ЖЕЗДЕМЕ ТУРМУШКА ЧЫГУУМДУН СЫРЫ

ҮЙЛӨНҮҮ ТОЙ

Биздин үйбүлөдө эки гана кыз элек. Атабыз көп жыл мурун кайтыш болгон. Караан тутканыбыз жалгыз апабыз бар. Ушундан уламбы, Касиет эжем экөөбүз бири-бирибизге аябай жакын чоңойдук. Экөөбүздүн бири-бирибизден жашырган сырларыбыз жок болчу. Бир күнү Касиет үй­гө жүзү жаркып кирип келди.
– Билесиңби, эмки айда Бакыт экөөбүз үйлөнмөй болдук...
– Ыя? Чын элеби?
Алгач негедир делдейе түштүм. Анан сүйүнгөнүмдөн ордумдан тура калып эжемдин бетинен өөп-өөп жибердим. Чындыгында эле Бакыт байке биздин үйдөгүлөр үчүн эң жакын адам болуп калган эле. Эжем экөө ээрчишип бара жатканда бирине-бири кыналыша өскөн ак кайыңдай көзгө сүйкүм көрүнүшчү. Дилимде эжемди андан башка адамга ыраа көрө алчу эмесмин. Ошентип, той болоор күн да келип жетти.
Ошол күн менин жашоомдо эң бактылуу күн эле. Апакай көйнөк кийген эжемдин көздөрүнөн бакыт шооласы чачырап турду. «Бири-бирине жарашкан кандай бактылуу жандар. Аттиң, мен дагы жездемдей бир жакшы адамдын келинчеги болсом...» деп кыялданып жаттым. Ошол учурда эжемдин ордуна көзү­мө ак көйнөк кийген өзүмдү элестетип алып «селт» дей түштүм.
– Барчын, мынча эмне катуу ойлонуп?..
Артымды карасам эжем менен жездем менин жаныма келип күлүп турушкан экен.
– Мындан ары биз бир тууганбыз. Билесиңби, мен ар дайым сендей татынакай жароокер карындашым болсо деп ойлоор элем. Касиет аркылуу сендей карындаштуу да болдум.Ушундайбы?- деди жездем эжеме карап.
– Албетте... Барчын дагы сени агасындай көрөт...
Касиет эжем мени жаракөрлөнө өөп калды.
– Келгиле, анда үчөөбүз ар дайым бир тууган болуп айрылышпай жүрөлү,- деп жездем экөөбүздүн тең колубуздан жетелей берди. Аттиң ай, көрсө, ошол учурда өзүбүз байкабай тагдырыбызды чиелештире байлап жаткан экенбиз.

КЫРСЫК

Ошентип, жездем биздин үйбү­лө­нүн эң жакын адамы болуп калды. Эркек баладан көзү каткан апам жездем дегенде ичкен ашын жерге койчу. Жездемдин адамгерчилиги, боорукерлиги, илбериңки мамилеси да бизге аябай жакчу. Бир күнү Касиет эжем келип калды. Көзү ойноктоп бир купуя сырын ичке батыра албай жаткандай.
– Барчына, бир жакшы жаңылыгым бар...
– Кана айт, эмне болду?- дедим мен дароо эле.
– Сен таап көрчү,- дейт ал кыткылыктап...
Мен жоромолдорумду айтсам бирин да жаратпай башын чайкайт... Чыдамым кетип басып алып кытыгылап кирдим. «Айт дейм... Айтпасаң бооруңду эзем» деп жаттым. «Барчына, биз Бакыт экөөбүз жакында балалуу болобуз.»
Кубанганымды айтпа, кыткылыктап шаңдуу күлгөн эжемди боорума кысып жибердим. Ошентип, арадан убакыт өтүп, алар уулдуу болушту. Экөөнүн бактысында чек жок.
Бирок, бир каргашалуу күнү биздин үйбүлөнү кайгынын бороону ба­сып калды. Апам экөөбүз үйдө элек. Аңгыча телефон шыңгырап калды.
– Алло...
– Барчын, Касиет жол кырсыгына кабылып... Абалы оор... тез келгиле...
Колумдан телефонум ыргып кетти.
– Эмне өңүң купкуу? Тынччылыкпы?- деп үрпөйүп келип калган апам­ды карай албай терс бурулдум. Аалам капкараңгы болуп калгансыды. Көрсө, баласына сүт алам деп дүкөнгө чуркап бара жаткан эжемди жолдон катуу өтүп бара жаткан машина коюп кетиптир.
Көз жашын төккөн апам экөөбүз тез эле ооруканага жетип келдик. Жездем баласын бооруна кысып коридордо басып жүргөн экен.
– Эмне деп жатышат?- дедим мен мүңкүрөгөн жездеме тигилип...
– Билбейм, айтпай атышат...
Жездем теңселе түштү. Колунан көзүн бакыраңдаткан кичинекей Дастанды ала койдум.
– Барчын... ал...
Жездем эч нерсе дей албай көз жашын төгө берди. Анын коркунучтан алайып кеткен көздөрүнөн үмүтү үзүлүп бара жатканын сездим.
– Жок!- кыйкырайын десем үнүм чыкпай муунуп бара жаттым. Бирок, тагдырга баш ийбегенге арга жок эле.
Касиетти эки айдан кийин чыгарып кеттик. Өлүктөн айырмасы жок сулк дене гана жатат. Жүлүн катуу жабыркагандан улам «кома» абалында жата берээрин, кийин бутуна туруп басып кетиши күмөн экенин айтышкан эле догдурлар. Кайгыдан баса албай калган апамды, боору толгонгон жездемди, али эч нерседен капары жок Дастанды карап көз жашым төгүлүп отура бердим.

АЙЫПСЫЗ СҮЙҮҮ

Ошентип, жылдар жылып, күн айга алмашып жашап жаттык. Кайгыдан өйдө боло албай жүрүп апам көз жумду. Касиеттин абалы мурункудан жазган жок. Апам каза болгондон кийин жездемдин үйүнө биротоло келип жашап калдым. Анткени, Касиетти багуу бир туугандык парзым эле. Эжемди карап, уулун чоңойтуу менин милдетим деп тү­шүн­гөн жаным жылдар өтүп бара жатканын туйбай да калган экемин. Бирок, аял аял экенин сезүү үчүн сүйүү керек экен. Кийинки кездери өзүм жөнүндө көп ойлочу болдум. Үй­гө баргым келбей, оору, өксүк, арман деген нерселерден алыс бол­­гум келчү болду. Жалындаган жаштыгымды түйшүктүү күндөр менен өткөрүп жиберген экем.
Анан... бир күнү жүрөгүмдү жылыткан андай адам да табылды. Бирок...
Үйгө кирип келе жаткам. Алдымдан чыга калган жездемдин өңү кумсарып мени тиктеп калды.
– Кайда жүрөсүң?- деди ал мени демите.
Оозумдан кебим түшүп калды. Канча жылдан бери биринчи жолу мага үнүн көтөрүп сүйлөшү эле.
– Жезде, мен... мен...- деп мукактанып калдым.
– Кайда жүрдүң дейм?..
– Сейилдеп...
– Ким менен?
Чыйрыга түштүм. Бир чети ызаланып да кеттим. Терс бурула берген мени каруудан алды. Жездем аягандай, кыйбагандай карап турган экен. Акырын үн катты:
– Барчын... мен сени эч кимге ыраа көрбөйм... Мен...
Оо, Кудай, эмне деген турат? Денем калтылдап, дароо колумду тартып алып өз бөлмөмө кире качтым. Бук болуп калган экем, көпкө ыйладым... Бирок, турмуш дагы да ийинден жулкуп тургузду. Дастанды бакчага даярдашым керек... Касиетке дары берип... Оор улутунуп алып кү­нүмдүк иштериме кириштим.
Ошол күндөн тартып жездемдин көз карашы түп тамырынан бери өз­гөр­дү. Артыман түшүп, баскан изимди кайтаруу анын өнөкөтүнө айланды. Мээримдүү көздөрү кайда барсам да артыман кубалап алчу болду. Телмирет да турат. Кээде ушул көздөрдөн качып жер безип кетким келет. Ушунча жылдан бери бирге жашап чын эле кыйбас адамдардан болуп калган экенбиз. Канчалык көңүлүмдөн ары катсам да болбой ушул адамга байланып калганымды сездим. «Аттиң ай, эмне үчүн тагдырыбыз ушундай болуп калды? Бирок, минтип жашоого да болбойт эле. Эмне кылуу керек? Кетип калуум керекпи? Кантсе да жездем эркек киши, канчага чейин бой жашайт эле. Бирөөнү алса, анда эжемдин күнү эмне болот? Дастанчы?» Ушул ойлор менен алпурушуп жүр­дүм.

ЧЕЧИМ

Жездем ошол күнү жумушунан кызуураак келди. Тамак жасап жаткам. Көпкө телмире тиктеп турду да, жаныма отура кетти.
– Кечээ кайда бардың?
– Жумуштан кеч калып курбу кызымдыкына калдым...
Ал бир саамга унчукпай калды да:
– Карачы колдоруңду... Түйшүк­төн колуң чыкпай, жаштыгыңды өт­көрүп... Кечир мени...
Колдорумду сылап турду. Канчалык колумду тартып алгым келсе да ушул мээримге арбалып тура бердим. Көзүмдө мөлтүрөп аккан жаштарды аяр аарчый берди.
– Эмне болду?
– ...
– Эмне кыл дейсиң?
– Мен кетишим керек,- дедим мен.
– Кантип кетесиң? Мен эмне болом? Касиет эмне болот? Дастандын тили апа деп чыга баштады. Анан кантип?
Мен чыдабай кыйкырып жибердим:
– А менчи? Мени ойлогон киши бар бекен бул жашоодо?.. Мен эм­не, темирден жаралыпмынбы? Мен да­гы бирөөгө эркелеп аялдык ба­кыт тапкым келет.
Жездем селт дей түшүп башын жерге сала күңгүрөнүп калды:
– Мени түшүнбөйт деп ойлойсуңбу? Бирок, сени эч кимге ыраа кө­рө албай жатсам кантем?
– Антип айтпаңыз! Касиет...
– Анда кантейин?..
– Мен кетишим керек,- дедим чечкиндүү.
Ошенттим да, ашкананын эшигин жаап чыгып өз бөлмөмө кирип кеттим. Көз жашыма ээ боло албай кийимдеримди жыйнап жаттым. Менин ар бир кыймылымды карап турган кичинекей Дастан бир нерсени түшүнгөндөй оор улутунуп коёт. Жүрөгүм «тыз»дей түштү. Касиет төрөгөнү болбосо кенедейинен мен багып өз баламдай болуп калган экен. Куду жүрөгүмдү кесип салып кетип бара жаткансып анын жүзүн карабаска тырышып кийимдеримди жыйнай бердим.
Ошентип, үйдөн чыгып кете бердим. Апамдан калган өзүбүздүн үйгө барып, жаңы жашоону баштоону чеч­тим. Бирок, баары мен күткөндөй болгон жок...

КӨЗ ЖАШ

Кетээрин кетип калганым менен жашоом тозокко айланды. «Касиет эмне болду? Дастан эмне болду?» деп көз жашым тыйылбайт. Бир күнү Дастанды алыстан болсо да көрө кетейин деп бакчага келе жаткан элем. Бакчанын короосунан чы­га берип, атасынын жетегинде кетип бара жаткан Дастанды көрө салдым. Чыдабай кетип кыйкырып жибердим.
– Дастан!
Кылчая калган ал мени көрө коюп колун бошотуп алды да, чуркап жөнөдү. Сагынышып калган экенбиз, бири-бирибизге жетип эле кучакташып калдык.
– Кайда кеттиң, апа? Мен сени сагынбадымбы...
– Эми кетпейм эч кайда... Мен сени таштап кетпейм...- дедим жаш аралаш.
Ушул учурда бизди карап көз жашын төгүп турган жездемди кө­зүм чалды. Бири-бирибизди көзү­бүз менен түшүндүк. Мен тагдырдан качып кутула албайт элем. Мен жашоодогу жалгыз жакын адамдарымдан ажырап жашай ал­ба­сымды ошондо түшүндүм.

ххх

Касиет ошондон көп узабай көз жумду. Ошого чейин Бакыт экөөбүз­дүн ортобузда эч нерсе болгон жок. Анткени, адамгерчиликтин арканынан аттап өтө албайт элек. Касиеттин ашын берген соң, Бакыт экөө­бүз баш кошуп, жер которуп кеттик . Азыр ортобузда үч балабыз бар. Касиеттин мага таштаган белеги Дастанымды өз ичимден чыккан балдарым менен кошо чоңойтуп тарбия бергим келет. Ага чыныгы апасы ким экенин убагы келгенде айтаармын. Дастанга болгонун болгондой түшүндүрүп берүү Бакыт экөөбүздүн алдыбызда турган чоң сыноо экенин да билем. Азыр аялзатына керек нерсенин баары бар менде. Бир гана артыбызга кылчайып өткөндү эстегибиз келбейт. Бирок, өткөнүң чийип салсаң жок болуп калчудай нерсе эмес экен. Ошон­дуктан, силерге айтып көөдө­нүмдү бошотуп алгым келди.

Даярдаган Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
ledifech
2013-09-10 22:37:20
Жашоодо эмнелер гана болбойт... Бирок Барчын сиз Бактылуу болууга тийишсиз!
+2
Aruwka.89
2015-09-24 14:25:51
Ыйлаткан окуя екен, бирок озунузду еч качан куноолобонуз
+1
Lyubimka
2015-12-09 17:41:46
Озун унутуп , бир тууганым деп канча жашадыныз...сиз бактылуу болууга тийишсиз..Бакыт сиздин уй-булонузго!!!
+1
Kadyrbek09.10.2015
2017-01-30 20:52:06
Сыноо да
+1
Niazov-Aruun
2019-01-22 00:00:38
Эээх, Аллахтын буйругунан качып кутула албайбыз
0
Sirimo1988
2019-01-22 02:18:23
Мен оооллло Дастанга боорум ооруп ыйладым
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-01-22 10:13:35
Муну оо илгери да чыгарансынар.
0
Baiana2017
2019-01-22 10:52:09
Baktyluu_bolgum_kelet,числосун карасан 2006 деп турат
0
Djumaev0mur
2019-01-22 16:26:32
Кызык жомок экен ишендик
0
№ 216, 22-28-декабрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан