15-октябрь күнү Боршайком парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады. Аны менен кошо коалиция кайсы партиялардан курулушу мүмкүн экендиги да белгилүү болуп баштады.
БАБАНОВ МЕНЕН ТАШИЕВ ТИЗМЕДЕН 70 КИШИНИ «КУУП» ЧЫКТЫ
Шайлоонун расмий жыйынтыгы боюнча, республикалык жана аймактык босого чектен 6 партия өттү. Жеңген партиялар тизмесиндеги талапкерлерин кошкон акчасы, алган добуштары жана башка эмгегине жараша сорттоого киришкен эле. Тизмеде ылдыйда жайгашкан талапкерге мандат берүү үчүн жогоруда тургандар өз ыктыяры менен тизмеден чыгуу же мандаттан баш тартуу боюнча арыз жазып, ордун бошотуп берүү керек.
Тизмеден талапкерлерди чыгаруу боюнча «Республика-Ата Журт» рекорд коюп жатат. Аталган партиянын катарынан чыккандардын саны 70 кишиге жетти. Жыйынтыктын эсеби боюнча, Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев баштаган партия 28 мандат алды.
«Кыргызстан» партиясынын мандат алуучу тизмесинен чыккандардын саны 45 киши болду. Канатбек Исаев жетектеген партияга 18 мандат тийди.
«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмесинен 16 талапкер чыкты. 13 мандат алгандардын ичинен Жогорку Кеңештин депутаты Назарали Арипов өз каалоосу менен ордун бошотту.
«Бир бол» партиясынан негизинен аялдар депутат болуудан баш тартышкан, анын бири диктор Лунара Мамытова. Алтынбек Сулайманов баштаган партияга 12 кресло бөлүндү. 11 мандатка араң илинген «Ата Мекендин» тизмесинен Жоомарт Оторбаев менен Асия Сасыкбаева чыкты. Ал эми эң көп мандат, тагыраагы, 38 орунду багындырган КСДПнын катарынан 3 талапкер чыкты.
КОАЛИЦИЯ КАЙСЫ ПАРТИЯЛАРДАН КУРАЛАТ?
Учурда көп сөз болуп жаткан конфигурациялардын арасынан КСДП, «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата Мекен» деген версия ишке ашчудай болуп турат. Мындай биригүүдө КСДПга салыштырмалуу 2-3 эсе аз мандатка ээ болгон үч фракция өкмөт башчылыкты талап кылбашы мүмкүн. Анда бийликти бөлүштүрүүгө 80 депутат аралашса, оппозицияда «Республика-Ата Журт» менен «Бир болдун» 40 эл өкүлү калат. «Ата Мекен» оппозицияда калат деген пикирлер алгач басымдуу болчу. Өмүрбек Бабанов менен кошо Өмүрбек Текебаевди да оппозицияда калтыруу бийлик үчүн бир топ түйшүк болору анык. Ошондуктан жогорудагыдай версия чындыкка жакын.
КИМ ПРЕМЬЕР БОЛОТ?
Жогорку Кеңештин VI чакырылышына кезинде өкмөт башчы болуп иштеген 3 депутат келген жатат. Алар: Кубанычбек Жумалиев, Игорь Чудинов жана Өмүрбек Бабанов. Марага экинчи болуп келген «Республика-Ата Журттун» тең төрагасы Өмүрбек Бабановдун премьер-министр болууга дымагы да, каалоосу да күч. Атүгүл коалицияга кирүүгө кызыкдар экенин шайлоо өткөндөн кийинки күнү эле билдирген. КСДП аны коалицияга кошсо, Бабановдун командасы премьерлик орунду талап кылары анык. Премьер катары Бабанов Конституцияда жазылган бардык укукту пайдаланып, өз алдынча иштейт. Ал эми анын өз алдынчалыгы КСДПга жакпашы мүмкүн.
Жеңишке жетишкен партиялардын ичинен «Кыргызстандын» лидери Канатбек Исаев да премьер болушу мүмкүн деген кептер айтылууда. Анткен менен өзүнүн креслосун сактап калууга Темир Сариев аракет кылары турган кеп. Азыркы өкмөт башчы шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн садагага чапкан. Эгер ага алдын ала кепилдик берилбесе, мындай кампаниядан сыртта калмак эмес. Демек, анын премьерлик креслосун сактап калуу мүмкүндүгү жогору.
Биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашевге келсек, анын салмагы парламенттик шайлоону жаңы систем менен өткөргөндөн кийин бир топ өстү. Азыр анын мүмкүнчүлүгү Темир Сариев менен тең тайлашып турат.
Мирлан Өмүралиев,
Эльвира Караева
politika@super.kg