Парламенттик шайлоодо утуп чыккан партиядан депутат болчуларга 2 миллион 682 миң сом каражатка кресло алынары белгилүү болуп, коомчулук буга активдүү каршылыгын билдирди. Социалдык тармактарда «#120кресло#уят барбы# менинотургучум» деген хэштеги бар флешмоб башталып кетти. Флешмобдо ар ким өзүнүн жөнөкөй отургучун сүрөткө тартып, муну менен жогорудагыдай чыгымдуу иш-аракетке каршылык көрсөтүштү. Парламентке барчу Жанар Акаев, Эльвира Сурабалдиева өңдүү жаштар да 2 миллион сомдон ашык каражатка отургуч алууга каршы экенин билдиришти. Ал эми «Рак оорусуна каршы кыймылы» отургуч алуу үчүн жумшала турган акчаны онкологиялык борборлорду жаңы жабдыктар менен камсыздоого коротууну сунуштап, кол топтоп баштады.
Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын эски отургучтар жетим балдар үйүнө берилет деген маалыматы нааразычылыкты ого бетер күчөттү. Негизгиси, коомчулуктун активдүү пикиринин жыйынтыгы жаман болгон жок. Мамлекеттик сатып алуулар сайтына жалаң булгаарыдан жасалган, 120 килограммды көтөрө алчу 120 кресло сатып алуу боюнча 2-октябрда жарыяланган тендер спикер Асылбек Жээнбековдун буйругу менен токтотулуп, депутаттар мурунку отургучтарды колдоно турган болушту. Коомдун каршы пикиринен улам максатсыз чыгымдарды токтоткон учур Кыргызстанда биринчи болуп жатканын да баса белгилей кетүү керек. Башкысы, коомчулук кайдигер болбосо, жыйынтык чыгарууга болот.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg