Борбор калаабызда жаңы smart-түзүлүш – өз баа сегментинде мыктылардын бири Beeline Tab Pro планшетинин бет ачары болуп өттү.
Жакында Beeline журналисттер менен блоггерлерди чогултуп, жаңы көп функционалдуу планшетти тааныштырды. Beeline Tab Pro`нун негизги артыкчылыгы – үнөмдүү баасында, ал болгону 5990 сом турат. Beeline Tab Pro`ну персоналдык компьютердин ордуна колдонууга болот: ал чалуу аткарууга, кат жазышууга, китеп окууга, музыка угуп, видео көрүүгө, ар кандай оюндарды ойноого, интернет баракчаларды секундасына 21,6 мегабитке чейинки ылдамдыкта кароого мүмкүнчүлүк берет. Beeline планшетти сатып алганда бонус – 4 Гб интернет-трафик (айына 2 Гб.тан) берет.
Beeline digital-стратегияны активдүү өнүктүрүүдө. LTE тармагын куруу, инвестициялар жана бүткүл өлкө боюнча БС орнотуудан тышкары компания жеткиликтүү баадагы 3G түзүлүштөр тизмегин кеңейтүүдө. Ошондуктан мекендештерибиз санарип дүйнөнүн артыкчылыктарын сезүүгө дагы көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү алышат.
Бул девайс баасынын төмөндүгүнө карабай өз сегментинде мыкты мүнөздөмөлөргө ээ. Планшеттүү компьютердин 1,3 ГГц кубаттуу төрт ядролук процессору, 7 дюймдук сенсордук дисплейи, эки камерасы (3,2 мегапикселдик негизги жана 0,3 мегапиксель фронталдык), ошондой эле сыйымдуу аккумулятору бар. Планшеттин оперативдик эс тутуму – 1 Гб, орнотулган эс тутуму – 8 Гб. Beeline Tab Pro 32 Гб.ка чейинки microSDHC эс тутум карталарын кармайт. GPS, A-GPS орнотулган жана Bluetooth менен Wi-Fi бар. Smart-түзүлүш Google Android 5.0 Lollipop операциялык системинин башкаруусунда иштейт.
Beeline Tab Pro планшеттүү компьютери Beeline тармагында иштөөгө ылайыкталган.
Кошумча маалымат алуу үчүн компаниянын www.beeline.kg расмий сайтына баш багыңыздар же Beeline`дын сатуу жана тейлөө кеңселерине кайрылыңыздар.