Бул аптадагы окуялардан улам Кыргызстанда абактан качуу кылмышкерлер үчүн түккө арзыбаган көрүнүшпү деген кооптуу ой жаралууда. 9 өзгөчө кооптуу кылмышкер камалып турган жайынан качып, анын бешөө кармалса, төртөө качып кетти...
Эсиңиздерде болсо, ушул жылдын июнь айында жатак абактан качып чыккан казакстандык 2 жаран милицияга куралдуу каршылык көрсөтүп, бири өзүн өзү жардырып жиберген. Алардын Бишкекте жардыруу уюштуруу пландары бар экени, Ислам мамлекети террордук тобунун мүчөлөрү болгону кийин гана билинди. Депутат Руслан Шаботоев жана Жусупжан Жээнбековдун уулу Бактияр Амиражановдун өлүмүнө шектелген Жумабек Зикирбаевдин тобу 2010-жылы Жаза аткаруу кызматынын кызматкерин атып, Биринчи Май райондук сотунан качып кетишкен. Кийин кармоо учурунда каршылык көрсөтүлүп, Зикирбаев окуя болгон жерде каза тапкан. 2012-жылы Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси, улуттар аралык каршылыкты козутту деп соттолгон Акмат Бакиев жатак абактан качып кеткен. Бул окуя коомчулукта резонанс жараткан болчу. Ошол убакта депутат Анвар Артыков Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып: «Бир адамды кайтара албаган кандай мамлекетпиз? Жатак абактан 1200 киши качып кетиптир»,- деп чебелектеген. Андан бери абал жакшы жакка өзгөрдү деп айтууга болбойт.
2014-жылдын октябрь айында да Александр Саякин аттуу кылмышкер жатак абактан качып кеткени качан ал милициянын опер кызматкери 28 жаштагы Бакытбек Сыдыгалиевди атып өлтүргөндөн кийин маалым болгон.
Ал эми мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин изин суутуп кеткенин коомчулук али унута элек. Башкалардан айырмаланып Батукаев оорусун шылтоо кылып, өлкөдөн «мыйзамдуу» чыгып кеткен. Бирок анын «мыйзамдуу» качуусу жогорку эшелондогу кызмат адамдарынын бетине көө жапкан.
Чет жерлик кылмышкерлер Кыргызстанга келип өздөрүнө паспорт жасатышканы да бизге чоочун көрүнүш эмес. Азыр Жаза аткаруу кызматына доо коюп, аларды күнөөлөө туура эмес. Себеби Союз мезгилинде курулган абактардын эскилиги жеткени, коррупция, кызматкерлердин татыктуу айлык акы албагандыгы жаза аткаруу кызматынын жөнөкөй кызматкери чече ала турган маселе эмес. Маселени чеччү башкалар.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg