ДЕПУТАТТЫН УНААСЫНДА БАҢГИЗАТ АЛЫП ЖҮРГӨН АДАМ КАРМАЛДЫ

16-октябрда Жогорку Кеңештин 5-чакырылышындагы «Ар-намыс» фракциясынан депутат Татьяна Левинанын коомдук жардамчысы, айдоочусу Василий Адамов маңзат менен кармалды. Анын жанынан 281 грамм гашиш табылган. Маалым болгондой, баңгизатты эл өкүлүнүн жардамчысы KG номерлүү мамлекеттик унаа менен барып сатып алган. Сурак учурунда ал: «Эки жылдан бери баңгизат колдоном. Өзүм колдонуу үчүн сатып алгам»,- деп айткан. Депутат Левина бул боюнча толук маалыматы жоктугуна шылтоолоп, комментарий берүүдөн баш тартууда. Салык төлөөчүлөрдүн акчасынын эсебинен депутаттардын машиналарына күйүүчү майга акча бөлүнөт. Депутаттар кызматтык унааны элдин кызыкчылыгы үчүн жумуштарга колдонуусу шарт. Алардын айрымдары болсо мына ушундай иштерге колдонуп жатышат. Мындан улам эл өкүлдөрүн унаалар менен камсыз кылуу бекер чыгым деген жыйынтык келип чыгат.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
eliza5566
2015-10-26 09:32:09
Жооп беруудон баш тарса озу да илинчеги бар экен ал депутатты жоготуш керек биякта депутатмын деген толуп жатпайбы.
+3
Akmosha
2015-10-26 12:18:42
Депутаттар ушундай бизнес менен байышат дааа,дагы окмоттук машине менен журушот,куйуучу майы дагы каржыланса оооуууу булардан эч чыгым болбойт экен да.
+2
Ledi89
2015-10-30 23:24:23
Элдин акчасы ,бекер машина банизат сатып байышата. Бирин-бири коро албагандар депутаттар сатса керек. Жон эле гаилер тутса охо аларды шарт ишинен айдашатко. Билсе деле унчугушпайт ишинен айдалбайын дешип. Карапайым элдин машинасын жон эле тытып текшеришет. Депутатардын машинасын анчалык тытып текшерише алышпайт.
0
kypchak80
2015-11-01 13:04:01
Элдин акчаларын ушинтип, кымбат машина, квартираларга каржылайт... Же алан иштеп жарытышпайт. Оздорунун бизнесин коргош учун барышат. Ошондуктан квартира, служ машина, алардын айлыгын минимумга тушуруп, кол тийбестикти алып ташташ керек
0
kelechektegiata
2015-11-02 00:41:22
Биздин ишенип шайлап берген депутаттарыбыз ушундай иштерди жасап жатса анда калган эл кантет
0
tabyshmak
2015-11-19 15:21:28
Ииии ушул байкуш депутаттарды жон эле койбойлубу? Аларды биз машина, акча, уй ж.б. нерселер менен камсыздап турбаганда ким камсыздайт?
0
№ 677, 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан