ЧАНДА КЕЗИГҮҮЧҮ ООРУЛАР

Миң, алтургай миллион адамдын биринде гана жолугуучу чанда кезигүүчү оору түрлөрү бар. Андай оорулардын саны 8 миңдей жана көпчүлүгү изилденип бүтө элек. Айыкпай турган түрлөрү да бар. Мезгил өткөн сайын улам жаңы оору түрлөрү да жаралып жатат.

ОСТЕОГЕНЕЗ ООРУСУ
Аталган оору илимде кемчиликтүү остеогенез, ал эми элде айнек сымал сөөк оорусу деп аталат. Тукум куучу ооруга кирет. Мындай оору менен төрөлгөндөрдүн сөөктөрү өтө морт келет. Кокус чалынып жагылса, бир нерсеге уруп алса эле колу, буту же башка сөөгү сынып кала берет. Сөөктөрү ичкерип, ийри тартып кеткендер да кездешет. Мындай дарт менен ооругандардын буту улам сынуунун айынан кыскарып жүрүп отурат.

ГОШЕ ООРУСУ
Бул тукум куучу оору менен чанда бирөө ооруйт. Оорунун натыйжасында остеопороз (cөөктүн борпоңдугу) жана анемия келип чыгып, сөөктөр өзгөрө баштайт. Көк боор, боор чоңоюп жүрүп отурат. Оору өнүгүп кетсе, көк боорду алып салууга туура келет. Мындай диагноз менен төрөлгөн адамдар үзбөй дарылануусу керек. Эгер керектүү дары жок болуп дарылануу аз күнгө токтоп калса, анда оору дароо өнүгүп кетет. Оорутууну наркотикалык дарылар да баса албайт. Андыктан дары мындай оорудан жапа чеккендерге Кудайындай болуп калган. Эгер адам үзбөй дарыланса, кадимки адамдардай жашоо кечире берет.

ӨПКӨНҮН ГИПЕРТЕНЗИЯСЫ
Оору аягына чейин изилденип бүтө элек. Изилдөөлөргө караганда, тукум куубайт. Бирок адам бул оору менен тубаса төрөлүп калышы мүмкүн же оору кийин бир нече илдеттин айынан келип чыгат делет. Миллион адамдан эки-үчөө ооруйт. Оорунун белгилери болуп абанын жетишпестиги, алсыздык, аба жетпей муунуу, акыл-эсти жоготуу эсептелет. Диагноз коюу кыйын болгондуктан, дарыгерлер алгач кургак учук деп дарылоолору мүмкүн. Оору өнүгүп кетсе, эки өпкөнү тең алмаштыруу керектелет. Мындай операция болжолдуу түрдө 300 миң еврону талап кылат.

РИНОФИМА
Бул ооруда мурундун учу менен таноолорунун үстүн каптап турган тери өсүп кетет. Оору көбүнчө 40-50 жаштардагы эркектерде кездешет. Изилдөөлөргө таянсак, ринофиманын келип чыгуусун ичкиликти көп ичүү, ичеги-ашказандын өнө­көт оорулары, суукта көп жүрүү жана начар экология шарттайт. Демек, оору кийин келип чыгат. Оору акырындап өнүгүп, теридеги кан тамырлар кеңейип, май бездери тегиз чоңоёт. Андыктан мурундун формасы өзгөрүп, быткыл тартат. Теринин өңү кочкул кызыл, көгүш-кочкул кызыл же сыя өңгө өтөт. Ооруну дарылап айыктыруу мүмкүн эмес. Андыктан операция жасоо менен гана айыктырууга болот.
Оорулуу убагында дарыланбаса, оорусу билинбей залалдуу шишикке да өтүп кетиши мүмкүн. Ринофима менен болжолдуу түрдө 5000 адамдын ичинен бирөө ооруйт.

ЛЕЙЦИНОЗ
Тукум куучу оору. 120 миң адамдын ичинен бирөө бул оорудан жапа чегет. Оору организмде ферменттер (клеткалар иштеп чыгарган органикалык зат. Бул зат организмдеги заттардын алмашуусуна катышат) системасынын активдүүлүгү төмөндөгөндө же аталган ферменттер таптакыр жок болуп калганда жаралат. Натыйжада оорулуунун денеси да, акыл-эси да өспөй калат. Денеде керексиз заттар топтолуп калгандыктан, заарасы зараң (клён) ширеси сымал жыттанат. Андыктан оору зараң ширеси оорусу деп да аталат. Оорунун белгилерине кандын курамындагы канттын азаюусу, кан басымдын төмөндөшү, кусуу, инсулиндин жетишпестиги эсептелет. Оору өнүгүп кетсе, адам комага учурайт. Дарылоо абдан кыйын болгондуктан, оорулуулардын көбү өлүмгө кез келишет.

ВИЛЬСОН-КОНОВАЛОВ ООРУСУ
Бул тукум куучу оору менен 100 миң адамдан орточо эсеп менен үчөө ооруйт. Оору цирроз (боорду берч басып кетүү)же гепатит же боор оору сымал башталат. Тукум куучу ооруга кирет. Илдеттин башкы белгиси болуп, организмде жездин алмашуусунун бузулушунан улам ички органдарда жездин ашыкча топтолуп калуусу эсептелет. Оору башталганда аны өнүктүрбөй кармап калууга болот. Эгер оору өнүгүп кетсе, дарылоо натыйжасыз.

ГЕМОФИЛИЯ
30 миң адамдан экөө ооруйт. Гемофилия – кандын уюбашы. Негизи, кан акканда бир нече убакыттан соң кан уюп, кан агуу токтойт. Ал эми аталган ооруда кан оңой уюбайт. Демек, кан агуу оңой менен токтобойт. Оору муундарга, ткандарга жана ички органдарга кан куюлуу менен шартталат. Тукум куучу оору. Каксыз айыктыруу мүмкүн эмес. Бирок адам дайыма дарыланып турса, кадимки адамдар жашаган жашка жете жашайт.

КАТАПЛЕКСИЯ
Бул ооруда шаттануу, ачуулануу, таң калуу, алтургай бир аз кейүү да бүт дененин булчуңдарын алсыздандырып, эстен танууга жеткирет. Кээ бир ооруларда мындай көрүнүш 1 суткада 40 ирет деле кайталанышы мүмкүн. Оорулуу күтүлбөгөн жерден заматта уктап калып, ойготуу кыйынга турат.
Дарылоо түрдүү ыкмада жүргүзүлөт. 75 миң адамдан бирөө аталган оорудан жапа чегет. Изилдөөлөргө караганда, оору кийин пайда болот.

ЦИСТИНОЗ
Тукум куучу бул ооруда организмде цистиндин кристаллдары (белоктун курамындагы зат) баш сөөктө, боордо, бездерде, көздүн чечекейинде топтоло берет. Натыйжада дене таш сымал катып калышы мүмкүн. Андыктан оорулуулар дарылар аралашмасын үзбөй алуулары керек. Дүйнөдө 100 миң адамдан бирөө аталган оорудан жапа чегет.

АНГИДРОЗ
Бул тукум куучу илдеттен жапа чеккендер оорутууну сезишпейт жана организминде тер бөлүнүп чыкпайт. Тери кургап, одуракай тартып турат. Адамдын тамакка табити тартпай арыктайт. Күнгө күйүүгө бат кабылышат. Ооруда алгач тери алдындагы май клеткаларында калыңдоолор пайда болот. Убакыт өтүп, ал жерлерде чоңдугу жумурткага дейре жеткен шишикчелер жаралат. Шишикчелер чыккан жердин териси көөп, кызарып, анан шишиктин ортосу жумшарат. Анан ал жерлерден ириң агат. Оору катуу оорутуу, чыйрыгуу, баш оору, шалдыроо менен коштолот. Кусуу, көңүл айлануу да келип чыгат. Дары-дармек жана операция аркылуу айыктыруу жолдору бар. Ангидроз чанда кезигүүчү оору түрүнө киргендиктен, 10 миң адамдын ичинен экөөндө гана жолугат.


Силер билесиңерби?

ДҮҮЛҮККҮҢ КЕЛСЕ, ТАМАНЫҢДЫ МАССАЖДА!

Байыркы кытайлыктар жашоодон рахат алуу үчүн денени, анын ичинен таманды массаждоо керек экендигин билишкен. Көрсө, буттагы баш бармак менен экинчи манжанын ортосунан боор сызыгы башталат экен. Бул сызык бир гана боор менен байланышта болбостон, жыныстык органдар менен да байланышта. Эгер бул сызыктагы чекиттерди массаждаса, адамдын сексуалдуулугу кескин жогорулайт.
Чыпалактын алды жагынан табарсык сызыгы башталат. Бул сызык тамандын капталынан жүрүп отуруп согончокко жетет. Сызыктагы чекиттерди ар дайым массаждап жүрүү менен төшөктө кошулуу убактысын 2 эсеге дейре узартууга болот. Демек, төшөктөгү өнөктөшкө унутулгус түн тартуулоого болот.
Таманда экинчи жана үчүнчү манжанын ортосунда сырткы жыныстык органдардын аймагы жайгашкан. Бул аймакты массаждоодон оору басаңдап, кан айлануу жакшырат. Беттин териси жылмакай тыртып, адам өзүн сергек сезет. Эң башкысы, төшөктөн рахат алууга болот.
Тамандан мындай чекиттерди табуу кыйын эмес. Сөөмөйүңүздүн учу менен көрсөтүлгөн орундарды басуу аркылуу кандай сезимдерге ээ болоруңузду байкап көрүңүз. Анан акырындап массаждаңыз.


Элдик медицинадан

УНУТЧААКТЫКТЫ КАЛТЫРУУ ҮЧҮН...

Бөтөлкөнүн үчтөн бир бөлүгүн тазалап, кесилген сарымсак менен толтуруу керек. Үстүнө арак же 50-60 градустагы спиртти куюу кажет. Күнүгө бир маал чайкап туруу менен, 14 күн караңгы жерге сактоо ылайык. Анан күнүгө 3 маал тамак алдында муздак суусу бар кашыкка 5 тамчыдан тамчылатып ичүү сунушталат.
Мындай даяр тундурма унутчаактыкты калтыруудан тышкары ашказанды тазалап, көтөрүлгөн кан басымды тө­мөндөтөт.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Tokmok
2010-01-31 18:59:06
ӨПКӨНҮН ГИПЕРТЕНЗИЯСЫ: Bul ooru boiuncha dagy koburook maalymat berip koiushunardy suranam. jana kandai ykmalardy koldonso bolot aiygyp ketuu uchun?
Aldyn ala choon rahmat...
0
№ 377, 22-28-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан