СИРИЯ
“Ислам мамлекети” Орусия менен АКШга каршы чабуулга чакырык таштады “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлери тарапташтарын Орусия жана АКШ мамлекеттерине каршы куралдуу согушка аттанууга чакырышты. Мындай ачык чакырыкты экстремисттик топтун өкүлү Абу Мухаммад аль-Аднани аудио аркылуу жасады. АКШ жана Орусия мамлекеттери “Ислам мамлекетине” каршы Сирияда аба чабуулдарын жүргүзүп жатышат. Эки держава абадагы коопсуздукту сактоо үчүн, тагыраагы, учактардын байкабай кагылышуусун алдын алуу маселелерин талкуулашат.
АМЕРИКА
Фермер ашкабагы үчүн 12 миң доллар сыйлык алды
Кыш келип, ашкабак сүйүүчүлөр бул жашылчадан түрдүү тамактарды жасай башташты. Ал эми АКШда бир фермер 893,1 килограммдык салмактагы ашкабагы үчүн 12 миң доллар сыйлык алды. Өлкөдө жыл сайын өткөрүлчү ашкабактар сынагында Орегон штатынан келген фермердин ашкабагы эң оор деп табылган. Анткен менен сынактын жеңүүчүлөрү өткөн жылкы рекордго жетпей калышкан. Өткөн жылкы сынактын жеңүүчүсүнүн ашкабагы 1000 килограммдан ашкан. Салтка айланган сынакта ашкабактардын түсү, формасы, салмагы эске алынып, эң сулуу ашкабакка да сыйлык берилди.
ОРУСИЯ
Аңчы менен аюу бири-бирин өлтүрүшт ү67 жаштагы аңчы Хабаровск шаарынан капканын текшерүү үчүн токойго барган. Аңчы үйүнө келбегендиктен, туугандары орган кызматкерлерине кайрылышкан. Издөө иштеринде тийген октон улам өлгөн аюунун денесин токойдон табышкан. Андан алыс эмес жерден алган жаракатынан улам жан таслим болгон аңчынын өлүгүн табышкан. Ушундай жагдайларды көргөндөр аюу менен аңчы бири-бирине кол салышкан деген тыянак чыгарышты.
Cүйүн Кулматова
koom@super.kg