ОЛИМПИАДАЧЫЛАР №38-ГИМНАЗИЯНЫН ОКУУЧУЛАРЫН САБАП КЕТИШТИ

Эсиңиздерде болсо, ушул жылдын 16-сентябрында Бишкектеги Республикалык олимпиадага даярдоо мектебинин окуучулары жана №38-мектеп-гимназиясынын окуучулары менен мушташып, 4 окуучу бычактан, 2 окуучу ур-соккудан жаракат алышкан эле. 1 айдан соң ошол эле мектептердин окуучуларынын ортосунда дагы жаңжал катталды.

ОЛИМПИАДАГА БАРЧУЛАРБЫ ЖЕ БАНДИТТЕРБИ?
20-октябрда эртең мененки саат 8дер чамасында Республикалык олимпиадага даярдоо мектебинин 50дөй тарбиялануучусу №38-мектепке бастырып келишип, айнектерин темир арматура, жыгач союлдар менен сындырышып, 5 окуучуну токмоктоп кетишкен.
Көпчүлүк өткөндөгү бычакташуудан эки мектептин балдары бири-бирине кекенип калышкан деген пикирде. Бирок бул эки мектептин окуучулары буга чейин бир нече ирет кыл чайнашканы, башынан эле бири-бирин көргөндө муштумдары кычышып турары баарыбызга белгилүү. 2009-жылдын 28-сентябрында да так ушундай окуя катталган. Ал кезде ИИМдин башчысы Молдомуса Конгантиев «Спорт мектептин тарбиялануучулары уюшкан кылмыштуу топтордун таасири алдында өсүп жатат» деп чыккан. Ал эми ошол кездеги депутат Кабай Карабеков «Бул мектепти жабыш керек! Мен ал окуяга өз көзүм менен күбө болдум. Бул балдар келечектеги кыргыз спортунун сыймыгы эмес, ээн баштар, киллерлер, рэкеттер. Спорт мектептин окуучулары олимпиадага эмес, кримдүйнөгө аралашууга даярдалат» деген оюн айткан. 20-октябрда болгон окуяда интернет колдонуучулар «Олимпиадага барып кыйратышкандарын деле көрө элекпиз. Кезинде бул мектепке Рыспек Акматбаев, Камчы Көлбаев сыяктуу кримтөбөлдөр келип, өздөрүнө керектүү тың «кадрларды» тандап кетишчү. Спорт мектептин балдары окубай эле, салык салуу, ээн баштык кылуу менен шугулданары бештен белгилүү» деген тариздеги пикирлерин жазышууда. Ошону менен катар сөз болуп жаткан спорт мектептен убагында Мурат Саралинов, Темир Сариев, Мелис Турганбаев, Мария Кулчунова, Сергей Фокин, Юрий Мельниченко, Канатбек Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Раатбек Санатбаев, Евгений Ваккер, Митал Шарипов, Уран Калилов, Нурдин Дөңбаев жана башка атактуу спортчулар чыкканын айта кетпесек болбос.

«БАЛДАР КОРКУП КАЛЫШЫПТЫР»
Окуянын чоо-жайын билүү үчүн №38-мектепке барып, аталган мектептин мугалими Назгүл Ибраимовадан окуя тууралуу уктук:
– Бир окуучу эшиктен өң-алеттен кетип, көзүнүн жашын агызып класска чуркап келип, «спорт мектептин толтура балдары кубалап келатат» деди. Эшикке чыксам коридордо элдин баары чуркап, дүрбөп калышыптыр. Колдоруна союл кармаган 30 чакты бала качып баратыптыр, артынан күзөтчүлөр кууп кетишти. Башталгыч класстын окуучулары окуган класс мектептин ооз жагында эле. Менин балам да башталгыч класста окугандыктан ал жакка чуркап келсем, терезелерин күбүп салышыптыр. Кичинекей балдар коркуп, парталардын алдына кирип жашынып отурушкан экен.

ЖЕТЕКЧИ ДА ЖАРАКАТ АЛГАН
1 ай мурунку бычакташууда жабыркаган балдардын көпчүлүгү спорт мектептин окуучулары болгон. Ал иштен улам окуу жайдын жетекчисинин 3 орун басары кызматтан айдалган. Ал эми №38-мектептин жетекчиси «бычактаган бала биздин мектепте окуган эмес» деп кутулган. Окуя болгондун эртеси атын атагысы келбеген №38-мектептин мугалими буларды билдирди:

– Биздин мектептин директору мектепке бастырып кирип келаткан балдарды алдынан тосуп чыкканда спорт мектептин балдары аны түртүп жиберишти. Директорубуз жерге кулап түшүп, башы менен катуу урунган экен. Ал күнү «ооруканага барыңыз» десек, «бул жакты териштирип алалы» деп койгон. Күндүз өкмөттөн, милициядан кишилер келишип, кечке алар менен жүрдү. Кечинде үйгө барганда кан басымы көтөрүлүп «Тез жардам» аркылуу ооруканага жаткырылыптыр. Башында шишик бар экен. Бүгүн мага телефон чалып, «Мектеп тынч элеби? Сабак жүрүп жатабы?» деп сурады. Мектеп катуу көзөмөлдө, кадимкидей эле сабак жүрүп жатат.

«7 ОКУУЧУ КАМАЛДЫ»
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Айгүл Давлетбаева буларга токтолду:
– Окуя боюнча «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Спорт мектептин 47 окуучусу кармалып суракка алынды. Анын ичинен 7 бала бул окуяны уюштурууга шектелип, убактылуу кармоочу жайга камалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Буга улай эле Бишкек ШИИББинин жетекчисинин орун басары Аскат Султаналиев төмөнкүлөрдү билдирди:
– Спорт мектебинин окуучулары «Алтын таяк» деген топ түзүшкөн экен. Алар бул окуяга бир жума мурун атайын даярданышкан. №38-мектепке 10-11-класстын гана окуучулары барышкан.

«ИШТЕГЕНГЕ АКЫМ ЖОК»
Ал эми спорт мектептин директору Муратбек Кыбраев буларды айтты:
– Өткөндөгү бычакташуудан жаракат алган балдардын абалы жакшы, ооруканадан чыгышкан. Ал окуяда менин орун басарларым жумуштан алынган жана интернет клубда отуруп биздин окуучуларды жардамга чакырган 4 бала окуудан четтетилди. Бир катар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканбыз, тилекке каршы, көп узабай эле мындай окуя болуп кетти. Ошол күнү түштөн кийин №38-мектептин мугалимдери, окуучулары биздин мектепке конокко келишмек. Аларга дасторкон даярдап, концерт уюштуруп, эки мектептин окуучуларын элдештирип, ынтымакка чакыруу ниетибиз бар эле. Ошол күнү эртең мененки тамактан соң биздин окуучуларга №38-мектептин окуучуларынан «өткөндө силердин дымагыңарды өчүрдүк» деген сыяктуу провокация жараткан СМС-билдирүүлөр келиптир. Мындан тышкары «биздин балдарды бычактаган баланы №38-мектептин окуучулары акча чогултуп түрмөдөн чыгарып алышыптыр» деген сөз окуучуларга тарап кеткен экен. Балким, өткөндөгү окуяга кекенип калышкан чыгар. «Биздин окуучуларды ушул эле окуу жайды бүтүрүп кеткен чоң балдар ээрчитип кеткен» деген сөздөр айтылууда. Эми тергөөдө себеби билинет. Тергөө иштери аяктагыча мен кызматымдан бошотулдум. Мындай окуядан соң бул кызматта иштөөгө моралдык акым жок. Кесиптештерим, №38-мектептин тарбиячыларынан кечирим сурайм.

«ЧЫГАШАЛАРДЫ СПОРТ МЕКТЕБИ ТӨЛӨЙТ»
Билим берүү жана илим министрлигинин мектептер менен иштөө боюнча башкы адиси Бакыт Рысбеков буларга токтолду:
– №38-мектептин жогорку класста окуган 5 окуучусу жеңил жаракат алышып, аларга ошол эле жерден дарыгерлер медициналык жардам көрсөтүшкөн. Бул окуянын келип чыгышы жетекчисинин шалаакылыгынанбы же башка себептенби, азырынча айта албайм. Учурда өкмөт атайын комиссия түздү, бардыгы териштирүү аяктаган соң билинет. Ал эми сынган эшик-терезелер спорт мектептин эсебинен төлөнүп берилмей болду.

«СПОРТ МЕКТЕБИНИН ЖЕТЕКЧИЛИГИ, ТАРБИЯЧЫЛАРЫ АЛМАШЫШЫ МҮМКҮН»
Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Шейшенкул Бакировго байланышып, окуя тууралуу кандай чаралар көрүлүп жатканына кызыктык:
– Бул окуя боюнча вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева жетектеген мекемелер аралык комиссия түзүлдү. 9-ноябрга чейин Республикалык олимпиадага даярдоо мектебинде окуу токтотулду жана жетекчиси убактылуу кызматтан четтетилди. Бул мектептин жетекчилигин, тарбиячыларын баштан-аяк алмаштырып, татыктуу кызматкерлерди алып келүү тууралуу сунуштар каралып жатат. Айта кетчү жагдай, биз мурунку окуяда жабырлануучу болсок да мектеп жетекчилерине чара колдонгон элек, ал эми Билим берүү жана илим министрлиги эч кандай чара колдонгон эмес. Алар да мектеп жетекчилерине карата калыс чара көрсө болмок.
Бул чырлуу окуянын келип чыгышына ким күнөөлүү? Жакында эле ушул мектептин окуучуларынын ортосунда болуп өткөн кандуу окуя тиешелүү кызматтагыларга сабак
болгон жокпу? Бул ишти болтурбай, алдын ала окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө болот беле? Же «эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» демекчи, бир райондо жайгашкан эки мектептин окуучулары «так» талашуудабы? Эми бул сапар бул иш акыйкат иликтенип, мындай окуялар кайра кайталанбагандай чаралар көрүлөт деп ишене туралы.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
№38-мектепке бастырып кирген окуучулардын 47си кармалды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Izdeim_seni.
2015-10-26 09:39:34
Бандиттерди тарбиялап чыгарган спорт мектебин жабыш керек.
+2
s5kgbal
2015-10-26 17:54:03
куноо эки жактан тен кетет!
0
mirlanchik9
2015-10-27 20:30:12
ХХХ. Кыйын болсонор Армияда кызмат отогуло и так Кыргызстандын душмандары коп. ХХХ ХХХ.
0
admin_superstan
2015-10-28 10:40:34
mirlanchik9, кимдир бирөөнү мазактоого, провокацияга жол жок! 5 күн БАН!
0
Bishkek
2015-11-22 03:25:45
Ой ий бул спорт школ эмес эле адам сойор школьного ? Булар олимпиядага барган да эч нерсе албайт колдорунан эч нерсе келбейт, булар Кыргызтанды танытпай эле уят кылат го
0
№ 677, 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан