбүз. Экөөбүз сахнада бири-бирибизди жакшы түшүнүшүп алып барабыз десем мактангандай болбосом керек. Негизи эле Нурзаттын эмнени ойлоп, эмнени айткысы келип жатканын жанында туруп дароо эле сезем.

– Анда азыр Нурзат айым эмнени ойлоп жатат?
М.:
– Менин сөзүмдү туура деп башын ийкеп жатат (күлүп).
Нурзат: – Ха-ха, мен ушул маекте «Супер-Инфонун» окурмандарын аяп эле коёюн деп жатам. Нурзат Токтосунованы уга берип тажап кетишпесин. Ал эми суроо боюнча, бизди эл эгер чогуу көргөнгө көнө элек болсо, көнсүн деп ниет кылып жатабыз.

– Максат мырза, айтсаңыз, Нурзат айымды жубайлыкка тандоо сырыңыз эмнеде?
М.:
– Жашоодо эң негизги бактылуулук – бул эркиндик. Мени терең түшүнгөн адамды издедим. Нурзат түшүнүктүү жан. Эгер мен эл айткандай жашыраак кызга үйлөнсөм, ал мени «кайда жүрдүң, эмне кылдың?» деп кызганып ыркыбыз кетмек. Мен Нурзатты адам катары, чыгармачыл киши катары көп жыл жанында жүрүп өтө жакшы билем. Чыгармачылыгын барктап, сыйлайм. Нурзат күчтүү, эрктүү. Ошондуктан эгер бирөө кой болсо, эки кочкордун башын бир казанда кайнатса болот экен деген жыйынтыкка келдим.
Н.: – Ошондо кой менмин да (күлүп).

– Сиз деп кайрылып жүргөн адамга сүйөм деп айтыш кыйын болдубу?
М.:
– Мен сүйөм деп айта албай көпкө күтүп жүрдүм. Күтүп жүрө берсем колдон чыгып бара жатат. Ортодо мага байланыштуу окуялар болуп кетти, ошондон кийин Нурзатты аябай жакшы көрүп калдым. Карасам эле Нурзат Орусияга кетмекчи болуп, жүрөгүн багынтууга талапкерлер көбөйүп, үгүт иштери кызуу жүрүп жатыптыр. Ошондо Нурзатка өзүмдүн программамды айтып, платформам менен тааныштырдым.
Н.: «Жыргатам, бактылуу кылам» деди (күлүп).
М.: – Ооба, 100 пайыздык добуш менен өтөйүн, коалиция болбойт дедим. Чындыгында, жеңип чыктым, эч кимге акча тараткан жокмун, таза шайлоо болду. Буюрса, бийликке келгениме 6 ай болду (күлүп). Башында Нурзатка айтканымда «шок» болду, Орусияга барып 20 күн ойлонуп келди. Айныткан кишилер толтура болду. Фейсбуктан жакшы эле жооп берип жаткан, 2-3 күн өткөндөн кийин эле жакшы жооп бербей, алыстаганга аракет кылды. Кайра жаңы программа түзгөнгө туура келди. Кыз киши баары бир бирөөлөрдөн кеңеш сурайт эмеспи. Бирок ар бир адам өзүнүн жашоосун өзү чечет, кеңеш берген адам ал кеңешти өзүнүн тажрыйбасында гана айтышы мүмкүн.

– Сиздер стереотиптерди бузган түгөй болдуңуздар, жашоодо деле ушундайсыздарбы?
М.:
– Мен мурунтан эле ушундай тетири, стереотиптерге баш ийбеген адаммын. Нурзат муну кылабыз десе, мен «жок, мындай болот» десем мени угуп калчу. Көрсө, Нурзат менин андан коркпой, өз оюмду айткан мүнөзүмдү жактырат экен. Жашоодо көбүнчө жакындарыбызга кеңеш менен кайрылабыз да. Мисалы, кандай унаа алсам деп кайрылсак, «мунун коробкасы жаман, тигинин мотору начар, бул бензинди көп ичет» деп айтышат. Айтор, аларды угуп отуруп машина албай эле койсомбу деген тыянакка келесиң. Ошон үчүн эч кимден кеңеш сурабай эле өзүңдүн билгениңди кыл, жаса. Ата-энем мага эркиндик берген, ошон үчүн ата-энеме чексиз ыраазымын.

– Нурзат айым, келиндик доорду кандай сүрүп жатасыз?
М.:
– Ичеги-карын артып жаткан видеосу бар, көрсөтөйүнбү?
Н.: – Кечээ үйгө келсем апам (ред. кайненеси) ичеги-карын артып жатыптыр. «Жардамдашайын» десем, «үйгө кире бер» деп жатпайбы. «Апа, кирип кетсем болбой калат» десем, «бүттүм, бар, кире бер» деп болбойт. Бул нерсе туш болгон үй-бүлөңдөн да көз каранды экен. Кээ бир келиндер башы менен жер казса да кайненесине жагышпайт го. Мен ушунчалык кичипейил адамдарды эч жерден көргөн эмесмин. Максаттын ата-энесинин мага кылган мамилеси үчүн абдан ыраазымын. Эки кишинин башы бириккен жерде сындашып, жамандашып калышат го. Менин кайын журтумдун бирөө жөнүндө жаман нерсе айтышканын укпадым. Келиндик доорду сүргүдөй деле иштеген жокмун. Максат экөөбүз жумуш деп эле кетип калабыз, кайра келебиз, айтор, эрке келинмин.
М.: – Чынында, башында баары «Нурзат жадакалса чай куюп бере албайт болуш керек» деп ойлошкон. Бирок ал кадимки келиндер сыяктуу эле жоолугун салынып алып тыпылдап конок тосуп жүргөндө ошентип айткандардын баарынын оозу жабылды.

– Наристелүү болууну пландап жатасыздарбы?
Н.:
– Бизден «качан балалуу болосуңар?» деп сурашса, «шайлоо бүтсүнчү» деп тамашалап калабыз.
М.: – Кудай буюрган күнү болоттур. Биз да тиленип отурабыз. Быйылкы шайлоо биз үчүн бал айындай эле болду. Нурзат экөөбүз үйлөнгөндөн бери тынымсыз иштеп жүрөбүз. Бирок шайлоодо аябай жыргадык, 1 күн концерт алып барабыз, калган күндөрү кааласак мейманканада болуп, кааласак кооз жерлерди кыдырып кетебиз.

– Жубайыңызга эркелейсизби?
М.:
– Менде өзгөчө деле эркелик жок. Кичинемде аялымды тигиндей башкарам, минтип айтам дей берчүмүн. Бирок, ишенесиздерби, азыр анын бири жок. Кечээ Нурзат чай куюп жатса, чуркап барып отургуч алып барып бергим келип кетти. Байкелеримди эми түшүнүп жатам (күлүп).

– Нурзат айым, сиз турмушка чыкканга чейин баарын өзүңүз кылып лидер болуп көнүп калгансыз. Башкаруу тизгинин жолдошуңузга өткөрүп берүү кыйын болгон жокпу?
Н.:
– Ооба бойдок кезде тытынып эле иштеп жүрдүм. Турмушка чыккандан кийин кадимкидей өзүмдү таштадым десем болот. Анткени таянчу, колдоо көрсөткөн адамдар толтура. Тескерисинче, Максатка турмушка чыккандан бери жалкоо болуп баратам. Үйдөгү акчаны бөлүштүрүү, маселелерди чечүү бүт Максаттын милдети. Ошондуктан лидерликти өткөрүп берүү боюнча оңой эле багынып бердим.

Максат: «Нурзат көчөдө ээн-эркин баса албайт, а мага баары бир, каалаган жеримде жүрө берем. Атактуулуктун адамдын эркиндигин чектеп койгону жакпайт».

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Нурзаттын жолдошу: "Жаштардын көбү өзүнөн кичүү аял алыш керек деп ойлошот"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (44)
ggvatua
2015-10-20 02:31:56
Нурзат жакшы инсан.Тоодой бакыт:))
+1
Kesh.26.
2015-10-20 02:52:58
Баары жакшы, Нурзат эжекенин орду жок кулгону эле болбосо. А так бактылуу болушсун!!!
+2
pepeshka-12
2015-10-20 12:30:12
Максат Орозумбетов беле?) Көрүнбөй калды го. Ошол алып барса сонун болмок.
+3
pakiistanka
2015-10-20 13:23:42
Men super infodogu maksat algan eken dep oilogom. Mmmmmmm jarawpai kaliwiptir.
+1
marmelad009
2015-10-21 00:24:03
сонун пара болушуптур. Бактылуу болунуз!!! Женского счастья вам...
+1
Aruushaa
2015-10-21 13:30:06
Канча жаш айырма бар?
-1
tabyshmak
2015-10-21 22:26:35
Бактылуу болгула! Силерге да Жараткан мотурайган наристелерди буйрусун.
+1
tabyshmak
2015-10-21 22:29:51
Бактылуу болгула! Силерге да Жараткан мотурайган наристелерди буйрусун.
+2
Riskul
2015-10-21 22:50:14
Бактылуу болгулааа
+1
admin_superstan
2015-10-22 10:01:20
Riskul, такталбаган маалымат жазуудан алыс болуңуз!
0
Suian
2015-10-23 11:04:58
Baktyluu bolgula
+1
Senuchunzhashaim
2015-10-23 15:58:09
Ар бир аял заты бактылуу болууга тийиш. Бактылуу болунуздар.
+1
kyrgyzstan00
2015-10-23 16:27:41
Аябай сонун,ширин уй булолордон го,бактылуу болгула,Нурзат сен бактылуу болууга тийишсин.Ар дайым багынарда бакыт кушу сайрап турсун.Форумчулар Нурзаттын канчанчы турмуш курушу,тортунчусу деп жумушта биро менен мелдешип кеттик,менин билишимче экинчиси эле го билгендер болсо айтып койгулачы.
0
Tima07
2015-10-25 00:11:06
адашпасам жигит да алып баруучубу?Нурзат эжеке кыргызстандагы №1 алып баруучу экенин билем Эмнеси болсо да бактылуу болгула,
0
Esenova
2015-10-25 09:39:37
Бактылуу болгула... ♥♥♥Нурзат айым бактылуу болууга тийиш...анткени коп кыйынчылыктырды корду!
+2
№ 676, 16-октябрь-22-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан