ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (26-октябрдан 1-ноябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Апта бүтпөй калган иштерди аягына чыгаруу менен башталат. Ишиӊизден натыйжа чыксын десеӊиз ден соолугуӊузга көӊүл буруп, убагында тамактанып, таза абада сейилдөөнү унутпаӊыз. Үй-бүлөдө түшүнбөстүктүн айынан чыр чыгышы күтүлөт, сабырдуу болуӊуз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Букачарлар үчүн айдын аягы ийгиликтер менен коштолмокчу. Өжөрлүк сапатыӊыздын аркасы менен аткарылбайт деген ишти аткарып, жетекчиликтин мактоосуна арзыйсыз. Жумуш бир калыпка түшкөн соӊ үй-бүлөӊүзгө, досторуӊузга да убакыт бөлүп, жеке жашооӊузду иретке келтирип алганыӊыз оӊ.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта бою маанайыӊыз көтөрүӊкү абалда болот. Буга себеп жаӊы таанышуу же сүйүктүүӊүздөн көптөн бери күткөн сунуш алуу болушу мүмкүн. Бирок сезимдер дүйнөсүндө жүрө бербей, жумушка да көӊүл бурууӊуз керек. Бир катар олуттуу маселелерди чечүүгө ыӊгайлуу учур келди.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бөйөндөр үчүн октябрдын акыркы аптасы оор өтөт. Жумушта бир катар сыноолорго тушугасыз, келечекке бекем пайдубал курам десеӊиз, кезиккен кыйынчылыктардан татыктуу өтүӊүз. Ашказан оорусу барлардын дарты козголушу мүмкүн, андыктан күчтүү тамак-аштардан баш тартып, диета кармаӊыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жумушта лидерлик сапатыӊыздын арты менен ийгиликтерге жетише аласыз, бирок ошол эле сапатты жеке жашоодо колдоном деп жакын адамдарыӊызды таарынтып алышыӊыз мүмкүн, абайлаӊыз. Апта аягы материалдык абалыӊыз жакшырат, туруктуу каржы булагы табылышы мүмкүн. Дем алыш күндөрүн үйүӊүздө тынч эс алууга арнаӊыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жумушта бир катар өзгөрүүлөр күтүлөт. Чечкиндүү болсоӊуз, бат эле иштин көзүн таап кетесиз. Апта ортосу алыскы жолго чыгышыӊыз ыктымал. Бойдоктордо түбөлүк түгөй болчу адамды тандоо мүмкүнчүлүгү чыгат. Акылга эмес, ички туюмга салып чечим чыгарганга аракет кылыӊыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Пландаган ишиӊиз оӊунан чыкпай, бир топ нервиӊиз коройт. Ар тарапка урунуп бекер энергияӊызды сарптай бербеӊиз, аптанын аягы маселеӊиз оӊ тарапка чечилет. Экинчи планга калтырылган үй-чарба иштерин ушул жума аткарганга аракет кылыӊыз, антпесе кеч болуп калат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада аткарылчу иштериӊизди ийгилик коштойт. Ал эми жеке жашоодо колдо турган нерсени баалооӊуз керек, антпесе бар бактыӊызды жоготуп аласыз. Тынымсыз эмгек, акыл-эске күч келтирүү бир катар ооруларды чакырат. Андыктан дем алыш күндөрү тынч жайда, таза абада эс алууга аракет кылыӊыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптанын башында документ иштеринде сак болуӊуз. Билим жаатындагылар үчүн аптанын экинчи жарымы ийгиликтүү. Жаныӊыздагыларга саресеп сала жүрүӊүз, балким, алыстан издеген сүйүктүүӊүздү жаныӊыздан табасыз. Депрессияга кабылбайын десеӊиз, майда-чүйдөгө нерв коротуудан алыс болуӊуз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада кылдаттыкты талап кылган иштер сизди тажатып жиберет. Эгер жасаган ишиӊизден майнап чыкпаса, өзүӊүздү кыйнабай ал ишти артка жылдыра турганыӊыз оӊ. Андан көрө үй-бүлөӊүз менен чогуу эс алууга план түзүп, энергия топтогонго аракет кылыӊыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бул апта сизден активдүүлүктү талап кылат. Талапка жооп берсеӊиз, иште бир катар ийгилик жаратуу менен чөнтөгүӊүздү калыӊдатканга да шарт түзүлөт. Апта соӊу досторуӊуз менен жолугуп, активдүү эс алышыӊыз мүмкүн.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү ишиӊиз сиз ойлогондой алдыга жылбайт. Андан көрө бар күчүӊүздү аптанын экинчи жарымына коротуӊуз, жасаган ишиӊизден майнап чыгат. Аптада суук тийип калуу коркунучу жогору, андыктан жылуу кийинип жүрүӊүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 677, 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан