КЫРГЫЗСТАН КУРАМА КОМАНДАСЫ

Футбол боюнча «Орусия-2018» Дүйнөлүк чемпиондукка тандоо туру кызуу жүрүп жаткан маал. Анда өлкөбүздүн курама командасы Азия чөлкөмүндө өз тайпасында Иордания жана Австралиянын артынан сая түшүп, кийинки баскычка чыгууга үмүт артууда. Бул саныбызда Кыргызстан улуттук курама командасы менен кененирээк тааныштырабыз.

НЕГИЗГИ КУРАМ
Башкы машыктыруучу Александр Крестинин акыркы өткөн 2 оюнга жалпы 23 оюнчуну чакырган. Алардын үчөөсү дарбазачы, жетөөсү коргоочу, ону жарым коргоочу жана үчөө чабуулчу. Кыргызстан курама командасы 4-3-2-1 жана 4-3-3 тактикасы менен ойноп, көпчүлүк чабуулдар эки канаттан жүргүзүлөт. Ал канаттарда ылдам жана техникасы күчтүү коргоочулар Валерий Кичин, Виктор Майер жана жарым коргоочу Антон Землянухин менен Мирлан Мурзаев ойношот. Ортоӊку коргонууга Азамат Байматов, Даниэл Тего же Тамирлан Козубаев чыгат. Талаанын ортосунда жарым коргоочулар Эдгар Бернхардт, Бахтияр Дүйшөбеков жана Фархат Мусабеков ойноп келсе, чабуулчулук милдетти Виталий Люкс аркалап келет.

Каймана аты – «Ак шумкар»
Капитан – Азамат Байматов
Башкы машыктыруучу – Александр Крестинин (Орусия)
ФИФАнын рейтингинде – 146 орунда (жалпы 200дөн ашык өлкөдөн)

УЛУТТУК КУРАМА КОМАНДАНЫН ЭҢ...

  • Алгачкы өткөргөн оюну – 26-сентябрь, 1992-жыл.Кыргызстан – Казакстан 1:1
  • Ири эсепте уткан оюну – 13-июнь, 1997-жыл. Кыргызстан – Мальдив аралдары 6:0
  • Ири эсепте утулган оюну – 5-сентябрь, 2013-жыл. Казакстан – Кыргызстан 7:1
  • Көп оюн өткөргөн футболчусу – Вадим Харченко 49 оюнга катышкан
  • Көп гол киргизген футболчусу – Антон Землянухин 6 гол
  • Эӊ кымбат футболчусу – Антон Землянухин 300 миӊ еврого бааланат

ГОЛДОР
Александр Крестинин өзү белгилегендей, Кыргызстан курама командасы үчүн оюндан гол киргизүү маселеси көйгөйлүү болуп келет. Алсак, «Ак шумкар» соӊку 5 оюнда жалпы 8 гол киргизген. Анын 6 голу стандарттык абалдан (айып сокку, бурчтан чыгарылган сокку) киргизилген. Оюндан Антон Землянухин жана Ильдар Амиров айырмалана алышкан. Белгилей кетсек, ФИФА жакында гана Австралия менен болгон беттештеги голдун автору Азамат Байматов эмес, Алмаз Мирзалиев экендигин тастыктады. Демек, чабуулчунун улуттук курам үчүн алгачкы голу жазылды.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
insap
2015-10-26 14:08:55
Улут үчүн алга, азаматтар!
+1
jigit.paren
2015-10-26 21:04:12
Ушул курама командага дагы. Рубинде ойноп жаткан Ильзат Ахметовту да чакырып кошсо жакшы болмок.
0
Mahabbat
2015-10-27 08:54:22
Азамат Байматов сизди аябай жакшы кором! Кай жактан болбосун издеп турам. Алдын фудболго эч кызыкпайт элем, сизди коргондон бери, ар бир боло турган фудболго, спортко кызыгып окуй турган болдум.
0
jamal1993
2015-10-27 19:24:05
Mahabbat,да суйом дечи ылайым суйгонуно жет Махабат бакыт каалайм❤❤❤
0
dubai
2015-10-27 20:30:37
Алмаз Мирзалиев эмне учун курамга кирген эмес.
0
Patriot...kg
2015-10-27 22:55:04
Себеби ал заменада
0
uran98
2015-10-27 23:22:06
травма ийгилик шумкарлар
0
acer7250
2015-11-14 11:37:12
Бир кыйла жылыш бар биздин курамада мурдагы денгээлинен караганда.Алга "Ак шумкар"лар
0
№ 677, 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан