АЙЛАН КУРДИ – КАЧКЫНДАР ТРАГЕДИЯСЫНЫН СИМВОЛУ

Жээкте уктап жаткандай болуп наристе жатат. Бирок ал уктап жаткан жок, ал өлгөн. Анын денесин толкун жээкке сүрүп чыгарып салган. 2-сентябрда Түркиянын курорт шаары болгон Бодрумдун пляжына сириялык баланын сөөгү чыгып калган ушундай сүрөттөр тынч жаткан дүйнө элин дүрбөлөӊгө салды. Ошондон бери 3 жаштагы Айлан Курдинин өлүмү чоӊ талкуу жаратып, анын тагдыры качкындар трагедиясынын символуна айланды.

АЙЛАН КУРДИ КИМ БОЛГОН?
Пляжда көмкөрөсүнөн түшүп өлүп жаткан чолок шымчан бала – Сириянын Кобани шаарынын 3 жаштагы тургуну Айлан Курди. Анын да үй-бүлөсү башка жүз миӊдеген мекендештери сыяктуу өлкөсүндө болуп жаткан согуштан улам айласыздан башка өлкөгө журт которушкан. Алар алгач коӊшу Түркияга качып барышкан. Айландын атасы Абдулланын 20 жыл мурун Канадага көчүп кеткен эжеси Тима Курди инисинин үй-бүлөсүн Канадага алып өтүүгө, качкын статусун алып берүүгө аракет кылган. Бирок Канаданын бийлиги аларга баш паанек берген жок.

Андан соӊ Абдулла деӊиз аркылуу мигранттарды ташыган контрабандисттерге акча берип, Европа аркылуу кетүүгө аракет кылган. 1-сентябрь түнү Абдулла, аялы Рехан жана уулдары 5 жаштагы Галип менен 3 жаштагы Айлан Түркиядан Грециянын Кос аралын көздөй Эгей деӊизи аркылуу сапар алышкан. Жолго чыккандан көп өтпөй аларды жана башка мигранттарды алып бараткан ичинде 23 кишиси бар 2 кайык чоӊ толкундардан улам көмкөрүлүп кетип, 12 киши сууга чөгүп каза болгон. Алардын арасында Айлан, анын агасы жана энеси да бар. Бул окуядан кийин кишилерди контрабандалык жол менен ташып өтүүгө шектелип сириялык 4 киши кармалган. Алар Айлан жана аны менен кошо каза болгон 11 мигранттын өлүмүнө айыпталышууда.

СИРИЯДАН КАЧКАНДАРДЫН САНЫ 4 МИЛЛИОНДОН АШТЫ
Сирияда согуш башталгандан бери өлкөсүнөн качкан бозгундардын саны 4 миллиондон ашты. Ошондой эле өз үйүн таштаган 7,6 миллион сириялык жаран өлкөсүнүн аймагынан чыгып кете албай жүрүшөт. Качкындардын 2 миллионго жакыны Түркияда, 600 миӊден ашууну Иорданияда, калгандары Египет, Ирак жана Ливанда баш калкалашууда. Жыл башынан бери согуштан жана жакырчылыктан качкан 500 миӊдей адам Европага келген, бул сан күндөн күнгө өсүүдө.

Жакшы жашоону издеп жүргөндөрдүн арасында Курдилердин үй-бүлөсүнүкүнө окшош тагдырларга кабылып же ит-кушка жем болгондор да көп. Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматына караганда, 2014-жылы Жер Ортолук деӊизден өтүүдө 3072 адам каза болгон же дайынсыз жоголгон. Ал эми ушул жылдын башынан бери Европаны көздөй агылган 2657 мигрант деӊизге чөгүп өлдү. Жыл башынан бери Жер Ортолук деӊизди 350 миӊден ашуун адам сүзүп өткөн.

ДҮЙНӨДӨ
БУУнун маалыматына караганда, 2014-жылы дүйнөдө качкындардын саны 60 миллион кишиге жеткен. Качкындардын көбөйүшүнө Сириядагы согуш, Ирак, Украина, Судан, Нигерия жана башка өлкөлөрдөгү кризис себеп болууда.

КЫРГЫЗСТАНДА
Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин качкындар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Чыӊгыз Сарыбаевдин билдиришине караганда, 2015-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда Ооганстан, Сирия жана Украинадан келген 187 качкын бар. Мындан сырткары документ тапшырып, бирок качкын статусун ала элек 166 киши бар. Сириядан келген 54 адам качкын статусун алуу үчүн кайрылган. Качкындарга мамлекет тарабынан качкын деген документ эле берилет, аларга башка жардам берилбейт. Кааласа качкын статусун алган соӊ 3 жылдан кийин жарандык алуу үчүн президенттин алдындагы жарандык алуу комиссиясына кайрыла алышат.

«ООГАНСТАНГА КАЙРА КАЙТПАЙМ»
«Ооганстандан 1992-жылы келип, жакында Кыргызстандын жарандыгын алганы турам» деген 50 жаштагы Омар Кыргызстанга качан, кантип келип калганын айтып берди:
– Мен Орусиянын Краснодар шаарында Жогорку аскер авиациялык окуу жайын аяктагам. 1984-жылы окууну аяктаган соӊ Ооганстанга кайтып барып, 5 жыл аскер учкучу болуп кызмат өтөгөм. Ал убакта өлкөдө жарандык согуш жүрүп жаткан. 1989-жылы мен башкарган истребителге моджахеддердин огу тийип, жерге кулап жарылып кеткен. А мен ийинимден жаракат алып, парашют менен секирип кетүүгө үлгүргөм. 3 ай госпиталда дарыланган соӊ Кабулдагы терроризм жана баӊги бизнесине каршы күрөшүү бөлүмүнө которулдум. Ал жакта 1 жылга жакын иштегенден кийин жетекчилик мени Москвадагы аскердик академияга окууга жөнөтүштү. Академияда 2 жыл окуган соӊ мекениме кайттым. Бирок бул убакта талибдер бийликке келип калган экен, мен сыяктуу коопсуздук кызматтарында иштегендердин «кара тизмеси» түзүлүп, аларды камап же жок кылып жатышыптыр. Өзбекстан аркылуу Ооганстанга өтүп кетем деген оюм ишке ашкан жок. Өзбекстанда калайын десем, өзбек бийлиги мага окшогондорду талибдерге өткөрүп берип коюшу мүмкүн эле. Ошондуктан Кыргызстанга келип, документ тапшырып, 1993-жылы качкын статусун алгам. Жарандык алуу боюнча да жол-жоболорум аяктап калды, эми 1-2 ай ичинде Кыргызстандын жарандыгын алганы турам.

Кыргызстанга келгенде алгач Бишкектеги ЦУМдун жанындагы базарда майда-чүйдө сатып иштеп жүрдүм. Кийин «Дордой» базарынан контейнер алып, Түркиядан товар ташый баштадым. Ошону менен катар эле 5 жылдан бери БУУнун Качкындар менен иштөө башкармалыгынын укуктук бөлүмүндө да иштеп келем.

Кыргызстан менен Ооганстандын ортосунда асман менен жердей айырма бар. Кыргызстанды мен экинчи мекеним деп билем. Бул жакта жашап жүрүп көп нерсе таптым, аялым да кыргыз кызы. Таластык болот, ортобузда 4 балабыз бар. 2007-жылы Ооганстандан апамды, карындашымды алдырып алгам, алар качкын статусуна ээ. Кайра Ооганстанга кайталы деген оюбуз жок.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
kobra86
2015-10-26 10:47:55
Байкушум...
+5
Araika
2015-10-26 11:04:24
Азыр эле одноклассниктен бир видео кордум озбек балдар жуздорун жаап алышып жакында Озбекстанга,Таджикстанга, Кыргазстанга барабыз иншалла кан арыктарда суу болуп агат дейт. Чынын айтсам ушуга окшош видеолор акыркы учурда коп болуп,адамдын журогун тушуро баштады. Дуйно эли тынч болсо экен.
+10
boze
2015-10-26 18:41:24
Динге берилбеш керек. Ушунун айынан болуп атат баары....тынчтык болсун дуйнодо.
+3
marmelad009
2015-10-26 19:57:34
Иииий байкуш бала. Балада эмне куноо...Соз жок...
+1
rios.07
2015-10-26 22:33:40
Аraika. сен айткан террорчулардан коркор жерибиз жок! коркпойбуз дагы. эли журтум учун алар менен акыркы каным калганча согушууга даярмын.биз турганда сен коркпо гулум
+8
mira28
2015-10-27 00:55:13
rios.07,азамат.Силердей патриоттор турса коркуу сезим болобу
+1
Araika
2015-11-03 14:46:56
rios.07, албетте рахмат! Сиздей азаматтар элибизде коп болсун!
0
nazira1989
2015-10-26 23:09:33
Журогунду оютуп,оорутуп,козундун чолок жашын ылдый тоголоткон корунуш,адамдардын мыкаачылыгынын чеги жоголуп барат,Аллах Таалам тынччылык берсинчи,Айландай канчалаган куноосуз омурлор кыйылып жатат...((((((( Эхх...
+2
tengara
2015-10-28 13:21:56
Super_admin саламатсызбы!
Виза боюнча суроо берейин деп кайда жазаарымды билбей койдум.
Египетке Кыргыз жарандары учун виза ачтыруу керекпи же аэропорт он ачабы маалымат бере аласыздарбы ? рахмат
0
Abdyrashit.Satylganov
2015-10-30 13:30:10
Бизде качкын статусун бергенди токтотсо жакшы болмок.. Айрыкча Сириядан, Өзбекстандан качкандарды... Элдин коопсуздугу үчүн чек арадан.өткөрбөө керек. Чек араны бузуп өтсө мыйзам чегинде жоопко тартышы керек...
+2
№ 677, 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан