Жогорку Кеңештин 5-чакырылышы 15-октябрда ишин жыйынтыктады. Бардыгыбыз билгендей, парламенттик шайлоого байланыштуу депутаттар сентябрь айында иштешкен жок. Алардын дээрлик бардыгы жаңы чакырылышта кайрадан креслого отуруп калуу аракетинде үгүт иштеринде жан үрөп жүрүштү. Эл өкүлдөрү жумуш ордуна келишпесе да, сентябрь айы үчүн алар айлык алышты. Жалпысынан сентябрда Жогорку Кеңештин чыгымдары 77,5 миллион сомду түздү. Каржы министрлигинин билдиришинче, депутаттардын, аппарат кызматкерлеринин айлыгына 44,5 миллион сом бөлүнгөн.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы: «Жогорку Кеңештин учурдагы чакырылышынын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышынын биринчи отурумунан тарта токтотулат. Мындан улам депутаттарга маянаны төлөп бербөөгө негиз жок»,- деген билдирүү таркатты. Айтор, жумушка чыкпаса да депутаттарга мөөнөтү бүткүчө айлык берилет дешти. Улуу Британиянын айтылуу өкмөт башчысы, «темир леди» атка конгон Маргарет Тетчердин абдан даана айтылган кеби бар: «Эч кандай мамлекеттик акча болбойт, салык төлөөчүлөрдүн гана акчасы болот»,- деген. Мындайда «иштебеген – тиштебейт» принцибин колдонуу адилеттүү болмок.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg