ЫРЧЫЛАРДЫН БАГЫН АЧКАН УСТАТТАР

Элге аты таанылган ырчыларды ким таптап, үнүн кайсы мугалим калыпка салганы баарыбызга кызык болсо керек. Жүздөгөн таланттын көзүн ачып, даӊгыр жолго салган устаттар тууралуу төмөнкү макаладан окуӊуз.

Рафаэль Сарлыков, Кыргыз маданиятына эмгек сиӊирген ишмер: «СВЕТЛАНА НАЗАРЕНКО МЕНЕН МАМИЛЕБИЗ ҮЗҮЛГӨН ЖОК»
Кыргыз маданиятына Эмгек сиӊирген ишмер Рафаэль Сарлыков 30 жылдан бери көптөгөн ырчылардын үнүн таптап, жаӊы таланттардын жаралышына себепкер болуп келет. Алардын бири «Город 312» тобунун солисти Светлана Назаренко учурда Орусиянын сахнасын багынтууда. Ошондой эле Мухтар Атаналиев, Гүлнара Тойгонбаева, Жылдыз Осмоналиева, Айжан Газиева, Юлия Руцкая жана башка ырчылар бул инсандан вокал боюнча сабак алышкан. Сахна сыртында болууну жактырган Рафаэль агай таптап чыгарган шакирттеринин эӊ сүймөнчүгү Светлана Назаренко экенин айтат. Аны менен сыймыктанып, ал катышкан телешоулорду калтырбай көрүп келет.
– Светаны бир сынактан көрүп чакыртып алгам. Анда ал 10 жашта болчу. Ошондон бери мамилебиз үзүлгөн жок. Бишкекке келгенде дайыма учурашып кетет, анан да сөзсүз атыр ала келет. 15 жылдан берки атырларым Светлана Назаренкодон десем болот (күлүп). Орусияда ырдап чыкканда «менин биринчи жана жалгыз мугалимим» деп мени айтып жүрчү. Алар «болбогон кыргызстандык мугалимиӊди жарнама кылып жатасыӊ, ал үчүн акча төлөп бересиӊ» деп тыюу салыптыр.
Билимдүү музыканттар сапаттуу чыгарма жаратмайынча эл алдына чыга албай тытынып жүрө беришет. Ал эми музыканы түшүнбөгөндөр эч нерседен коркушпай ырдап чыгат. Бирок аларда өсүү болбойт, анан бизге келишет, «бир айдан кийин сынакка барам үнүмдү калыпка салып бериӊиз» деп. «Бир айда мен сенин азыркы үнүӊдү сындырам, аны башка жакка буруш керек» десем ойлонуп калышат. Мисалы, Юлия Руцкая жылдыз болгондон кийин бул жакка келди. Мен аны угуп көрүп, «мындай ырдаган болбойт» деп бир нече жолу сабак бердим.

Салтанат Аширова, ырчы: «ЖАКШЫ ЫРДОО БААРЫНЫН КОЛУНАН КЕЛЕ БЕРБЕЙТ»
Эл аралык сынактарга катышып Кыргызстандын атын таанытууга салымын кошушкан жаш таланттар Айыма Айылчиева менен Аяна Касымованын үнүн такшалткан ырчы Салтанат Аширова. Ал кыздарга 4 жылдан бери вокалдан сабак берип келет. Аз убакыт ичинде эл оозуна алынган ырчылар менен сыймыктанган Салтанат айым үн бул сезимтал аспап экенин белгилейт.
– Айыма менен Аянаны ырдатып көрүп тандап алгам. Албетте, алардын ийгилиги менен сыймыктанам. Эӊ башкысы, кыздар манчыркап көөп кетпей, жөнөкөй, улууларды урматтаган адам болушсун.
Окуучуларды кабыл алууда жаш курагына карабай үнүнө, интонация менен айтуу жөндөмүнө көӊүл бурам. Жаратылыштан берилген тембр мен үчүн сөзсүз керек. Кол аспапта ойногонду бардык адам үйрөнө алышса, жакшы ырдоо баарынын колунан келе бербейт. Бул адамдын генинен, мүнөзүнөн, тарбиясынан, адаттарынан көз каранды.

Улукмырза Полотов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, профессор: «АЗЫР ЫРДАП ЖҮРГӨН ЫРЧЫЛАРДЫН 99 ПАЙЫЗЫ ШАКИРТТЕРИМ»
Коӊур үндүү ырчылардын сап башында турган Эл артисти Улукмырза Полотов 45 жылдан бери шакирт таптап келе жатат. «2-курсумдан тартып шакирт даярдап баштадым» деген эл ырчысы окуучуларын эсептей албай көпкө токтолду.
– Мен мугалимдер менен сүйлөшө калганда «эл алдында ырдап жүргөн ырчылардын 99 пайызы менин окуучуларым» деп тамашаласам, «бизге дагы 5-6 пайызын калтырып кой» дешип күлүп калышат. Менин туурумдан учкандар: Апаз Жайнаков, Малик Аликеев, Сыймык Бейшекеев, Роза Аманова, Кенже Кубатова, Лира, Дилбар, Анапия Райымбековалар, Элмира Кайып кызы, Токтобек Асаналиев, Каныкей Раймалиева, Гүлнур Асанова, Аскат Мусабеков жана Эл ырчысы Эстебес атындагы топтун ырчылары. Кыргыз сахнасынан суурулуп чыгып Европа, Американы багындыргандары да жок эмес. Алар Жеӊиш Ысманов, Эленора Келдибековалар.
Сот болом деген ою ишке ашпай, чыгармачылыкка кокусунан аралашканын ырчы мындайча эскерди:
– Аскерден келгенден кийин юридикалык факультетке тапшырсам 2 жыл сот тармагында иштешиӊ керек деген себеп менен окууга өткөрбөй коюшту. Анан чогуу окуган классташым «сен жакшы ырдачу элеӊ, Искусство институтуна тапшырып көрбөйсүӊбү?» деп ээрчитип барды. Октябрь болуп калган. Окуу жайдын ректоруна кирсек, «экзамен июлда болчу, сенин талантыӊ болсо алабыз» деди. Мугалимдер сынынан өткөрүшүп окууга кабыл алынып калгам.

Жамиля Муратова, композитор, ырчы: «ТАЛАНТТУУ УЛАН-КЫЗДАРГА БАГЫТ БЕРҮҮДӨН ЭРГҮҮ АЛАМ»
Музыканттардын кызы Жамиля Муратова төрөлгөндө нота оозанып, музыканын коштоосунда чоӊойгон. «Курама темир курч болот» демекчи, ырчынын атасы Эдил Муратов кларнетте, апасы Хадима Берикбаева кыл кыякта ойногон. Ата-энесинин жолун жолдогон ырчы, композитор өзүнүн билгенин өнөрлүүлөргө үйрөтүп келет.
– Шакирт даярдап эл алдына чыгарып баштаганыма 10 жыл болуп калды. Ырчы болом деген адамды үйрөтүп, аны ийге келтирүү жоопкерчиликтүү иш. Бирок дымагы бар улан-кыздарга багыт, билим берүүдөн эргүү алам. Эл көзүнө алынган шакирттеримди эсептеп көрсөм манжаларым көп эле ачылып жумулчудай. Алардын айрымдары калыӊ журтка таанылса, кээ бирлери эл аралык сынактарга катышып, лауреат болуп келишүүдө. Мен Силима Абдылдаева, Максат Бегалиев, Адилет Азимов, Минюра Рахимжанова, Иса Өмүркулов өӊдүү ырчылардын устатымын деп сыймыктануу менен айта алам.

Султан Төрөбеков,
Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
ZHaziko
2015-10-26 10:38:45
Жакшы эми мынданда мыктыларды чыгара берет деген умутум чон
+2
amanatym
2015-10-26 12:17:35
Полотовдун ырчылары коп экен,коп жашасын
+2
KYRGYZJERI
2015-10-27 16:27:27
Супер Инфо Салтанат Ашировадан видео репортаж алгылачы, отунуч
0
admin_superstan
2015-10-27 16:30:29
KYRGYZJERI, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук.
0
Ledi89
2015-10-30 21:13:46
Мынданда жакшы ырчылар чыга беришсин, сиздердин омурунуздор узун,чын ден-соолук.
0
Ledi89
2015-10-30 21:14:45
Гулжигит Сатыбеков ,Бек Борбиев кимдерден сабак алышты экен.
0
№ 677, 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан