АНТКА ТУРУКСУЗ ДЕПУТАТТЫН КИМГЕ КЕРЕГИ БАР?

«БАЛДАРЫМДЫН ЖАКШЫЛЫГЫН КӨРБӨЙ КАЛАЙЫН»
Парламенттик шайлоо алдында «Республика-Ата Журт» партиясынын лидерлери шайлоодо жетиштүү добуш ала албай калган талапкер көп добуш алган талапкерге ордун бошотуп, тизмеден өз каалоосу менен чыгарын айтышкан. Керек болсо жарышка аттангандар: «Берген антымдан тайсам, Кудай урсун! Балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын!» деп ант беришип, партия жетекчилиги ал процессти видеого тартып, кагазга жаздырып алышкан. Бирок 28 мандатка ээ болуп, шайлоо жарышында 2-орунду багындырган «Республика-Ата Журттун» тизмесинен 70 талапкер четтетилгенде чоң чыр чыкты.
Окуянын жүрүшүндө талапкерлер арызды чын эле жазышканын, кол да коюшканын, бирок арызга датаны жазышпаганы белгилүү болду. Нааразы болуп чыккан талапкерлер да, партия да арыздар шайлоого чейин эле жазылганын моюнга алышты. Талапкерлердин айтымында, арыз ээлери эмес, партия өзү арыздарга датаны кийинчерээк кошуп жазып, БШКга өткөрүп берген. Тизмеден чыгып калышканын талапкерлер ЖМКлар аркылуу билишкен.

ЫЗЫ-ЧУУ ЖОГОРКУ СОТКО ЖЕТТИ
16-октябрь күнү «Республика-Ата Журттун» депутаттыкка ат салышкан бир катар талапкерлери Боршайкомдун алдына митингге чыгышты. Айтымдарына караганда, партия аларды талапкерлердин тизмесинен мыйзамсыз чыгарып салган. Мыйзамга ылайык, мандаттан баш тартуу жана талапкерлердин тизмесинен чыгуу арызын талапкер өз ыктыяры менен жазып, кол коюушу шарт. Нааразы болуп чыккандардын арасында Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаттары Кантемир Мурзабеков, Аида Исмаилова, Рада Туманбаева, Алиярбек Абжалиев, Жыргалбек Саматов жана башкалар да бар. «Биз мандаттан баш тартуу тууралуу арызды жазган эмеспиз жана кол да койгон эмеспиз»,- дешет алар. 18-октябрь күнү ишти Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту карап, тизмеден чыгарылган талапкерлердин баарынын арыздары БШКда кайрадан каралсын деген талапты четке какты.
Бул боюнча ИИМде талапкерлердин арызы жасалма деген факт боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми «Республика-Ата Журт» партиясынын өкүлү талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу арызды жасалма дегени үчүн Аида Исмаилованы сотко беришерин жана партиянын кадыр-баркына доо келтирди деп 10 миллион сом компенсация талап кылышарын айтты.
20-октябрда тизмеден чыгарылган талапкерлер БШКнын чечимин жокко чыгаруу арызы менен Жогорку Сотко кайрылышты. Арыз ээлери: «Республика-Ата Журт» партиясынан Рада Туманбаева, Закир Шарапов, Аида Исмаилова, Алиярбек Абжалиев, Курманкул Зулушев, Жыргалбек Саматов, Асхат Молдобаев жана «Өнүгүү-Прогресстен» Нургазы Айдаров. Жогорку Сот БШКнын чечимин жокко чыгарса, анда БШК чечимди кайра карап чыгууга аргасыз болот.
Жогорку Соттун чечимине карап «Республика-Ата Журттун» тагдырын да аныктоого болот. Эгер Жогорку Сот чечимди партиянын пайдасына чыгарса, демек, Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиевдин фракциясы коалицияга кирет деген белги. Эгер Жогорку Сот нааразы болуп жаткан талапкерлердин пайдасына чечсе, демек, «Республика-Ата Журтту» коалицияга кошуу планда жок. Жакынкы жылдары 28 депутаттан турган бул фракцияны мурдагы «Республика» менен «Ата Журт» фракцияларынын тагдыры күтөт, партия алган 28 мандат туш-тарапка чачырайт.

«КААЛАСАҢАР АТЫШКЫЛА, БИРИҢДИ БИРИҢ ӨЛТҮРГҮЛӨ, БИРОК...»
20-октябрда БШКнын башчысы Туйгунаалы Абдраимов «Республика-Ата Журттун» тизмесинен чыгарылган талапкерлерге: «Бири-бириңер менен атышкыла, өлтүргүлө, бирок бизди партиянын ички чыр-чатактарына аралаштырбагыла»,- деди.
Бул аралыкта 12 мандатка ээ болгон «Бир болдун» лидери Алтынбек Сулайманов тизме боюнча алдыңкы 12 орунда тургандар депутат болушарын айтууга шашты. Анын айтымында, талапкерлер Чолпон Жакупова, Лунара Мамытова жана Бакыт Есенбаева мандат алышары тууралуу чечим кабыл алынды. Буга чейин журналист Лунара Мамытованын тизмеден алынгандыгы сөз болуп жаткан болчу.
Адатта мамлекеттик кызматка киришип жатып депутаттар, министрлер, соттор, президент ант берет. «Балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын!» деп өз каалоосу менен ант берип, бат эле ал шертинен тайып кеткен адамдардын мындан кийинки антына ким ишенет? Антка туруксуз депутаттын кимге кереги бар? Өз эрки менен берген антты сактабаган адамдын дагы бир жолу ант берүүсүнүн кажети жок, ал баары бир антына турбайт. Ал эми ант бермейинче депутат боло алышпайт.
Гезит басууга кетерде Жогорку Сот Аида Исмаилованын арызын канааттандырып, БШКнын тизмеден чыгаруу тууралуу чечимин жокко чыгарды.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
ulara-2010
2015-10-26 12:34:02
Демек мен туура эмес айтсам айткыла
0
edu.kg.
2015-10-26 13:55:50
Берген антынан тайган адамдан эмне джакшылык кутууго болот? Адамдык абиири болсо сотторго ыйламсырап жугурбостон берген антына таянып партия чечимине таянып акырын чыгып кетишсе болмок. Кайдаааан андай акырын чыгып кетуу. Созсуз чычалап сотко чейин баруу керек,анткени сот пайдасына чечип берсе майлуу оорунда чалкалап отуруп каалагандай жеп ичип озунун кара башына байлык толтуруу керек. Депутаттык мандаттын канчалык маанилуу майлуу экени мына ушул адамдар аркылуу билсек болот соттошуп жетуу учун.
+1
Pantherka
2015-10-26 16:34:20
Буларга бут жараша берет походу ХХХ да, олуп тирилип,калп айтып жашай беришет )))))
+1
admin_superstan
2015-10-26 16:46:23
Pantherka, мазактоодон алыс болуңуз!
0
Gulmirahon
2015-10-26 19:43:09
Туйгунаалы Абдраимов туура айтыптыр))) бирин олуп, бирин кал...
+2
Gulmirahon
2015-10-26 19:45:17
бири биринерди атып олтуруп, кырылып кала берсенер деле боло берет..
+1
men_da_kattaldym_xexe
2015-10-27 16:02:48
Аз, коп добуш алганын кантип билишет же булар ар бир окуругка болунушконбу? Жакшы тушунгон жокмун. Ушундай ызы чуу болоорун билип алдын ала арыз жаздырып койгондору да кызык болуп жатат. Лидерлер четтетип жатса кайра чырдап неге депутат болом?!
0
s9zen098
2015-10-27 20:52:09
Депутат деген мандатка жеткенде эле адам уят менен намысты унутуп койот окшойт. Шайлоодон алдын берген убадаларынын баарын унутуп, эми мандат талашмайга отушту. Ызылдашкандан башка колдорунан эч нерсе келбейт. Илгеркилер айтмакчы "Б*кк* куурай сая албайт".
0
jaskaaa
2015-10-29 04:13:56
Республика элге жакшы эле иштемек! Программасыда мага жаккан. Ушулар утканда кичине озгоруш болмок! Жон эле бут тосуп койушту.
0
sna_kg
2015-10-29 15:49:45
Бул депутаттар келеери менен эле уруша башташты анысы аз келгенсип жаны кресло жаны килемге олтургусу келди.эгер чындап эл учун иштейм деген депутат жыгач строго олтуруп шалчанын устундо басып жоо журуп деле иштей бермек деп ойлойм
0
guzel_
2015-10-30 08:57:38
Ким эмне деп ушактаса эле кошулуп жамандай бересинерби тура карабай
-2
Shanson
2015-10-30 12:14:16
Чтож, эмне дейбиз? Өздөрү айтышкандай эми "Жараткан Кудай урсун! Балдарынын жакшылыгын көрбөй калсын!" (Мен каргаган жокмун, болгону алардын сөздөрүн эле кайталап койдум :) )
+1
Abdyrashit.Satylganov
2015-10-30 13:10:34
Дагы деле ошол болот экен да.. Эл билбеди карышкырга кой кайтартып жатканын. Шайлоого чейин Кыргызстанды Париж кылабыз деди го чиркин.. "Аа бети жоктор аа" - деп айткан адам болсочу.. Уялбай мандат талашат. Ант урса түбүңөргө жетет . Берген антыңарда турбайсыңарбы.. Добуш ала алган жоксуңбу. Өзүң билип кете бер. Ылайым берген антыңар уруп кетсин!
+2
bektursun2010
2015-10-30 19:13:47
антынар уруп кетсин.
+1
nurten
2015-10-31 04:07:48
Шайлоодон кийин ты кто такой давай до свидания!!! Алганга чейин алтыным, алгандан кийин катыным!!!
0
admin_superstan
2015-11-02 11:28:05
tolik, кимдир бирөөнү мазактоого жол жок! 7 күн БАН!
0
№ 677, 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан