(Башталышы өткөн сандарда)
– Кантип? Ушунун баарын унутуп коё алабызбы?
– Унутабыз, сен жакшы болуп кетсеӊ эле болду. Калганы баары ордуна келет. Ишенчи мага, баары жакшы болот.
Айкөл ушул нерсеге ишенип турду. Көптөн күткөн бактысы баары бир колуна тиет деп ойлоп жатты. Аделдин жаралуу жүрөгүн сүйүүсү, мээрими менен дарылап аларына ишенип жатты. Бирок тагдыр ал ойлогондон алда канча татаал эле. Адел дагы деле Тимурдан башканы ойлой албай койду. Ал аз убакыттын ичинде дилине, жан дүйнөсүнө, атүгүл канына кирип алган экен. Айкөлдү аяп жатты, анын үмүтүнө балта чапкысы келген жок. Ким билет, балким, мезгил дарылап, баары Айкөл айткандай жайына келет беле? Бирок экөөнө мезгил дагы каршы туруп алды.
Турсун апа түн ичинде кыӊкыстаган үндөн ойгонуп кетти. Тыӊшаса Адел экен. Толгоосу келип калган окшойт.
– Апа, апа,- деп жатты ал тыбырчылай.
– Айкөл, айланайын, тез машинеӊди даярдай кал, Аделдин толгоосу келип калыптыр,- деди карбаластаган Турсун апа.
– Азыр,- тез кийине салган Айкөл Аделдин бөлмөсүнө жөнөдү. Экөө жөлөп-таяп машинеге отургузуп жөнөп кетишти. Төрөткана... Адел кыбырап жанында жаткан наристени тиктеп жатты. Кызы өзүнө окшош экен, бир караганда Тимурга да окшошуп кетет. Эмнегедир кабагын чытып алыптыр. Жылмайып алган Адел кызын акырын колуна алып көкүрөгүнө кысты. Ушул айыгышкан тагдырдын күрөшүндө канчалык кыйынчылык менен жетсе да, өзүн жеӊишке жеткенин сезди. Мына жеӊиши колунда турат. Мындан башка тагдырдын ырайымы болмокпу?
Палатага кирип келген медайым ага чоӊ букет гүл алып кирди.
– Күйөөӊ байкуш сен төрөгүчө айласы кетти. Күйүмдүү жолдошуӊ бар тура, бактылуу болгула,- деди ал чын дилинен.
Ордунан туруп сыртты караган Адел ары-бери басып жүргөн Айкөлдү көрдү. Аделди көрө сала ал бир нерселерди айтып колун булгалап жатты. Сыягы, эми баары жакшы болот деп жатты окшойт. Муӊайым жылмайган Адел башын ийкей терезеден оолактай берди.
ххх
Карыпбек бул жакка келгенден бери бир топ убакыт өттү. Өткөн өмүрүн көз алдына чууруткан ал дагы деле эмнеден улам жаӊылыштык кетиргенин түшүнбөй, мындан ары эмне кылуу керек, кантип жашоо керек деп ойлонуп жатты. Адел менен ажырашып кетүүнү да ойлоду, бирок баары бир көкүрөгүндө аны коё бергиси келбегендей. Кайрадан чогуу жашаса деле унута албай, кыйнай берерин да сезип жатты. Ушул учурда Айкөл чалып, Аделдин кыз төрөгөнүн айтты. Баланын аман-эсен төрөлгөнүн укканда анын эмне кылары анык болду. Менин баары бир балам болбойт экен. Демек, бул да болсо тагдырдын белеги. Мен эми баарын унутуп, Адел менен жашашым керек. Мен аны баары бир коё бере албайм. Өзүмдүн кызымдай тарбиялап чоӊойтом деп ойлоп жатты. Ошол замат көӊүлү ачылып, дароо шаарды көздөй жөнөдү.
Палатага кирип келген Карыпбекти көргөндө Адел жылан көргөндөй жыйрыла түштү.
– Эмнеге келдиӊиз?
– Адел, алгач кызымды көрүп алайынчы,- деген ал Аделдин жанындагы наристени кызыгуу менен тиктеп туруп мурдунан чымчып өөп койду.
– Эми экөөбүз тууралуу сүйлөшөлү. Мен сени баары бир коё бере албайм. Сени аябай сүйөм. Буга чейинки кылыктарыӊдын баарын кечирейин, кызыӊды мага каттатып алабыз. Баарын кайрадан башынан баштайлы.
– Сиз кечирсеӊиз да мен кечирбейм, унута албайм.
– Адел, көк беттенбе. Мага деле бул чечим оӊой болбоду. Же билимиӊ болбосо, же колдой турган тууган-уругуӊ жок баланы жалгыз чоӊойто албайсыӊ. Жакшылап ойлон,- деди да, сыртка чыгып кетти. Эртеси төрөтканадан чыгарайын деп камынып келген Карыпбек анын кечээ түнү кызын алып кетип калганын угуп шалдайып отуруп калды.
ххх
Айкөл алакандай кагазды тиктеп максатсыз отурду. Бул Аделдин жазып кеткен каты экен. Кеӊсеге таштап кетиптир.
«Айкөл байке, атыӊыздан айланайын. Сиз менин жашоомдогу эӊ жакын адамымсыз. Сиздин мага болгон сезимиӊизди да билем, баалайм, урматтайм. Бирок сизди бир боорумдай көрөм. Менде андан артык сүйүү болушу мүмкүн эмес. Мен сизге татыктуу эмесмин, сиз бактылуу болуш үчүн төрөлгөн адамсыз. А мага бакыт аралынан орун жок көрүнөт. Мени бакыт аралынан издебеӊиз, Айкөл байке. Бир боор боюнча калайын, экөөбүздүн таза, тунук мамилебизге кир жукпасын дедим. Сизге турмушка чыгып бактылуу кылууну да ойлодум. Бирок сиз дагы таякеӊиз талап кылган мээримди, сүйүүнү талап кыласыз. Мезгилдин өтүшү менен мен сизди эркек катары сүйө албашымды сезип бактысыз болосуз. Мени жек көрүп, тилиӊиз тие баштайт. Мен антүүнү каалабадым. Тагдыр экен, баркымды билбеген жанга сүйүүмдү арнадым, жаӊылдым, сыздадым, ишеничим сынды. Бирок мени бул кайгынын орунан алып чыккан кызым болду. Ушул кичине наристе үчүн жашайм. Таякеӊиз дагы жаӊы жашоо баштайлы деп келиптир. Аны менен да жашай албайм. Мен өз алдынча кетүүнү туура көрдүм. Апам менен кызымды алып айылга кеттим. Кызымды бир аз чоӊойтуп туруп апама таштап иштейм. Мындан ары өз жашоомду өзүм чечем. Мейли, ал жол татаал, тикенектүү болсун, эчен сыноолор күтүп турсун. Мен ошол жол менен тике барам. Ушуга чейин эркектер менин жашоомду башкарып келишти. Эми өз алдынча болгум келет. Мени издебеӊиз. Кайсы бир учурда кезиккенде сизге рахматымды айтам. Кош, менин бактылуу балалыгымдын күбөсү, жалгыз жакын адамым. Бактылуу болуӊуз!»
Айкөл кагазды көпкө тиктеп турду да, төш чөнтөгүнө салды. Аделдин бул чечкиндүүлүгү аны жаӊы жашоо баштоого түрттү. Досу көптөн бери чет өлкөгө иштеп келгенге чакырып жүргөн. Анын чакыруусу менен кете турган болду. Кийим-кечесин алганы барганда Карыпбекти көрүп таӊ кала түштү. Арыктап, тез эле карып кеткен экен. Аны менен кош айтышып өз жолуна түштү. Учакка отурганда гана жеӊилдене дем алып күлүмсүрөп алды. Көз алдына Адел тартылды.
– Сени баары бир бакыт аралынан табам, кичинекейим. Жүрөгүм сезип турат, үмүт кылам. Ага чейин аман бол, жарыгым!- деп ичинен коштошту. Баары бир тагдыр аны кайрадан Адел менен кезиктирерин ички туюму менен сезип жатты...
(Аягы)