БИР БҮРКҮМ

  • Бишкектеги ТЕРРОРДУК ОПЕРАЦИЯДА кыйраган 5 үйдүн экөөсү кайрадан курулуп, 14-октябрда ачкычтары үй ээлеринин колуна тапшырылды.
  • БАЯМАН ЭРКИНБАЕВДИН 21 жаштагы уулу Адилет алыш күрөшү боюнча Эл аралык федерациянын вице-президенти болуп шайланды.
  • 2015-жылдын 1-октябрына карата 3 жылга «КАРА ТИЗМЕГЕ» кирип, арадан 1,5 жыл өткөн 41 639 адамга Орусиянын аймагына кирүүгө уруксат берилди. Бул мүмкүнчүлүктөн 28 360 кыргыз жараны пайдаланды.
  • ОРУСИЯДА Улуу Жеңиштин 70 жылдыгынын урматына карата жарыяланган мунапыска аталган өлкөдө абакта жаткан 89 кыргызстандык илинди. Орусия абактарындагы кыргызстандыктардын саны 1508 киши.
  • 15-октябрдан тарта Бишкектин көчөлөрү айдоочулар үчүн бир тараптуу болду. Алар: КИЕВ, МОСКВА,ТОКТОГУЛ, БӨКӨНБАЕВ көчөлөрү.
  • 2015-жылдын 9 айында Кыргызстанда жаш балдардын ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА кабылышы боюнча 164 факт катталган. Анын 19у зордуктоого байланыштуу.
  • ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК тесттен алган алтын сертификаттарын 30 абитуриент колдонушкан жок. Бул сертификатты алгандар Кыргызстандагы каалаган окуу жайына өтө алышмак.
  • 2015-2016-окуу жылында педагогика жана айыл чарба багытында билим алууга каралган бюджеттик орундардын көбү бош бойдон калды. Жалпысынан 837 БЮДЖЕТТИК орун бош калган.
  • Ян Аткинсондун ордуна «ЦЕНТЕРРА ГОЛДДУН» башкы аткаруучу директору болуп Скотт Перри дайындалды. Скотт Перри компаниянын юристконсультанты жана корпоративдик катчысы болуп иштеп келген.
  • Жакынкы арада Украина менен Кыргызстандын ортосунда ТҮЗ АВИАКАТТАМ ачылат. Муну менен кыргызстандыктар Европага Киев аркылуу да уча алышат.
  • 15-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Президенттик аппараттын мурунку башчысы ДАНИЯР НАРЫМБАЕВ жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча соттук отурум өткөздү. Анын жүрүшүндө КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков, Жогорку Кеңештин депутаты Нургазы Айдаров, Жогорку Соттун төрайымынын мурунку орун басары Канат Турганбеков суракка алынды.

Мирлан Өмүралиев,
Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 676, 16-октябрь-22-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан