Урматтуу окурман, ата мекендик өндүрүштү колдойлу! КОЛДСТОП – САСЫК ТУМООГО ЖОЛ ЖОК!

Быйыл жай мезгили өтө ысык болгондуктан күз, кыш мезгилдери аябай суук болот деген далилдер бар. Күн сууктаганда, температура алмашканда адамдын иммунитетинде ар кандай өзгөрүүлөр болот. Жыйынтыгында адам суукка урунуп, сасык тумоого кабылышы мүмкүн. Бул көрүнүш мурундун бүтүшүнө, баштын ооруусуна, дене табынын көтөрүлүшүнө алып келип, адамды алсыз кылат. Бүгүнкү күндө дарыканаларда сасык тумоодо жана суук тийгенде ичүүчү каржаттар өтө көп. Бирок алардын бардыгы чет мамлекеттен алынып келинген дары-дармектер. Кыргызстандагы «Биовит» ЖЧКсы 2 жылдан бери сасык тумоого каршы КОЛДСТОП деген дары каражатын чыгарып келет. Учурда КОЛДСТОП өлкөбүздүн бардык аймактарына кеӊири таркатылып, суук тийгенде жана сасык тумоого каршы күчтүү каражаттардын бири экенин далилдеп келе жатат. Ошондой эле саламаттыкты сактоо кызматкерлери, адистер, жергиликтүү оорукананын доктурлары тарабынан бул дарыга жакшы баа берилип, сунуш кылынат.

КОЛДСТОП – парацетамолдун негизинде жана витаминдер менен аралашып жасалган эритип ичилүүчү дары. Сасык тумоого жана суук тийүүгө каршы, дененин табын төмөндөткөн, ооруну басаӊдаткан жана аллергияга каршы эӊ мыкты каражат болуп эсептелинет.

Колдонуу ыкмасы жана ченеми:
12 жаштан жогору жаш курактагы адамдар ичсе болот. Бир баштыкчанын ичиндеги эритмени 1 стакан кайнатылган ысык сууга эритүү керек. Ысык бойдон ичүү зарыл. Кийинки ченемин ар бир 4 саатта бир ичүүгө болот, бирок 24 сааттын ичинде 3 баштыкчадан ашык ичпеӊиз. Эӊ жакшы натыйжа берүү үчүн түнкүсүн ичип жатсаӊыз, таасири күчтүү болот. Эгерде 3 күндүн ичинде оору белгилеринин жеӊилдеши байкалбаса, сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылыӊыз!

Сырткы кабында көрсөтүлгөн жарактуу мөөнөтү өткөндөн кийин колдонууга болбойт! Ошондой эле дарылануу убагында спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынат!

КОЛДСТОПту колдонуп жаткан учурда адамдын уйкусу келет, ошол себептен автоунаа айдоого болбойт! Спирт ичимдиктери менен жана башка дарылар менен аралаштырылса, уйкуну ого бетер күчөтөт. Ошондой эле парацетамол менен, парацетамол кошулган башка дарылар менен аралаштырып ичпеӊиз!

Кош бойлууларга жана баланы эмизүү учурунда дарыны колдонууга чек коюлган. Ал үчүн сөзсүз түрдө дарыгер менен кеӊешүүӊүз зарыл.

КОЛДСТОПтун бир баштыкчадагы курамын төмөндөгү дары, витаминдер түзөт:

Парацетамол 325 мг.
Фенирамин малеат 20мг.
Фенилэфрин гидрохлорид 10мг.
Аскорбин кислотасы 50мг.
Жардамчы заттар:
Сахароза, лимон кислотасы, натрий цитраты,
алма кислотасы, лимон жыт бергичи жана сары боёк.

Сактоо ыкмасы:
Кургак, күн нуру тийбеген, балдар жетпеген жерде, 25 градустан ашпаган температурада сактоо кажет.
Дарыканаларда дарыгердин сунушусуз берилет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Gundula
2015-10-29 22:48:25
Биздин олкодо жасалыптыр анда кыргызча ат менен чыкпайбы кайдагы ат бул
0
fea1990
2015-10-30 23:49:51
Бул да озунчо бизнес
0
Shat.88
2015-10-31 23:52:47
Катардагы эле даары экен кызыктуусу кыргызстанда жасалыптыр,жакшы!
0
№ 677, 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан