ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (19-октябрдан 25-октябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Жан дүйнөңүз тынчтыкты, ызы-чуусу жок жай жашоону эңсейт. Ички туюмуңузду укпай иш менен алыша берсеңиз, айрымдардын жөнү жок асылуусуна кабылышыңыз мүмкүн. Кандай жагдай түзүлбөсүн апта соңунда эс алуу уюштуруңуз да, сүйүктүүңүз менен эс алууну көздөңүз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Сизди бул жумада олуттуу өзгөрүүлөр күтөт. Ишиңизде ылдыйлоо пайда болот да, анын кесепетинен чыр чыгарууга барышыңыз мүмкүн. Аптанын ортосунда жаныңыз тынбагандан улам сизге тиешеси жок иштерге кабыласыз. Андан пайда көрбөй эле, энергияңызды гана коротосуз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жаныңыздагы адамдарга көңүл бурууну күчөтүңүз, аларга болгон аракетиңизди жумшап жардам бериңиз. Анын акыбети эки эселеп кайтат. Кимдир бирөө сизден карыз акча сурашы мүмкүн. Аптанын ортосунда сиздин маанай бирөөнүн камын ойлоо туурасындагы иштериңизге чек коёт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта жагымсыз иштер менен башталышы мүмкүн. Алардын баарын жүрөгүңүздөн өткөрө берсеңиз ден соолугуңузга зыян болорун эсиңизден чыгарбаңыз. Кандай маселе жаралбасын эмоцияга алдырбаңыз. Жуманын экинчи жарымында финансы жагдайларын ордуна коюу, документтер менен иштөө маселеси көтөрүлөт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Терс жагдайдагы маанай менен ишке киришесиз. Буга ойлогон иштердин жыйынтыгы сиз күтпөгөндөй болгону түрткү берет. Ал иштерге оюңузду да, колуңузду да байлап өзүңүздү кыйнабаңыз. Жакын адамдарыңыз менен сүйлөшүңүз, жеңилдеп каласыз жана алар кайсы бир маселеңизди чечүүгө көмөктөшөт. Апта аягы сизди жагымдуу сюрприздер менен таң калтырат.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Дүйшөмбүдө мурда баштап койгон ишиңизди аягына чыгарганга туура келет. Көңүлдүү жашоого кайтып келүү, үстүңүздөгү жүктү алып салуу үчүн аптанын ортосунда досторуңуздун курчоосунда чакан майрам уюштуруңуз. Чер жазыша, сүйлөшүүлөрдүн жардамы менен бул жуманы ойдогудай жыйынтыктайсыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү көңүлүңүздү, убактыңызды каржы маселесине, ага байланышкан иштерге буруңуз. Шаршембиден тарта жумушта өнөктөшүңүз менен иш алып барууга киришесиз, ал жакшы жыйынтык берерин унутпаңыз. Сүйүү жаатында баары бир калыпта кете берет.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Артта калган күндөргө, алдыга коюлган пландарга көңүл буруучу убакыт келди. Ар бир окуяны тыкыр карап чыгып талдаңыз. Мындай анализ жүргүзүүнүн, ой жүгүртүүнүн аягы жакшы кабар менен толукталат. Турмуш кургандар да, бойдоктор да жакшы көргөн адамына көңүл буруулары зарыл. Антпесе ортодо көйгөйлөр түзүлүшү ыктымал.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптанын биринчи күнү эле сизди жагымдуу атмосфера курчайт. Үйүңүздү, короо-жайыңызды тазалоо менен алектенип, жакын адамдарыңыз менен убакыт өткөрөсүз. Бейшемби күнү жеңил ойлуулукка алдырышыңыз мүмкүн, анын айынан маанайыңызды түшүрүп, запкысын тартып калбаңыз. Ден соолугуңузга да көңүл бурууну унутпашыңызды жылдыздар эскертет.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Сүйүктүүңүз менен урушуп кетүү, көз караштар эки башка чыгуу коркунучу бар. Андыктан сүйүүңүздү ачык айтып, далилдей билип, чечкиндүү кадамдарды жасаңыз. Бир калыпта жай кетип бара жаткан жашооңузга өзгөртүү киргизиңиз. Апта аягында майда-чүйдө чырлар болуп кетиши ыктымал.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бул апта сиз үчүн көйгөйлүү десек болот. Бирок эч камтама болбоңуз. Үй-бүлөдө жаралган маселеби, жумуштабы досторуңуз жакшы жагына чечип берет. Ошондуктан эч тартынбастан жакын досторуңузга кайрыла бериңиз. Анан сиз акылдуу, тажрыйбалуу деп эсептеген адамдардан тажрыйба алчу убакыт келгенин сезишиңиз керек.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптанын башталышында эле сүйүү жаатында да, жумушта да жолдуу болосуз. Жылдыздар өжөрлөнө эмгектене берсеңиз эле жеңиш сиз тарапта болорун эскертишет. Жакындарыңыздын ишенимине киргениңиз жакшы, бирок ошол ишеничти аткара албай калып айрым жакындарыңыздан кол жууп калышыңыз ыктымал.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 676, 16-октябрь-22-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан