Кыргызстандын коргоо министри Абибилла Кудайбердиевге жана министрликтин бир катар жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголуп, президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Абибилла Алымович кызматынан бошотулду.
УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын маалыматына таянсак, коргоо министри Абибилла Кудайбердиевдин буйругу менен «Аскер курулушу» ишканасына министрликтин атайын каражаттарынын эсебинен 12 миллион сом бөлүнгөн. Андан 2 миллион сом «Ояма», 3 миллион сом «Айти-Булак», 7 миллион сом «ЖКХ Коммунальщик сервис» ишканаларынын эсебине, алар «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасына 58 миллион 618 миң дебитордук карызы бар экенине карабай берилген. Ошондой эле аталган фирмалардын директорлору «Аскер курулушта» айдоочу, цехтин мастери, сантехник болуп иштеп келишкени белгилүү болгон.
Мунун негизинде Абибилла Кудайбердиевге жана Коргоо министрлигинин бир катар жооптуу кызматкерлерине карата «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «кызматтык жасалмачылык», «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу» беренелери менен кылмыш иши козголду. Эске салсак, бир ай мурун УКМКнын коррупцияга каршы кызматы «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын башкы директору К.Колжоев Коррупцияга каршы кызматтын кызматкерине бир катар аскер объектеринин курулушунда кеткен катачылыктар боюнча фактыларды текшерүүнү токтотуу үчүн 10 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалган. 5-октябрда болсо коргоо министринин орун басары болуп келген Нуркалый Жумабаев кызматынан алынып, ага карата «мыйзамсыз баюу» беренеси менен иш козголгон. Жумабаев кирешелери тууралуу декларацияга ага жана туугандарына тиешелүү болгон 5 автоунаа, 2 жер үй, 2 квартира, коттеджи бар жер тилкесин, адам жашабаган 2 имаратты көрсөтпөй койгон. 2014-жылдын ноябрь айында Жумабаев Коргоо министрлигинин имаратынан чыгып жатканда бутунан жаракат алган. Мындан улам ал өзүнүн демилгеси менен кызматтык иликтөөнү дайындаган. Кийин ага «кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурда жаракат алган» деген жыйынтык менен камсыздандыруу суммасын төлөө боюнча коргоо министринин буйругу чыккан. Кийин камсыздандыруу төлөмдөрүн мыйзамсыз алууга жалган документтер даярдалганы аныкталган.
Абибилла Кудайбердиев «мен күнөөлүү эмесмин, бул бирөөнүн буйругу» деп билдирди. Экс-министр ага карата кылмыш иши мыйзамсыз козголгонун жана УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы менен соттошорун айтты. Эске салсак, Кудайбердиев 2014-жылдын апрель айынан тарта министрлик кызматты аркалап келген.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg