ФЭН-ШУЙ ҮЙГӨ ЫНТЫМАК, СҮЙҮҮ, ИЙГИЛИК АЛЫП КЕЛЕТ

"Дайыма уруш-жаңжал, бири-бирибизди түшүнбөйбүз. Мындай карасаң баары эле жайында. Бирок бактылуу болууга, тынч жашоого эмне жетишпейт?.."
Мындай суроолор тынчын алып, жооп таба албай жүргөн түгөйлөр биздин күндө көп болсо керек. Бул суроого жоопту фэн-шуй чеберлери үйдөгү эмеректердин жайгашуусунан издеп көрүүгө кеңеш беришет. “Түгөйлөрдүн мамилесине бөлмөдөгү буюмдардын кандай тиешеси бар?” деп түшүнбөй калдыңызбы? Анда төмөнкү макалага көңүл буруңуз.

КЫТАЙ СЫРЛАРЫНЫН БИРИ – ФЭН-ШУЙ
Фэн-шуй – кытайлардын байыртадан келе жаткан энергия агымдарын башкаруу жана интерьер искусствосу. Ал байыркы Кытайда пайда болуп, нечендеген кылымдардан бери бул өлкө элинин жашоосунда кеңири колдонулуп келет. Кытайлар фэн-шуйдун жардамы менен үй курууга, адам сөөгүн көмүүгө жер тандашат. Ошондой эле үй-бүлөдө ынтымак, сүйүү, ден-соолук болсун үчүн бөлмөлөрдүн эшик-терезелерин, андагы эмеректерди фэн-шуй эрежелери боюнча жайгаштырышат. Анткени фэн-шуйдун эрежелерине маани берип, колдонгон адамдардын үйүндөгү аура, мамилелер жакшырып, ал үйдө жашаган адамга дем-күч, жакшы маанай тартуулап, жакшылыктарга жетелейт.

КОНОК БӨЛМӨСҮ
Ар бир үйдө конок бөлмөсү бар. Үйгө ырыскы-бакыт, ынтымак чакыруу үчүн бул бөлмөнү фэн-шуй эрежелерине ылайык жайгаштырып, энергия агымдарын туура багытка салуу артыкбаш болбойт. Кире бериштеги эшикке конок бөлмөсү канчалык жакын жайгашса, достор, жакындар сиздердин бүлөңүздөргө ошончолук көп көңүл бөлүшөт. Ошондой эле конок бөлмөдө ян энергиясы көбүрөөк болуш максатка ылайык. Андыктан бул бөлмөгө калың килемдерди, күрөң, күңүрт түстөрдү жакындатпаңыз. Конок бөлмөнүн дубалдарына маанайды түшүргөн сүрөттөрдү, бетин бырыш баскан адамдардын сүрөттөрүн илбеңиз. Анткени мындай буюмдар инь энергиясын алып жүрүшөт да, сиздин конок бөлмөңүздөгү жаркын маанайды, энергияны бузат.
Өтө чоң көлөмдөгү шкафтарды бөлмө­дөгү энергия агымына жолтоо болбосун үчүн дубалга такай коюу керек. Ал эми диван, кресло өңдүү эмеректерди аларга жанаша коюуга болбойт.
Үйдүн дубалдарын негизги жана бөлмө­лөр аралык деп бөлүүгө болот. Конок бөлмөнүн негизги дубалы тарапка стулдарды, креслону, диванды да жайгаштырууга болот. Анткени дайыма негизги дубалга далысын салып отурган адам абдан күчтүү энергия алат да, өзүнө ишенимдүү, иши ийгиликтүү болот. Андыктан бул тарапта үй ээси өзү отурганы максатка ылайык.
Конок бөлмөнү бакчадан кыркылып кел­ген гүлдөр эмес, жакшысы үй өсүм­дүктөрү менен кооздогон пайдалуу. Ошондой эле бөлмөдөгү жарыкка да маани берүү керек. Эгер бөлмө абдан чоң болсо, анда так ортодогу бир люстра бөлмөнү жетишерлик деңгээлде жарык кыла албайт. Мындайда бөлмөнүн бурчтарында көлөкө пайда болуп, инь энергиясы топтолот. Ал эми конок бөлмөдө инь энергиясынын көп болушу жогоруда айтылып өткөндөй үй-бүлөдөгү ийгиликтерди азайтат. Андыктан жарык жакшы жетпей жаткан бурчтарга кошумча лампа жайгаштырууга болот.
Конок бөлмөнүн борборун белгилөө абдан зарыл. Эгер бул иш жасалбаса үй-бүлөдө жалпы кызыкчылык, максат жоюлуп, өз ара ынтымак, улууга баш ийүү, сыйлоо мамилелери жоголот. Конок бөлмөнүн борборун анча чоң эмес килем же стол менен белгилеп коюуга болот. Эгер үйдүн шыбы өтө бийик болбосо, люстра да бөлмөнүн борборун белгилөөчү элемент боло алат. Анткени бөлмөнүн борбору конок үйгө кирген ар бир адамга көрүнүп, көңүл борборунда болушу кажет.

АШКАНА: ОТ МЕНЕН СУУНУН ГАРМОНИЯСЫ
Бири-бирине такыр келишпеген эки элемент, суу менен от айкалышкан жай ашкана болуп саналат. Андыктан фэн-шуйга ылайыктап ашкананы жайгаштырууда от менен сууну туура айкалыштыра билүү керек. Мисалы, плитканын, духовканын карама-каршысына эч качан раковина же муздаткычты орнотууга болбойт. Ошондой эле буларды бири-бирине өтө жакын коюуга да болбойт. Андыктан алардын арасына шкаф же идиш салуучу үкөк коюңуз.

Очок же плита кандай жайгашуусу керек?

  • Эгер ашкана кичинекей болсо, плитаны ашкананын эшигине карама-каршы койбоо керек.
  • Тамак даярдалуучу плитаны даараткананын карама-каршысына да коюуга болбойт. Эгер башка айла жок болсо, анда тамак даярдалып бүткүчө даараткананын эшигин жабык кармоо керек.
  • Суунун элементтеринин арасына отту коюуга болбойт. Мисалы, раковина менен муздаткычтын. Буюмдардын ашканада мындай жайгашуусу үй-бүлөгө жагымсыз окуяларды алып келет. Кытайлар “от эки суу элементинин ортосунда калса көз жашка айланат” дешет.
  • Тамак даярдалуучу плитанын үстүндө (жогорку кабатта) даараткана жайгашпашы керек. Мындай шартта плитаны тезинен башка жайга жылдыруу кажет.
  • Ар бир үйдүн чатырында жаан-чачында суу агуучу түтүктөр бар. Ашканадагы плита ошол түтүктүн астында да жайгашпашы керек. Суу үстүндө турса отту өчүрүп салат. Мындайда үй-бүлөдө жагымсыз окуялар көбөйөт.

Бөлмөдөгү эмеректерди фэн-шуйга ылайык жайгаштыруу ар бирибиздин колубуздан келет. Болгону убакытты аябай, маани берип коюу кажет. Фэн-шуй эрежелерине ылайыктап уктоочу, жуунуучу, балдардын бөлмөлөрүн да жайгаштырууга болот. Ал эрежелер менен келерки сандарыбыздан тааныша аласыздар.

Шаиста Шатманова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
ongaku
2010-01-25 10:24:41
Урматуу форумчу, гезит тууралуу маалыматты (калп, ушак деген кептер тууралуу) так билсениз анан жазыныз. "Супер-Инфодо" шоу-бизнестен тышкары спорт, коом, ден соолук, юристтин кенеши, кино дагы ушул сыяктуу рубрикалар да бар(эгер аларды байкабай жаткан болсонуз). Сизди бир айга "эс алууга" жиберебиз. Балким гезит тууралуу так маалымат билип келерсиз.
0
zxc
2010-01-25 20:51:29
андай эмес,феншуй бул бок.
0
kuliypa
2010-01-26 01:33:39
INFO
ongaku jazgan chyndyk ele bolchu,any kop el bilip jurot. dayar materialdardy kochurup jazbai, ozungor bir izildoo, el ichindegi koigoi maseller boyuncha surak, taktoo ishterin jurguzsongor jakshy ele bolot. "prosveshenie" degendei, eldin kozun achyp.tuura, siler koom, den-sooluk, sport jana bashkalar jonundo jazasyngar, birok alardyn baary dayar materialdar, internetten ele lyngan kobunchosu. ozungor koburook ish jurguzsongor oshondo gana professional bolo alasyzdar.
0
Замира
2010-01-27 23:51:23
zxc ga koshulam
0
ryzhak
2010-01-28 12:21:32
ҮЙГӨ ЫНТЫМАК, СҮЙҮҮ, ИЙГИЛИКТИ АЛЛАХ АЛЫП КЕЛЕТ!
0
aiklaus
2010-03-02 03:30:28
bir makala uchun chet olkogo biroonu shiberuugo Superdin asyryncha aly shetpese kerek.Al emi bul syjaktuu makalalar internette tolup shatpaiby.Kotorup koiso da emgek da.Meili oshonusuna da rahmat.
0
almasbek
2010-04-06 01:25:31
феншуй кыргызстанга тараганына 10 жылдан ашты окшойт.азыр эч ким кызыкпай калган.
(супер артта калыпсынарго)
0
Таллас
2010-05-05 22:15:07
ии мен столду тескерисинен коюп койюн, ошондо бир бактылуу болуп кетемби ээ? Автор өзү ишенди бекен жазганына? Дагы модур имиш...
0
№ 377, 22-28-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан