ТОЮНДА КЛИП ТАРТКАН КУБАНЫЧБЕК МЕНЕН ЗАМИРА

21-октябрда дагы бир тамашоучу жигиттин моюнуна каамыт илинди. «Ак-Өргө City» командасынын оюнчусу, «Браво», «Гонщик таксист» тасмаларында роль жараткан Кубанычбек Курманбеков сүйүктүүсү Замирага баш кошту. Эки жаштын үлпөт тою борбор калаадагы тойканалардын биринде өттү.

Блиц-маек
– Куш бооңор бек болсун! Айтсаңар, канча жыл сүйлөшүп баш кошуп жатасыңар?
Кубанычбек:
– Замира экөөбүз маршруттук таксиден таанышканбыз. Биринчи күнү эле «мага турмушка чыгасың» дегем. Ошондон бери Зама ойлонгуча 4 жарым жыл өтүп кетти (күлүп).
– Кубанычты кайсы сапаты үчүн өмүрлүк жолдош кылып тандап алдың?
Замира:
– Куба менин тирөөчүм, колдоочум. Бир сөз менен айтканда, менин кыялымдагы мырза.
– Башка бирөөнүн үй-бүлөсүнө мүчө болом деп коркуу сезимдери курчап турса керек?
– Кубанын үйүндө жашап жатканыма 2 күн болду. Кыз узатуу тоюн өткөргөнбүз.
– Кыз узатууда ыйлаган жоксуңбу?
– Апам менен коштошойун деп баратсам Куба мени көтөрүп алып кетип калды. Эч нерсени түшүнбөй калдым. Апам ошол күнү «эмне кылып жатасың, кандай экен?» деп 5 жолу чалды.
– Маегиңерге рахмат, бактылуу болгула!

Жаштардын сейилдөөсүнөн кийин кезек кечки үйлөнүү үлпөт салтанатына келип, Роза Шакирова эки жашты коноктордун алдына «Жар-жар» ыры менен алып кирди.

Түгөйлөрдүн жүрөгүн дүкүлдөтүп, толкунданткан көз ирмем. Кубанычка нике шакегин таккан Замира анын жүрөгүн эми чындап брондоду.

Эки жаштын бактысына ортоктош болушкан коноктор бийдин сазайын берип жатышты. Замиранын атасы кызын башка бүлөгө узатканына ичи ачышкан жок. Кубанычтай күйөө балалуу болгонуна кубанган ата жаштардан кем калбай бийледи.

Албетте, той келинчектин гүл ыргыткан аземисиз өтпөйт да. Замира да турмушка чыга элек кыздардын багын ачайын деп гүлүн ыргытты.

6 кабаттуу тортту адаттагыдай «Тамашоунун» жигиттери жасатышыптыр. Эң үстүнкү кабатында шоколаддан жасалган Кубанычбек менен Замира мистер жана миссис Смиттин образында.

Тамашоучулардын баарына өкүл ата-эне болууну чечишкенби, айтор, бул ирет да аталган сыйлуу орунду ырчы Анжелика жолдошу Урмат мырза менен ээлешти (солдон оңго) Кубанычтын жана Замиранын ата-энеси.

Ыр-күлкү менен коштолгон бул күнү Куба «Браво» тасмасынын саундтреги болгон «Күн ысыккы» ырына клип тартканга да жетишти.

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Тамашоучу" Кубанычбектин тоюнан эксклюзивдүү репортаж
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
knk
2015-10-26 09:14:06
Кун ыссыкк деген ыр медиа порталда барбы. Болсо шилтемесин бергилечи, угуп коройун.
0
admin_superstan
2015-10-26 10:35:08
knk, саламатсызбы!
Медиа-порталда бар:
http://www.super.kg/media/useraudio/135572/
0
Kunbeken
2015-10-26 10:04:35
Бактылуу болгула! Пачка пачка балдар торолсун, кошогонор когорсун.
+1
karakchyyy
2015-10-26 10:07:51
Келинчеги аябай эле улуу корунуп калыптырго макияж ужас.
+1
jon.as
2015-10-26 10:15:10
эки жашка бакыт каалайм!
0
aiturgasha
2015-10-26 11:35:59
Анжелика кече эле тороду элего...негизи торогондо кыркы чыкмай сайын кочого чыкпаш керек эле...ал эми КУБА ЗАМИРА силерге уй булоолук бакыт каалайм!
+1
shazi
2015-10-26 14:06:12
Бактылуу болгула.
+1
Uzakova.Z.A
2015-10-26 15:22:40
Бактылуу болгула . Эмил уйлонбой эле кое тур анда сени сагынып калабыз.
0
mi-li-na
2015-10-26 18:05:09
Эл журт Анжелика ким тороду уулбу, кызбы?
0
admin_superstan
2015-10-26 18:36:25
mi-li-na, саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз:
http://www.super.kg/kabar/news/125885/
0
pakiistanka
2015-10-26 20:10:36
Amjelika japiz ele tufli kiybeybi.kuyoosu boyu kiska bolup kalat eken
0
nazira1989
2015-10-27 01:44:35
Куттуктайм,ден-соолугунар чын болсун,
Омурунор узун болсун,
Асманынар ачык болуп,
Маанайынар жарык болсун,
Бактылуу-таалайлуу,
Ырыс-кешиктуу,
Эмдиги жылы ушул маалда,
Алтын бешиктуу болгула!!!Оомиийн!!!
0
Deniza88
2015-10-27 13:55:23
Те суротто Хурремге окшогон кииим десем Анжелика сулуу экен да)))) бакыт каалайбыз ))))
0
gul3ina
2015-10-27 14:58:51
Бактылуу болгула.Чын эле келинчеги улуу корунот экен
0
sher.
2015-10-27 22:23:59
Макияжы бир аз жарашыксыз болуп калыптыр. Кандай болсо да бактылуу болушсун!
+1
Sandrana
2015-10-30 16:04:59
sher.,Макияжы и Прическа жарашпай калыптыр!Же Бишкекте заманбап салондор жокбу ошончолук эле?
0
jaskaaa
2015-10-29 04:23:26
Анжеликага не мынча ичинер аябай куйуп жатат. Аракетчил айым. Ал эми Кубага бакыт анан тоооолтура лялка калайм!
0
№ 677, 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан