АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни президент Алмазбек Атамбаевге 14-октябрда ишеним баракчасын тапшырды. Өлкө башчы: «Сиздин дайындалышыңыз эки өлкө ортосундагы сүйлөшүүгө жана эки тараптуу иштешүүгө жаңы дем берет деген үмүттөмүн. Кыргызстан менен АКШ мамилеси бири-бирине ишенүүчүлүк, сый менен курулушу керек. Кыргызстан буга өзгөчө маани берет»,- деп билдирди.
Президент менен кыргыз тилинде саламдашкан Шейла Гуолтни Кыргызстанда иштеп жатканына сыймыктанарын айтты. Андан соң журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: «Мен жана биздин команда Кыргызстан менен АКШнын мамилесин тереңдетүүгө аракет кылабыз»,- деген оюн айтты. Буга катар элчи учурда кыргыз тилин үйрөнүп баштаганын маалымдады.
Мирлан Өмүралиев,
Эльвира Караева
politika@super.kg