Баткен облусунун Сүлүктү шаарында шахтада 3 адам газга ууланып КАЗА ТААП, 2 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жыл башынан бери өлкөдө 83 ӨСПҮРҮМ өз жанын кыйды. Алардын 49у эркек, 34ү кыздар.
Quacquarelli Symonds агенттиги жарыялаган рейтингге ылайык, өнүгүп келе жаткан Европа жана Азия өлкөлөрүндөгү 150 мыкты жогорку окуу жайлардын катарына Кыргызстандын бир гана ОКУУ ЖАЙЫ илешти. Ал – Борбордук Азиядагы Америка университети.
Президент Алмазбек Атамбаевдин 22 жаштагы уулу КАДЫРБЕК АТАМБАЕВДИН монографиясы жарык көрдү. Эмгек «Улуттардын жанданышы. Экономикалык пассионардыктын теориясы» деп аталат.
«Азыр биз толугу менен жылытуу иштерине даярбыз. Бул кышта жарандар үзгүлтүксүз ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ, жылытуу жана газ менен камсыз болушат»,- дейт өкмөт башчы Темир Сариев.
2015-жылдын 9 айында Кыргызстанда ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫНАН 774 киши каза таап, 7594 адам жаракат алган. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматы маалымдайт.
Жыл башынан бери ата-энесинин кароосу жок калышкан 527 бала башка үй-бүлөлөр тарабынан БАГЫЛЫП АЛЫНГАН. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Сентябрь айынан тарта Кыргызстанда Орусиядан уурдалган 5 АВТОУНАА табылды.
Өлкөдө жыл башынан бери 137 ӨСПҮРҮМ ЗОРДУКТАЛГАН. Алардын 70 пайызын кыздар түзсө, калганы эркек балдар. Зордуктоо фактыларынын эң көбү Чүйдө жана Бишкекте катталат.
Өлкөдө 1 тонна КӨМҮРДҮН БААСЫ 1300-5000 сом болууда. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Нурлан Садыков билдирди. Анын айтымында, бул баа былтыркыга салыштырмалуу жогору.
Мектеп окуучулары үчүн КҮЗГҮ КАНИКУЛ 4-ноябрдан 8-ноябрга чейин гана созулат. Кыскартылуусу кышкы каникулду узартууга байланыштуу.
Япониянын премьер-министри СИНДЗО АБЭ 26-октябрда иш сапары менен Кыргызстанга келет.
Улуттук статистикалык комитеттин бөлүм башчысы Жылдыз Рахманованын айтымында, өлкөнүн айыл жеринде шаарга салыштырмалуу 2 эсе көп ЭРКЕК жашайт. Шаардагы эркектердин саны 941 миңдей, айылда 1 миллион 975 миңден ашуун.
КУРМАНБЕК БАКИЕВ «Оору, сүйүү жана үмүт: Менин Кыргызстаным» («Боль, любовь и надежда: Мой Кыргызстан») деп аталган китебин жарыкка чыгарды. Китептин бет ачары Минск шаарында 22-октябрда болуп өттү.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.