Өтүп бара жаткан апта чуулгандуу окуя менен башталды. Оор кылмыш кылып, өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармалган №50-СИЗОдон 9 кылмышкер качып кетти. Алар абак кайтаруучу 3 кызматкерди муунтуп өлтүрүп, бирөөнүн башын жарып, из жашырышкан.
«ҮЧ КЫЗМАТКЕРДИ ӨЛТҮРҮШТҮ»
Оор кылмышкерлердин кантип качып кеткени тууралуу ЖАМКнын маалымат кызматынын кызматкери ЭЛЕОНОРА САБАТАРОВА төмөнкүлөрдү билдирди:
– Окуя 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү болду. Түнкү саат 23:35 чамасында кылмышкерлердин бири абактагы сакчынын бирине камеранын эшигин ачтырган. Балким, ооруп жатам, жардам кыл деп анткорлонуп ишендиргендир. Камерадагы 3 кылмышкер аны чүпүрөк менен муунтуп өлтүрүшкөн. Ичкериде угулуп жаткан опур-топурдан шекшип экинчи кызматкер жетип келген. Кылмышкерлер аны да муунтуп өлтүрүшөт. Ошентип башка камералардын ачкычтары жана эшикте турган кызматкерлердин бирине таандык унаанын ачкычы колдоруна тийген. Кылмышкерлер камерадан бошонгону менен, сыртка чыкпай үчүнчү кызматкерди күтүп турушкан. Кезеги келгенде аны да муунтуп өлтүрүшүп, кээ бир камералардын эшиктерин ачып, өзүлөрүнө керектүү кишилерин чыгарышкан. Төртүнчү кызматкерди алар камералары бар имараттан чыгып, административдик имаратка баратып кезиктиришет. Аны дубал сүздүрүп, башын балка менен жарып баса беришкен. Административдик имараттан жалпы түрмөнүн жарыгын өчүрүп, бухгалтериянын терезесин талкалап, темирин ийип чыгып жатышканда байкап калган мунарадагы сакчы ок чыгарган. Жаракат алган бирөөнү калганы жөлөп таяп, каза болгон кызматкердин биринин унаасын айдап качып кетишкен.
«УНААДА ЖЕТӨӨ ЭЛЕ БОЛЧУ»
9 кылмышкердин экөө Ленин айылынан түшүп калып, белгисиз тарапка качып кетишкен. Калганын Чүй ОИИББинин Жол-кайгуул кызматынын 2 кызматкери тосуп, алардын бешөөсүн кармап калышкан. КАНАТ КУРМАНАЛИЕВ менен МИРЛАН БАКИЕВ буларды айтып беришти:
– Биз түнкү мобилдик топ менен чыгып, Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылынын аймагында күзөттө турганбыз. Рация аркылуу абактан кылмышкерлер качканы тууралуу маалымат түштү. Билдирүүдөн 10 мүнөт өтпөй Тойота Эстима үлгүсүндөгү автоунаа жогорку ылдамдыкта биздин тосконубузга карабай өтүп кетти. Артынан кууп жөнөдүк. Бир убакта унаа бурулуп токтоду да, ичинен 4 адам түштү. Колдорунда балта сымал куралдары бар болчу. Биз асманга эки ирет ок аттык. Алар унаага отурушуп, Алматы көчөсү аркылуу шаарды көздөй айдап жөнөштү. Артынан кууп барып, унаанын дөңгөлөгүнө аттык, ылдамдыгы төмөндөп токтоп калды. Ушул учурда биздин чакыруу менен башка кесиптештерибиз келип калды. Кылмышкерлер отурган унаадан экөө түшүп, бири батышты, бири чыгышты көздөй качып кетишти. Унаада 1 жарадар кишиси болуп 5 адам, качкандарды кошкондо жетөө болчу.
ЖЕТИ БАЛА ЖЕТИМ КАЛДЫ
Кызмат учурунда каза тапкан ЖАМКнын 3 кызматкеринин сөөгү туулган жерлерине коюлду. Алар: майор Таалайбек Өмүрзаков, 1969-жылы Жалал-Абад облусунда туулган. Артында 4 баласы жетим калды. Прапорщик Туратбек Садыбакасов, 1978-жылы Балыкчы шаарында туулган. 2 баласы жетим калды. Старшина Фархат Орозбек уулу, 1990-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунда туулган. Артында 5 айлык баласы жетим калды. Жети баланы жетим калтырган кылмышкерлер мындан ары деле көз ирмебей адам өлтүрүшү мүмкүн.
Ал эми башынан оор жаракат алган ички түзүмдүн подполковниги Тилек Абылгазиев Чүй облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей оор абалда жатат. Врачтар анын өмүрүн сактап калуу аракетинде. Анын үч баласы бар.
Мына ушундай колдорун адам канына жууп көнгөн 4 коркунучтуу кылмышкер эркиндикте жүрөт. Аларды кармоо үчүн бүткүл өлкөдөгү күч түзүмдөр издөө иштерин жүргүзүүдө. Мындан сырткары коңшу Казакстанга да издөө үчүн билдирүүлөр жөнөтүлдү. УКМК учурда өлкө элин этият болууга чакырып, качып жүргөн кылмышкерлер тууралуу берилген маалымат үчүн 300 миң сом сыйлык берилерин жарыялады. Акыркы маалыматтарга караганда качып жүргөн кылмышкерлердин баары сакалдарын алып салышкан.
ЖАМКнын нөөмөт бөлүмү: (0312) 66-04-75
ЖАМКнын ишеним телефону: (0312) 62-65-04
ИИМдин нөөмөт бөлүмү: (0312) 66-23-31 же 102
АБАКТАН КАЧКАН КЫЛМЫШКЕРЛЕР КИМДЕР?
9 кылмышкердин башын «Жайшүл Махди» тыюу салынган экстремисттик уюм бириктирет. Алардын жетөө оор кылмыш жасагандары үчүн күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылгандар, ал эми экөөнүн үстүнөн тергөө иштери жүрүп жаткан.
Кармалгандар:
Издөөдө жүргөндөр:
Алтынбек Итибаев, 1977-жылы Ош облусунда туулган. 2009-жылдын 14-апрелинде Жогорку Кеңештин IV чакырылышындагы депутат Санжар Кадыралиевди өлтүргөн деп Свердлов райондук соту 2013-жылы аны өмүр бою эркинен ажыраткан. Ал эми Бишкек шаардык соту Итибаевди 21 жылга кескен. Анын ишин караган Жогорку Сот бул мөөнөттү дагы кыскарткан. Буга кошумча ал 6-7 ирет мунапыска илинип, ушул жылдын жазында эркиндикке чыгып калган. 2015-жылдын июль айында террорчулукка шектелип, УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, анын үстүнөн тергөө иштери жүрүп жаткан эле.
Эдил Абдрахманов, 1986-жылы Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында туулган. Ал Бишкектеги террордук актыларды уюштурууга катыштыгы бар жана 2011-жылы 4-январда милициянын 2 кызматкерин өлтүргөн деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган. «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкерлери аны колго түшүрүүдө атышуу болуп, оң көзүнөн айрылган. «Жайшүл Махди» тыюу салынган экстремисттик тобунун активдүү мүчөсү. Белгилүү болгондой, Алтынбек Итибаев мурун абакта жатканда дал ушул Абдырахманов менен бир камерада отуруп, экстремисттик түшүнүктөргө сугарылып, топко мүчө болгон.
Азамат Мүсүралиев, 1987-жылы Кара-Көл шаарында туулган. Оор кылмышы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган.
Данияр Кадыралиев, 1976-жылы Жумгал районунун Миң-Куш айылында туулган. 2010-жылы Спорт Ордосундагы жардырууну уюштурган деп күнөөлөнүп, өмүр бою эркинен ажыратылган. Аталган экстремисттик топтун мүчөсү.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg