Малайзиядагы саясатчылар, ишкерлер чөйрөсүнө басым жасаган, 300 000ден ашык нускалуу, англис тилинде чыгуучу алдыңкы «Тhe Star» гезити Кыргызстан тууралуу 4 беттен турган кенен макала жарыялады. Анын интернеттеги сайтына күнүнө миллиондон ашуун адам баш багып, окуп турат. Малайзия мамлекетин түптөөчүлөрдүн бири, тактап айтсак, туңгуч премьер-министри болгон Тунку Абдул Рахман мамлекеттик кызматтан кеткенден кийин бул гезитти бир нече жыл жетектеген.
Мына ушундай таасирдүү басылмадан биздин мамлекетибиз тууралуу кеңири баянды көрүү, болгондо да чет жерлик жарандын жергебиздин кооздугуна суктанып бүтө албагандыгы, жетишкендиктерибизди айтып, элибиздин меймандостугуна татыктуу баа берип, «кыргыздар абдан жагымдуу эл экен» деген мактоосун угуу жүрөк жылытты.
КЫРГЫЗСТАН ТУУРАЛУУ МАКАЛА МАЛАЙЗИЯНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БАШКАРГАН ГЕЗИТТЕ
Эске салсак, ушул жылдын жай айларында Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султановдун чакыруусу менен Малайзиянын «TV3 Malaysia», «Bernama», «The Star» медиахолдингдеринин журналисттери биздин өлкөбүзгө келип таанышып кетишкен. Аталган элчи бул кызматка жаңыдан дайындалганда өз ишин Кыргызстанды дүйнөлүк аренада таанытуу менен баштай турганын билдирген эле. Бул сөздөр иш жүзүндө далилденип жатат.
Өткөн август-сентябрь айларында малайзиялык бир катар телеканалдар өлкөбүз жөнүндө репортаждарды көрсөтүштү. Малайзиядагы алдыңкы «The Star» гезити Кыргызстан тууралуу кеңири баянды жарыялады. Макалада президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү, инвесторлорду тартуу боюнча ойлору да кенен камтылган.
БИЗДИН АЙДООЧУЛАРГА МАЛАЙЗИЯЛЫК ЖУРНАЛИСТТЕН КОМПЛИМЕНТ
«The Star» гезитинин кабарчысы ОХ ЧИН ЭНГ макаласында мекенибизди «Кыргызстан Борбордук Азиядагы Швейцария» деп мүнөздөйт.
«Мага Кыргызстанга барасың деп айтышканда чынында эч нерсени элестете албадым. Мен бул өлкө жөнүндө эч нерсе укпаптырмын. Мындай аталыштагы өлкө бар экенин да билбептирмин. Толкунданып жаттым. Бирок аталган мамлекетке барып бир жума жүрүп келген адам катары ишенимдүү айта алам, Кыргызстан – өзгөчө адамдары, тоолуу пейзажы, ар түркүн маданияты бар жана бай тарыхка ээ, сөзсүз көрүп келе турган сонун өлкө...» Макала ушундай тамшануу менен башталат.
30 миллиондон ашуун калктуу, ички дүң өндүрүмү 746 миллиард долларды түзгөн (Кыргызстандын ички дүң өндүрүмү 19,2 миллиард доллардын тегерегинде) өлкөнүн жаранынын «Кыргызстанды артта калган мамлекет деп айтууга таптакыр болбойт, ал акырындап өнүгүп келе жаткан өлкө» дегени жагымдуу болду. Ох Чин Энг өз макаласында борбор калаабызды: «Бишкек – жолдору кенен, бардык ыңгайлуулуктары бар шаар» деп сүрөттөйт. Ал эми Бишкектин айдоочуларына болсо: «Эң жакшысы, айдоочуларда жөө жүргүнчүлөргө жол берген сыпайылык бар»,- деген комплимент айтып өтүптүр. Буга катар борбор калаабыздын конокторду тартуучу өзгөчөлүктөрү, анын ичинде "Ала-Тоо" аянты тууралуу сөз жүргөн. «Бул жергиликтүү эл сейилдөөчү, фестивалдар, иш-чаралар өтүүчү аянт. Ар кандай түрдөгү велосипеддерди эртеден түн бир оокумга чейин ижарага алып сейилдөөгө болот»,- дейт. Митингдер өтүп туруучу жай катары таанылган "Ала-Тоо" аянтынын мындайча сүрөттөлүшү бизге жагымдуу болду.
«ӨЗГӨЧӨЛҮК КӨРГҮҢӨР КЕЛЕБИ, КЫРГЫЗСТАНГА БАРГЫЛА!»
Ысык өлкөдөн, анан калса океан жээгинен келген журналистке биздин Ысык-Көлүбүз өзгөчө эмоция тартуулаптыр. «Кыргызстандын эң сонун аймактарынын бири – Ысык-Көл. Ал чоңдугу боюнча дүйнөдө 10-орунда, туздуу көлдөрдүн арасында эң чоң көлдөрдүн экинчиси. Тянь-Шань тоолорунун этегинде, Кыргызстандын чыгышында жайгашкан. Ысык-Көл деген (hot lake) аталышына алданбагыла, көлдүн суусу жайкысын да чучукка жетердей муздак»,- дейт. Океандын жылуу суусуна түшүп көнгөн кабарчыга биздин Ысык-Көлүбүз муздак туюлуптур.
Кыргыздардын тамак-ашы, каада-салты да позитивдүү багытта эң сонун чагылдырылган. «Кыргызстандан түркүн тамактарды татууга болот. Халал тамак-аштарын табуу маселе жаратпайт. Негизги азык – нан. Кыргызстандыктар аны тамак-аш, жер-жемиштер, сүт азыктары менен жеп, буга кошо кара же көк чай ичишет. Чайды биз суу ичкен сыяктуу эле көп колдонушат. Тооктун эти тууралуу унуткула (Малайзияда эң көп желчү эт тооктун эти). Бул өлкөдөн силер уйдун, койдун, топоздун, керек болсо жылкынын этин татып көрөсүңөр. Буга катар суусундуктардан кымызды, тамактардан куурдак, спагеттиге окшош улуттук тамак беш бармакты даамдап көрүүгө болот. Ошондой эле дандан жасалган жарма суусундугун да ичип көргүлө»,- деп сунуштайт кабарчы.
Ох Чин Энг өз макаласында кыргыздын боз үйү, Ат-Башыдагы «Таш-Рабат» комплекси, Токмоктогу Бурана, Ала-Арча капчыгайы, Сары-Челек, Сулайман-Тоо, Жети-Өгүз аймактары тууралуу да маалымат берип өткөн. Ошону менен катар даараткана маселесин эскертет. «Даяр болгула. Айрым жерлерде абдан эле примитивдүү дааратканага туш болууңуз мүмкүн»,- дейт ал.
«Малайзиядан Кыргызстанга баруу үчүн виза талап кылынбайт. Эгер силер өзгөчө пейзажды жана адамдарды көргүңөр келсе, азыр эле камданып баштагыла»,- дегени мекенибизге туристтердин кызыгуусун ойготуучу жакшы чакырык болду.
«ИНВЕСТОРЛОР МАМЛЕКЕТ ТАРАБЫНАН КОРГОЛОТ!»
Эске салсак, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султановдун чакыруусу менен келген малайзиялык журналисттер өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Ох Чин Энг бул жолугушуу тууралуу мындай дейт: «Кыргызстан менен Малайзиянын Эгемендүүлүк күнү бир күндө, 31-августта белгиленет. Президент Алмазбек Атамбаев жолугушууда Малайзиянын аба каттамдарынын Кыргызстанга чейин кеңейүүсүн колдой турганын билдирди. Өлкө башчысы Кыргызстан либералдуу мыйзамдарга ээ, салыгы төмөн, жашоо шарт арзан, инвестиция жасоого эң ыңгайлуу өлкө экенин айтып өттү. «Биздин өлкөдө ишкерлик менен алектенүү, өнүктүрүү оңой болот. Товарлар башка Борбор Азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу арзан, электр энергиясы да, жумушчу күчүнүн баасы да арзан. Биз коррупция менен олуттуу күрөшүп жатабыз. Инвесторлор өкмөт тарабынан коргоого алынат»,- деди ал.
Кабарчы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов инвесторлорго кайсы тармактарга каражатын сарптап, пайда табууга болоруна кеңеш бергенин айтат: «Элчи Кыргызстандын аймагынын 90 пайыздан ашуунун тоолор ээлеп жана анда пайдалуу кендер көп болгондуктан, тоо-кен өндүрүшү тармагы, андан тышкары чоң жана чакан ГЭСтерди куруу, кар көп жаагандыктан кышкы туризмге инвестиция алып келүү алардын да кызыкчылыгын актайт. Кыргызстанда ошондой эле заманбап медициналык тейлөө көрсөткөн борборлор аз, бул тармакка да инвесторлор көз салса болот дейт».
Мына ушинтип Кылычбек Султановдун Кыргызстанга Малайзиядан туристтердин жана ишкерлердин агымын буруу, ошону менен өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн көрүп жаткан иш-аракеттери минтип Түштүк-Чыгыш Азиядагы өнүккөн мамлекеттин эң алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдырылып жатат. Кыргызстанды мурда-кийин угуп көрбөгөн малайзиялык кабарчынын макаласында берген таасири менен аталган өлкөнүн саясатчылары, ишкерлери, дегеле калкынын активдүү катмары Кыргызстан тууралуу баянды окуп, биздин мамлекетибизге кызыгуусу артат деген ишеничтебиз.
Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg