Түрмөдөн качып чыккан кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахманов 22-октябрь күнү кармалды. Ал Чүй облусундагы айылдардын биринде колго түшүрүлгөн. Кармоо учурунда кылмышкер каршылык көрсөтүп, бир бутунан жаракат алган. Буга чейин Данияр Кадыралиев, Азамат Мүсүралиев милиция тарабынан атылып өлтүрүлгөн эле. 22-октябрга карата абактан качкандардан кармала элек жалгыз Алтынбек Итибаев калды.
Коомдук ишмер Эдил Байсалов бул окуяларга байланыштуу интернет баракчасына: «Катардагы МАИ кызматкерлери абактан качкандардын бешөөсүн ошол түнү эле кармашкан. Алар деле абактан качкандардын баарын автомат менен аткылап салса болот болчу, бирок андай кылышкан жок. Артынан кууп жетишип, жерге жаткырып колдорун байлашты. Аларды тирүү кармашканы менен, эми эмне үчүн биринин артынан бири өлтүрүлүп жатат?»,- деп жазды.
Ушуга окшош пикирлер басымдуулук кылганы үчүнбү, Эдил Абдрахманов тирүү кармалды деген ой жаралат...
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg