ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

ИНТЕРНЕТТЕ
Кликбейт
– интернет сайттарындагы адамды кызыктыруунун жолу. Азыркы күндө көпчүлүгүбүз эле интернет пайдаланабыз, дүйнөлүк желеден кызыктуу темасы бар маалыматты көрөбүз. Ал маалыматты ачуу үчүн маалыматты басабыз («клик» кылабыз). Мына ушул бизди кызыктырып артынан ээрчиткен маалыматты кликбейт деп койсок болот. Адатта кликбейттерде кызыктуу бир факт камтылат да, уландысы маалыматтын ичине камтылат. Маселен, дүйнөлүк желеде «Мен 10 килограмм арыктадым. Бул үчүн жатарда...» деген кликбейт бар. Мындай жол менен популярдуу эмес интернет сайттар өздөрүнүн окурмандарын көбөйтүшөт.

 

МОДАДА
Джеггинс
– айымдарга ылайыкталган шым. Адатта джеггинстер жумшак, чоюлчаак кездемеден тигилет, башкача айтканда, лосинанын бир түрү деп койсок болот. Бирок джеггинстин лосинадан айырмасы – ал жынсы шымдарга окшош. Атайын жынсы шымдардыкындай тигиш жана чөнтөктөр менен кооздолот, өңү да жынсы шымга ылайыктуу түстө болот. Маалыматтарга караганда, джеггинстер 2009-жылдардан бери кеңири пайдаланылууда. Мода кууп кийинген айымдардын айтымында, буттары узун жана түз болгон кыздарга бул шымдар жакшы жарашат.

КООМДО
Слактивист
– англис тилинин slacker (бекерпоз) жана activism (активизм) деген сөздөрүнөн келип чыккан, жаңыдан колдонууга келип жаткан заманбап сөз. Негизинен слактивизм «жасалма активдүүлүк» деген маанини билдирет. Ал эми слактивист өзүн активист көргөзгүсү келген адам. Башкача айтканда, «бекерпоз» коомдо болуп жаткан көрүнүштөргө аралашпайт. Колунда жокторго жардам бербейт же терс көрүнүштөргө каршы уюштурулган митингдерге катышпайт, оорулууларга каражат топтоого көмөктөшпөйт. Бирок мына ушундай көрүнүштөр тууралуу интернеттеги социалдык тармактардан жарыяланган маалыматтарга «лайк» басып турат. Кыскасы, жасалма активдүүлүк көрсөтөт.

 

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 676, 16-октябрь-22-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан