Электрондук өкмөттү түзүү туурасында 2001-жылдан бери айтылып келе жатат. Бирок иш жүзүндө дээрлик эч нерсе аткарылган жок. Кыргызстан ЕАЭСке мүчө болуп киргенден кийин бул маселе чечилүү жолуна багыт алгандай.
2015-жылдын 18-августунда Евразиялык экономикалык комиссиянын чечими менен тышкы жана ич ара сооданын интеграциялашкан маалымат тутумунун (ТИСИМТ) мамлекеттер аралык сыноосун жүргүзүү боюнча комиссиясы түзүлгөн. Интеграциялашкан тутум бул – экономикалык биримдиктин аймагындагы ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүү, унаа каражаттарынын, адамдардын эркин жүрүүсүн камсыз кылуу болуп саналат. Башкача айтканда, ЕАЭСке мүчө болуп кирген 5 өлкөнүн электрондук системи бирдиктүү тармакка бириктирилиши керек. Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Эрнист Мамырканов журналисттер менен жолугушуу учурунда: «Электрондук өкмөттү ишке киргизүү үчүн биздин министрлик жылдын аягына чейин 35 мамлекеттик органдарды бирдиктүү тармакка бириктирет. Биз бардык кызматтарды электрондук системге өткөрүшүбүз керек»- деди.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg