Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева 20-октябрда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына: «Урматтуу ата-энелер, эгер силер балдарыңар окуган мектепке ыктыярдуу түрдө берилүүчү төлөмдөрдү төлөөгө аргасыз болуп жатсаңар, кат же комментарий кылып жазышыңарды суранам. Бул нерсе кандайча ишке ашат, ошону айта кетсеңиздер (эмерек же башка жабдык аласыңарбы, банктагы эсепке акча которосуңарбы же класс жетекчиге алып барасыңарбы), буга кошумча мектептин номурун да жаза кеткиле» деп жазган. Министр айымдын посту #неисполнение#приказМОН деген хэштег менен берилген.
Ошентип министр айым мыйзамсыз акча чогултууларга ата-энелер менен катар каршы чыгууда. Посттун астына калтырылган комментарийлерге келсек, колдонуучулардын бири «Арыздансаң мектепте «ак карга» болуп каласың. Мындай көрүнүш мугалимдердин айлыгы 80 миң сом болмоюнча токтобойт» деп жазган. Бир катары канча сомдон берип турушарын жазышууда. Калтырылган постторго караганда, айрым мектептердин жыл бою 1 окуучудан «ыктыярдуу түрдө» алган акчасы 7 миң сомго чейин жетет.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg