БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ

(Башталышы өткөн санда)

Мен дагы башка күн куруп калгансып ошол күнү мал сойгондо кан болгон кийимдеримди жууп коёюн деп жууп отургам. Милиция кирип келип кан болгон кийимдерди көрүп, ай-буйга келбей эле колдоруму кайрып алып кетишти. Милицияга барганда баягы мен аэропортко киргизбей койгон адам көрүп калып, мени камерага каматып койду. Дайындап койгонбу, үчөө-төртөө болуп кирип келип, жаман төшөккө ороп алып аябай уруп тепкилешти. Колум байлануу болбогондо үчөөнө алым жетет эле го.
Менин ишимди эки тергөөчү изилдейби, билбейм, бирөөсү уруп-согуп, тээп, ал эми экинчиси боорукер адам болуп жакшы сүйлөйт, ошого «кийимдерди экспертизага алып барбайсыӊарбы?» деп болгонун болгондой айттым. Бирок ал деле «колумдан эч нерсе келбейт, жакшысы, моюнуӊа ал, азыраак мөөнөткө камаласыӊ» дейт. Ак жерден камалып кетүү оӊой эле окшойт. Моюнума алдырабыз деп тим эле өчү бардай үч күн сабашты, көбүнчө түндөсү келишет. Жаныӊ кыйналганда моюнуӊа алып эле кол коюп берип койгуӊ келет экен. Өзүӊ билесиӊ, артымдан издей турган бул дүйнөдө бир да жакын адамым жок, балдар үйүндө бирге чоӊойгон досторума айтайын деген менен алардын колунан эмне келмек эле, кимиси кайда жүрөт бир Кудай билет.
Үнүм Кудайга жеткенби, айтор, баягы адамды өлтүргөн бала табылыптыр, мени коё беришти, чыгарарда милициянын чоӊу мени чакырып, «эгер бирөөгө бул жакта болгондорду айтсаӊ, өлтүрүп кетебиз» деди. Ошондон бери башым, бөйрөгүм ооруй турган болуп калды.
Бир ай ооруканада дарыланып жаттым, ызама чыдабайм же кимден өч алышты билбейм, же бирөө менен бөлүшө албайм.
Бир айдан кийин кайра иштей баштадым, менин окуямды аэропорттун директору да уккан экен, бир күнү чакыртыптыр, барсам ал-акыбалымды, эмне болгонун сурады эле, баарын айтып бердим, ыйлактабай, арыздангандай болбой айтканмынбы, айтор, «Жаш болсоӊ да кайраттуу бала экенсиӊ, милицияда чоӊ иште иштеген адамдан коркпой киргизбей койгонуӊду да уктум, мага өзү айтып берди. Сендей балдар бизге керек, менден эмне жардам сурайсыӊ?» деп калды эле, тобокелге салып, бир айтып көрөйүн деп жумуш таап берүүсүн сурандым: «Кесибим авиатехник, кызыл диплом менен бүткөм, мүмкүнчүлүк болсо кесибим боюнча иштесем дедим эле»,- десем, «мейли, караштырып көрөйүн» деп, колумду катуу кысып, далымдан таптап жөнөттү. Бир ай өтүп-өтпөй авиатехник болуп иштеп калдым. Орустардын «Всё, что не бывает, всё к лучшему» деген сөзү туура экен. Айлыгым көбөйдү, бош убактымда башка жерде да иштейм.
Эки жылдай иштеп, ал аралыкта аэропортто кыскартуу болуп, иштен бошоп калдым, менден башка да үч киши иштен бошоду. Дөөлөт деген бирге иштеген киши бар эле, мамилебиз жакшы болчу, ал да иштен бошоп калган, бир күнү үйгө келиптир. Ошол маалда адамдар Орусияга курулуш иштерине эми-эми кете башташкан, мурун көбүнчө соодага кетишчү, Дөөлөт акенин иниси Москвада электромонтажник болуп иштейт экен, ал чакырганынан «чогуу барып иштеп келели, жумуш даяр, барарыбыз менен ишке чыгабыз» деп келиптир. Чынында мен жумуштан бошогонума көп деле капа болгон жокмун, айлыкка иштеген мага деле жакпай жүргөн. Акча чогултуп ишкана ачсамбы деген ойлор бар эле, аэропортто керектүү акчаны чогултушка көзүм жетпей калган. Дароо эле макул болдум.
Ошентип Москвада бир чоӊ соода комплекси курулуп жаткан экен, ошол жерде электромонтажник болуп иштеп калдым. Ишти тез эле үйрөнүп кеттим, себеби авиациялык колледжде жакшы эле окутушкан. Эки группа, отуз адам иштейбиз, жарымы кыргыз, жарымы орус, ишибиз жакшы, кыш болсо да ичи ысык, эртеӊ менен 9да башталып, кечки 5те бүтөт. Орустар жай иштегендиктен кээде түнкү 10го чейин калып алардын иштерин жасайбыз, себеби түнкү ишке эки эсе көп төлөнчү, айлыгыбыз 30 миӊ, кошумча иштегенибизде 40-45 миӊге чейин барып калат.
Бир жарым ай дегенде мага он баланы бөлүп берип башчы кылып коюшту. Жоон жез зымдарды тартып орнотобуз, ал зымдар көбүнчө ашып калат, себеби бир жерге схема боюнча 300 метр зым керек болсо, тартып келгенде 15-20 метр зым ашып калат, аны таштандыга ыргытыш керек, улаганга уруксат жок. Биз анын кабыгын аарчып, жез алгандарга килограммын 200 рублдан тапшырабыз, күнүнө ар кимибиз жок дегенде 2-3 килограмм алып чыгабыз.
Айтор, жакшы эле акча иштеп таап жаттык. 1 жыл 7 ай иштеп коюпмун. Акчамды Кыргызстанга эсеп ачып койгом, ошол жакка салып чогултуп жаттым.
Ошентип иштеп жүргөндө бир күнү түшкү тамакты ичип отурганыбызда баӊгизаттар жөнүндө сөз чыгып кетти. Кыргызстанда мынча, Москвада мынча турат деп. Кантип алып келсе, кантип сатса болот, айтор, көпчүлүктө ар кимден ар кандай сөз чыкты. Мен да элден калышпай «аэропортто иштегем, самолётко салып бериш оӊой эле, эгер бияктан бирөө тосуп алса» деп койбоймбу. Арабызда отурган чогуу иштешкен Эмил байке «кантип салып бере аласыӊ?» деп сурап калды эле, оюмда жаман нерсе жок, бир жагынан баары мени карап калганынан «оӊой эле, акчасы жакшы төлөнсө эле жолу табылат» деп балп эттирип сүйлөп салдым. Ошону менен башка сөздөр болуп унутулуп кеткен.
Арадан бир жума өткөн, кечинде жумуштан келип, тамактанып алып телевизор көрүп жаткам. Жашаган жерибиз иштен жөө басканда 10 мүнөттүк эле, жер үйдө 4 бала турчубуз. Телефон шыӊгырап калды, Эмил байке экен, «үйдө болсоӊ барайын, сүйлөшө турган сөз бар эле» дегенинен, «келе бериӊиз» дедим. Кээде ар кандай иштер чыгып, үйлөргө барып электр жумуштарын жасап акча тапчубуз, ошондой го деп койгом. Жарым сааттан кийин дагы чалды, «эшикте турам, чыксаӊ» дейт, чыксам жапжаӊы кара Лексус 470 турат. Рулда кыргыз бала, жанында Эмил байке отурат, арты көрүнбөйт, айнектери караӊгылатылган экен. Эмил байке түшүп келип учурашкандан кийин «сени менен бир адам сүйлөшөйүн деди эле, кичине иштери бар экен» деп арткы эшикти ачканда жашы алтымыштарга таяган, арыгыраак, чачын ак аралаган, тамеки көп чеккенгеби бети кер сары келген, жанында таягы бар адам отуруптур.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
yujanka.AS
2015-10-26 09:44:36
Аябай кызыктуу экен.
0
ademum08
2015-10-26 09:47:29
Шайтан ушинтип азгырат да...
+1
Maral05
2015-10-26 12:17:23
кызыгына келгенде бутуп калдыгооо
0
dobrajelatel
2015-10-26 12:29:41
Жердеш эми банги зат бизнесине аралашып кетпесен болду.
0
dawa
2015-10-26 14:05:51
Ууф дагы бир жума
0
bibi87
2015-10-26 18:12:05
Админ.башталышына шилтеме берип коюнузчу,мумкун болсо
0
admin_superstan
2015-10-26 18:29:38
bibi87, саламатсызбы!
http://www.super.kg/article/show/33859
0
aksy.koi-tash
2015-10-26 19:30:56
Кызыкту екен дагы бир жума кутмой
0
snegurochka11
2015-10-27 12:38:48
Аябай кызыктуу чыгарма экен гоооо, бирок аздан чыгып атат да(((
0
zara-919
2015-10-31 16:46:49
бул көркөмдөлгөн чыгарма окшойт... ишенбей калдым чындыгына окуянын.
-1
tynar92kg
2015-11-02 14:47:46
Автор аксыданбы же чыгармадагы адам аксыданбы админ
+1
admin_superstan
2015-11-02 15:15:16
tynar92kg, саламатсызбы!
Автордун Аксынын Кербен шаарынан болорун чыгарманын башында жазылган.
+1
№ 677, 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан