ДЖИ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Кантип?
– Минтип,- Жанар кайрадан Аруукенин эриндеринен өптү.
– Кантип? Эмнеге? Жанар, мындай болбойт!- кыз анын кучагынан бошонуп кетти.
– Кечирип кой, бирок мен сени менен дос боло албайм. Мен сенин колдоруӊдан кармагым келет, өпкүлөгүм келет, кучактагым келет. Кыскасы...- Жанар сөзүнүн учугун таппай калгандай унчукпай калды – Кыскасы, мен романтик эмесмин. Бирок мен...
– Жанар, сен болгону менин досумсуӊ. Андан ашыкча болбойт!- Аруукенин сөзүнөн кийин экөө теӊ унчукпай тунжурап калышты.
– Андай болсо гамбургер алып бер! Сен артта калып калдыӊ!- Жанар аргасыз жылмайып басып кетти. «Туй ата, эмне кылып салдым?» деп ичинен өзүн жеп жатты.
– Жанар!- дагы эле эсине келе албай жаткан Арууке өктөм сүйлөдү. – Сен эмне кылып салганыӊды билесиӊби?
– Ооба.
– Ооба деп коёт. Сен эмне кылып салдыӊ?!- кыз чебелектеп жиберди.
– Минттим,- Жанар кызга жакындап келди да, кайрадан эриндеринен өөп койду.
– Жинди!
– Билем.
– Сен эмне кылып салдыӊ?
– Дагы көрсөтөйүнбү?- Жанар жылмайып жиберди. Арууке болсо же күлөрүн, же ыйлаарын билбей арсар абалда турду. Ал мындай бурулушту күткөн эмес. Сүйлөй турган сөз да табылбады.
– Сен чуркап келе жаткансыӊ, а мен алдыӊдан тостум да сени кучактап калдым. Мына минтип,- Жанар Аруукени бооруна кысты. – Анан...
– Сен эмне кылып салдыӊ?- деди Арууке үнүн акырын чыгарып. Бул ирет ал Жанардын кучагынан бошонгусу келген жок. Жигиттин моюнуна асылып бекем кучактады. Арууке дал ушул учурда жан дүйнөсүндө түшүнүксүз, бирок ушунчалык жагымдуу жымжырттык пайда болгонун сезди. «Бул сүйүүбү?» ичинен өзүнө-өзү суроо берип, бирок жообун таппай жатты. Аздан соӊ алар жетелешип жөнөштү.

ххх

– Келдиӊби, кызым?- Калия эшикти ачып кызынын маӊдайынан өптү. Арууке апасын күлө карап алды.
– Эмне болду?- кызынын ууртундагы өзгөчө жылмаюуну байкаган апасы суроолуу карады.
– Эч нерсе.
– Күлүп калганыӊдан айтам.
– Мен дайыма эле күлүп жүрөм го.
– Ооба, бирок бүгүн башкачасыӊ го?
– Жок, кадимкидей эле,- кыз көзүн ала качты. Өз бөлмөсүнө кирди да, курбусу Маликанын номурун шапа-шуп терди.
– Алло, Малика, кандайсыӊ?
– Жакшы, өзүӊ?
– Малика, сен Каныбек менен кыз-жигит катары сүйлөшөсүӊ да. Мен сенден бир нерсе сурашым керек. Сен Каныбекти сүйөсүӊбү?
– Жинди го. Сага эмне кереги бар? Ха-ха-ха...
– Сүйүү деген кандай болот?
– Оо, биздин ханбийке кызык суроолорду берип калыптыр. А сен эмне, бирөөнү сүйүп калдыӊбы?
– Сен суроого жооп берсеӊ.
– Сүйүү кандай болорун так айта албайм. Бирок Каныбекти сүйөм го дейм. Ха-ха... Эми мындай да, Арууке. Каныбек жакшынакай бала, машинеси бар, заманбап болуп жүрөт. Кыскасы, аны менен жетелешип баскандан уялбайм.
– Болдубу?
– Дагы эмненин кереги бар? Башкысы кебетеси суук болбосо, анан кызды сыйлай ала турганга акчасы болсо... Маданияттуу болсо жакшы көргөнгө болот да. А сен эмне, жигит таптыӊбы? Айтсаӊ?
– Жо-ок, мен жөн гана сүйүүнүн симптомдору кандай болорун билгим келген. Мейли, жакшы кал!
– Арууке? Айтчы эми, ким ал? Ал сени каякка алып барды? Клубгабы? Ресторангабы?
– Хе, ал мага бүгүн гамбургер алып берди.
– Эмне-е?! Сүйүктүү курбум, сиз бир кедей-кембагалдын колун кармап алгансыз го. Алданбаӊыз! Дагы бир жолу айтып жатам. Сизди жандай турган жигит жок эле дегенде БМВ Х5 айдашы керек.
– Билесиӊби, Малика, анын жанында мага эч нерсенин кереги жок. Ал бар, болду. Менимче, анын жанында бакыт бар го дейм. Анын кучагы ушунчалык жылуу, жагымдуу. Кээде аны кичинекей наристени жакшы көргөндөй жакшы көрүп кетип жаттым. Үн-сөзсүз унчукпай эле жетелешип жүргөндөн эле ырахаттандым...
– Оу-у...- Малика үндөбөй калды. Ал эӊ жакын курбусунун мындай сүйлөгөнүн көргөн эмес. Сүйүп калыптыр деп ойлоп койду...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Ailo
2015-10-26 10:04:48
Мен учунчу)
-1
Sagidko88
2015-10-26 11:15:53
тортунчууу))
-1
Mahburat
2015-10-26 12:13:14
Бешинчи....дедим
-1
Mahburat
2015-10-26 12:27:15
Кызыгып баратам го
0
Serenada
2015-10-26 12:44:05
Ушундай чыгарма окусан суйгун келет ким бироону
+3
Abytovka
2015-10-26 13:18:55
Serenada, туура мен да.
0
Laro4ka
2015-10-26 13:16:35
Суйууну жакшы суроттогон Аруукенин созу менен. Кызыктуу чыгарма болчудай.
+1
Aikosha_95
2015-10-26 14:28:43
Кобурок жазгылачы бир жумада аз жазбай
+1
Musulmanka.
2015-10-26 14:31:01
Эхх, кандай гана бактылуу мүнөттөр))
0
Adik01219
2015-10-26 15:51:56
Жакшыыы кутобуз
0
asylym77
2015-10-26 16:22:54
Коооптон эле жазгылачы
0
moskva.slezam.neverit
2015-10-26 17:05:09
Дагы бир жума кутуу керек♡♡♡
0
Ledi89
2015-10-26 19:21:14
Башын кайдан табып окууйм, админ !
0
admin_superstan
2015-10-27 11:45:19
Ledi89, саламатсызбы!
http://www.super.kg/article/show/33771/

Сериалдын төмөн жагында башкы сандарына шилтемелер берилген.
+1
kunbolot
2015-10-26 21:29:15
Сүйүү ушундай болот!
0
Ledi89
2015-10-26 22:09:07
Эх сууйу,сууйу деп коёт, сууйу адамды жеп коёт, Ой,ой деп коёт, ойда адамды жеп коёт деген экен.
0
medina.
2015-10-26 23:01:34
ii men da suigum kelip ketti)))
+1
№ 677, 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан