ЖАШЫЛЧАЛАРДЫН ХАНЫШАСЫ – КАПУСТА

Курамына адамдын организмине керектүү көптөгөн витаминдерди камтыгандыктан «жашылчалардын ханышасы» атка конгон капустанын бир нече түрүнө назар салсак.

АК КОЧАН КАПУСТА
Мекени – Европа өлкөлөрү.
Косметологияда – ак кочан капустанын ширесин бетке сүйкөсөӊүз, терини агартып, нымдандыруучу касиетке ээ.
Ден соолукка пайдасы – иммунитетти көтөрөт, нерв системин тынчтандырат, баш ооруну басат, уйкусуздуктан арылтат, бөйрөк, боор ооруларына, анемияга, ашказан, он эки эли ичегинин жарасына, экзема, подагра дарттарына каршы табылгыс дары. Ашыкча салмактан да арылууга жардам берет.
Зыяны – көп өлчөмдө жеп алсаӊыз көӊүл айланып, кускуну келтириши мүмкүн, ич көбөт. Энтерит, колит, миокарддын инфаркты менен ооругандарга жана ичи өтүп жаткандарга колдонууга болбойт.

ПЕКИН КАПУСТАСЫ
Мекени – Кытай
Косметологияда – пекин капустасынан жасалган лосьондор бет терисин жашартуучу касиетке ээ. Безеткиге каршы да колдонулат.
Ден соолукка пайдасы – Артрит, атеросклероз, гипертония, Альцгеймер дартына, сарык, ревматизмге даба болот. Ошондой эле пекин капустасынын ширеси ангина, уйкусуздук, аллергияга каршы да колдонулат. Күйүктүн жеӊил түрүндө, ооруну басаӊдатууда пекин капустасынан жасалган компресс жардамга келет.
Зыяны – панкреатит оорусу барларга, ашказан кычкылы жогоруларга колдонууга болбойт. Сүт азыктары менен чогуу колдонууда ич өтүшү мүмкүн.

ТҮСТҮҮ КАПУСТА
Мекени – Жер Ортолук деӊизинин жээгинде жайгашкан өлкөлөр.
Косметологияда – түстүү капустадан жасалган ботколор бет терисин нымдандыруу, азыктандыруу, жумшартуу максатында колдонулат.
Ден соолукка пайдасы – тамак сиӊирүүнү жакшыртат, ашказан, ичеги жарасынын, рактын алдын алат, кан басымды жөнгө салат.
Зыяны – ашказан кычкылы жогоруларга, жаӊыдан операция жасалгандарга, бөйрөк, подагра, богок оорусу барларга колдонууга болбойт.

КЫЗЫЛ КОЧАН КАПУСТА
Мекени – Жер Ортолук деӊизинин жээгинде жайгашкан өлкөлөр.
Косметологияда – кызыл кочан капустадан жасалган ботко, кремдер терини жашартуучу касиетке ээ.
Ден соолукка пайдасы – иммунитетти көтөрөт. Бронхит, ак кан ооруларынын алдын алат, баш ооруну басып, кан басымды төмөндөтөт. Организмден токсин, шлактарды чыгарат, жүрөктүн согушун жөнгө салат.
Зыяны – курамында клетчатка көп болгондуктан ашказан жарасы барларга сунушталбайт.

БРОККОЛИ КАПУСТАСЫ
Мекени – Жер Ортолук деӊизинин жээгинде жайгашкан өлкөлөр.
Косметологияда – брокколиден жасалган май, ботколор бет терисин жашартат. Андан сырткары ачакей, өӊүн жоготкон, сына берген чачтарды калыбына келтирет.
Ден соолукка пайдасы – сөөктөрдү бекемдейт, көздүн көрүүсүн жакшыртат, организмдеги ашыкча сууларды, шлактарды чыгарат. Жүрөк, боор, бөйрөк, ашказан, өт ооруларына каршы мыкты каражат.
Зыяны – туура бышырылган брокколинин зыяны жок. Ошентсе да карын астындагы бездин ооруларында, ашказан кычкылы жогоруларга колдонууга тыюу салынат.

КАПУСТАНЫ КАНТИП ТАНДОО КЕРЕК?

Капуста сатыкка чыккан биринчи айда албай эле койгон оӊ. Анткени дары-дармек менен өстүрүлгөнү биринчи бышып, сатыкка эрте чыгат.
Капуста салмактуу болушу шарт.
Жалбырактары тыгыз түйүлгөнүн тандаӊыз.
Кочаны жарылбаган, жалбырагы соолубаган, ар кандай тактары жок болушу керек.
Өзүнө мүнөздүү жыттан башка жыт чыгып турса ал эскирген, сапатсыз капуста.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Mahburat
2015-10-26 12:35:42
Жакшы экен....
0
Mahburat
2015-10-26 12:42:45
Жакшы экен
0
Abdurahman
2015-10-26 14:30:06
Брокколи жагат мага
0
Alazik
2015-10-26 14:45:47
Сонун кенеш экен рахмат.
0
Ledi89
2015-10-26 18:20:28
Рахмат,кенешинерге пайдасын билип алдым эми жеймин.
0
beben
2015-10-26 18:44:10
Мен суранган тема рахмат чоон супер инфо. Остуруу жана сатуу киреше чыгашасын жазсаныздар жакшы эле дааа...
0
admin_superstan
2015-10-27 11:51:33
beben, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
bolotbek91
2015-10-26 19:01:32
Жакшы мага брокколи жагат
0
Talantbek1994
2015-10-28 01:22:17
Ак кочан капустадан башкасын жеп көрө элекмин. Даамын татып көрүү керек экен
0
lenovo820
2015-10-29 02:46:51
Жакшы кенеш екен
0
only_progress
2015-10-29 12:33:24
Айсберг деген да капуста болчу эле аны жазышпаптыр да
0
ainaz.ainaz
2015-10-31 02:56:13
Пайдалуу кенештер экен
0
Senuchunzhashaim
2015-11-01 03:07:39
Пекин капустасын жакшы коруп жеймго))
0
Bakyta444
2016-06-27 20:28:52
капустаны кантип өстүрүү керек, кирешеси кандай болот?
0
№ 677, 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан