«ИЛБИРС АТСАҢ ЭЛИҢДИ АТКАН БОЛОСУҢ»

Илбирс Алтай тоо кыркаларынан Борбордук Тянь-Шанга дейре, ошондой эле Гималай тоолорунда байыр алып, жалпы 12 өлкөдө гана кездешет. 2013-жылы Бишкекте илимпоздор арасында бүткүл дүйнөлүк форум өтүп, анда 23-октябрды «Илбирсти коргоо күнү» катары белгилөө тууралуу чечим кабыл алышкан. Себеби Кызыл китепке кирген жаныбар дүйнө жүзү боюнча кескин түрдө азайып бара жатат.

«АЗЫРТАДАН ИЛБИРСТЕРДИ КОРГОБОСОК, ЖОГОТУП АЛАБЫЗ»
Толкунбек Асыкулов, «НАБУ» жаратылышты коргоо уюмунун директору:
– Ак илбирс – өзгөчө жаныбар. Ал деӊиз деӊгээлинен 3-4 миӊ метр бийиктикте жашайт. Жылуулукту эмес, салкынды сүйөт. Азыгы аркар-кулжадан тарта коёнго чейин. Кызыл китепке 1986-жылы киргизилген. Учурда дүйнө жүзү боюнча жоголуп бара жаткан жаныбарлардын катарында. Кыргызстанда Ысык-Көлдүн тоолорунда, Какшаал, Сары-Жаз, Нарын, Алайда кездешет. Өлкөбүздө 300-350дөй илбирс бар деп божомолдонууда. Азыртадан илбирстерди коргоп албасак, илбирс тукумун жоготуп алуу коркунучундабыз. Бул жаныбардын табигый өсүшү да аз. Экиден ашык туубайт. Апрель-май айында тууйт, бул кезде тоолордо абдан суук, андыктан кээде балдары суукка чыдабай өлүп калат.
СССР тарагандан кийин илбирстин терисин белекке берүү абдан популярдуу болуп кеткен. Анда илбирске аӊчылыкка мамлекет тарабынан уруксат берилчү. Ал тургай «илбирс терисин алам» деген жарыяларды гезиттен окуп калгам. Бул жаныбардын азаюусунун биринчи көйгөйү – бул мыйзамсыз аӊчылык кылгандар. Браконьерлер илбирстин тоют базасын жок кылат, жыйынтыгында илбирс ачкадан өлүмгө учурайт. Ошондой эле илбирстин өзүнө аӊчылык кылгандар да бар. Мындан тышкары жергиликтүү калк менен иштешип, элге экологиялык билим берүү кажет. Келечек муунду жаштайынан жаратылышты сүйүүгө чакырып, мекенибизди сактоого үйрөтүшүбүз керек. Биздин уюмдун Ысык-Көл облусундагы Ананьево айылында калыпка келтирүү борборубуз иштеп келет. Анда жаныбарларды багып, кайрадан жаратылышка коё беребиз. Учурда ал борбордо 4 илбирс, 1 сүлөөсүн жана 2 бүркүт бар.

«ИЛБИРС ҮЧҮН АЙЫП 500 МИҢ СОМ. БУЛ АЗ»
Мыйзамсыз аӊчылыкка каршы иш жүргүзгөн «Барс» уюмунун жетекчиси Курманбек Дүйшеев менен маектештик:
– Сиздердин уюм эмне иш менен алектенет?
– Биздин уюм 11 жылдан бери мыйзамсыз аӊчылыкка каршы иш жүргүзүп келебиз. Кызыл китепке кирген жаныбарларды коргоо, анын ичинде илбирстерди сактоо боюнча иштейбиз. Замандын өнүгүшү менен бул жааттагы жумуштар да алда-канча илгерилеп жатат. Айтсак, фотокапкан менен жаныбарларды так аныктап иш жүргүзөбүз. Фотокапкан жаныбарды коркутпай, ошол жерде кандай жаныбар бар экендигин сүрөт же видеого тартат. Фотокапкандын кубаты 6 айга чейин чыдайт, демек, ошол убакытка чейин аталган жерди изилдей алабыз. Кээде бул аймакта жашабайт деген жаныбарлар да кездешүүдө.
– Жаныбарлардын кескин түрдө азайышынын негизги себеби эмнеде?
– Байыртадан кыргыз эли аӊчылык менен оокат кылып келген. Аркар-кулжа, тоо текеге аӊчылык кылуу менен башка жаныбарлардын азыгын азайтып жатканыбызды билүүбүз зарыл. Өткөн 2-3 жылдарга салыштырмалуу мыйзамсыз аӊчылыктын саны азайганын байкасак болот. «Илбирс атсаӊ элиӊди аткан, терисин сатсаӊ жериӊди саткан болосуӊ» деп мамлекет башчы бул ишке өзү кызыкдар болуп, бул ишке катуу көзөмөл койду.
– Ушул жылдын жаз айларында интернет желесинде атылган илбирстин жанында сүрөткө түшкөн адам кызуу талкууга алынган эле. Бул иш аягына чыктыбы?
– Интернетке чыккан сүрөт боюнча биринчилерден болуп коӊгуроо кагып, анда Орусиянын жараны, миллионер Павел Тё экени тастыкталган. Сүрөттө кайсы тоодо, качан түшкөнү белгисиз. Анын иши Интерполго өткөнү тууралуу маалымат берилген, ал жактан сурап «иш жүрүп жатат» деген жооп алдык. Негизи Кыргызстанда илбирсти өлтүргөндөргө айып пул 500 миӊ сом. Муну 1 миллион сомго чейин көтөрүүнү сунуштап жатабыз. Тажикстан менен салыштырсак, ал жакта айып пул 35 миӊ АКШ доллары же 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

«ИЛБИРСКЕ АҢЧЫЛЫК КЫЛУУ КАТТАЛА ЭЛЕК»
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлү Тынчтык Карагулов буларга токтолду:
– Биздин инспекция 2012-жылы түзүлүп, өлкөбүздүн жаратылышын коргоо боюнча иш алып барат. Бул убакыттын аралыгында Кызыл китепке кирген жан-жаныбарларга, алардын арасында илбирсти сактоого басым жасалат. Баса белгилеп кетчү жагдай, илбирске аӊчылык кылуу акыркы жылдары каттала элек. Бул боюнча рейддерди жүргүзүп, эл аралык уюмдар менен кызматташып иш алып барабыз. Өлкөбүздө илбирс байыр алган изилдене элек жерлер бар, учурда фотокапкандар менен жаӊы жерлер изилденүүдө.

Кыргызстандын тоолорунун биринде фотокапкандан алынган кадр.

Дал ушул сүрөт интернетте ызы-чуу жараткан.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
EdikoKG
2015-10-26 11:29:49
Биздин улутубуздун,жаратылыш байлыктарынын бири . Эн баалу. Буларды олтуруп,жок кылуу карапайым элдердин колунан келбейт. Тээ жогорудагылар,чиновник дегендердин бир эки кундук эс алуу курмандыгы .
+12
Asylbek.1978
2015-10-26 14:11:18
EdikoKG,Эн туура айтасын
+7
briliant87
2015-10-26 17:22:56
Эч нерсе айталбайм.
0
beben
2015-10-26 20:04:02
Жаабарс ...
0
Nkvd_1993
2015-10-27 11:24:27
??? Илбирстин бизге эмне кереги бар деймда??
-18
Umar080814
2015-10-29 09:25:19
адамдарды атып олтургон илбирс не болуп калыптыр.
+2
Izdeim_seni.
2015-10-29 09:56:39
Илбирс атсан адам олтургонго барабар болсо,анда адамды аткандар илбирс аткан болуп эле саналат экен да ээ я?
+1
advert
2015-10-29 15:31:47
кандайча эмне кереги бар? бул деген жаратылыштын кооздугу! Жырткычтар дуйносундо жашаш керек. адамдарды олтуруп жаткан жок да булар.
+3
№ 677, 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан