ЖӨТӨЛДӨН БАЛ МЕНЕН ЛИМОН КУТУЛТАТ

Суук түшөрү менен жөтөл да козголот. Андыктан жөтөлүп калсаңыз, дароо дарыканага чуркабай туруңуз. Аны күчөй электе элдик ыкма менен да тып басууга  болот. Ачуу дарыларга караганда элдик ыкмада бал, сүт да колдонулгандыктан мурдуңузду чүйрүбөй иче аласыз.

Оттуу сүт. 7 баш пиязды майда төрт чарчы туурап, ага майдаланган 1 тиш сарымсакты кошуу кажет. Үстүнө 500 грамм сүттү куюп, пияз жумшаргыча кайнатуу керек. Анан 1-2 аш кашык балды кошуп 1 саат тыныктырып, сүзүп аласыз да, даяр болгон сүттү 5 маалга бөлүп жылытып ичесиз.

Алма кошулган аралашма (балдар үчүн). 1 алма, 1 сабиз жана 1 пиязды сүргүчтөн өткөрүп, 2 аш кашык бал кошосуз. Аралашмадан 4-5 маал 1 чай кашыктан бересиз.

Каймак май жана минералдык суу менен. 4 аш кашык сүткө 4 аш кашык минералдык суу, 1 чай кашык каймак май (сливочное масло) жана чай кашыктын төртөн бир бөлүгүнөн сода кошосуз. Баарын аралаштырып, ысытып ичесиз. Муну чоңоюп калган балдарга да берсе болот.

Лимон ширеси менен. 1 лимондун ширесин сыгып алып, ага 2 аш кашык глицерин жана 2 аш кашык бал кошосуз. Баарын аралаштырып, андан 1 аш кашыктан 6 маал ичесиз.

Ингаляция. 1 аш кашык ромашка 400 грамм кайнак сууга салынат. Үстүнө 1 аш кашыктан бал жана аш содасы кошулат. Анан бетти сүлгү менен чүмкөп, идиштеги дары суунун буусунан ооз менен дем алуу керек.

Бал, арак компресси. Идишке ун, кургак горчица, күн карама майы, бал жана арактын ар биринен 1 аш кашыктан саласыз. Анан ал идишти ичине суу куюлган башка идишке салып аралаштыруу менен ысытыңыз. Пайда болгон коюу боткону көкүрөккө шыбап, үстүнө полиэтилен баштыгын коюп, жылуу оронуп жатасыз.

Түрп менен дары. Кечкисин бир чоң түрптү алып, аны экиге бөлүп кесебиз. Ар бир бөлүктүн ичин оюп, ортосуна балдан куюп коюу зарыл. Эртең мененкиге чейин түрптүн ширеси чыгып, бал менен аралашып калат. Алынган дарыдан 1 аш кашыктан бир күндө 5-6 маал иче берсе болот.

Эскертүү: Бал кошулган дарылар балга аллергиясы барларга болбойт. Кош бойлуулар жазылгандарды колдонордон мурда врач менен кеңешүүсү кажет.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
eliza5566
2015-10-19 10:45:41
астмаларга алое менен бал аралаштырып жесе опкодогу какырыкты тазалайт дыханиени ачат админ. сыртка шамалга чыксам козумдон жаш куюлат бул эмне адистен кенеш алып бергилечи
0
mambet25
2015-10-19 17:17:16
Турп деген эмне?
+1
aikol87
2015-10-19 23:21:16
mambet25,турп деген орусчасы редка.
0
Shat.88
2015-10-21 00:31:20
Бал менен лимон жотолдун баарына эле жарай бербейт мисалы аллергиялык жотолго такыр тыюу салынат.
0
№ 676, 16-октябрь-22-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан