КАН ТОБУ – МҮНӨЗДҮ ЖАНА ООРУНУ ЧАГЫЛДЫРУУЧУ КҮЗГҮ

Адистер «кан тобу – адамдын күзгүсү» дешет. Андыктан адамдын кан тобуна карап ал адам тууралуу көп нерселерди айтып берсе болот. Анда сиз күзгүдөн кандай чагыларыңызды карап көрөлү.

I кан тобу – O (I).
АҢЧЫЛАР
Качан пайда болгон?
Бул эң байыркы кан тобу болуп эсептелет (биздин доорго чейинки 60 000-40 000 жыл мурун). Ал кезде адамдар ири жаныбарларга (түндүк бугусу, мамонт жана башка) аңчылык кылышкан. Бөтөн эл-жер менен байланышы жок америкалык индейлер I кан тобундагы канды гана алып жүрүшкөн. Бүгүнкү күндө да таза кандуу индейлерде башка кан тобу кездешпейт.
Мүнөзү
Энергиялуу, чечкиндүү, эрки күчтүү, түйшүкчүл, дайыма лидерликке умтулган жандар. Эл менен бат тил табыша алышат. Өзүн барктап, көбү менменсинип жүрүшөт. Дарегине айтылган сындарды кабыл алгылары келбейт. Булардан жетекчилер көп чыгат. Эт жана эттен жасалган тамактарга басым жасашат.

Кайсы оорулар менен көп оорушат?
Жогорку кан басым, бронхит, невроз, ашказан жана он эки эли ичегинин жарасы, атеросклероз, гемофилия.

Сүйүү, сексуалдык жашоо
Эркектер.
Булар – Казановалар. Аялдардын жүрөгүн түрдүү жолдор менен багынтууга маш келишкендиктен «баскынчылар» аталышат. Андыктан өздөрүнүн мындай талантын иш жүзүнө ашырууга мүмкүнчүлүк берүүчү аялдарды жактырышат. Токтоо аялдарга жолукса, үй-бүлө чеби кулабайт.
Аялдар. Орточо сексуалдуу айымдар. Өздөрүн жагымдуу алып жүрүшкөнү менен, кызганчаак болушат. Сүйүктүүсү мындай мүнөздөгү айымга ак экенин далилдеп турушу зарыл.

II кан тобу – A (II).
ДЫЙКАНДАР
Качан пайда болгон?
Бул кан тобу биздин заманга чейинки 25 000 жана 15 000 жылдар аралыгында адамдар жер иштетип, жапайы жаныбарларды колго үйрөтүп баштаган учурда жаралган. Учурда аталган топтогулар көбүнчө Япония, Батыш Европа өлкөлөрүндө жашашат.

Мүнөзү
Жашыруун лидерлик касиетке ээ. Ички туюму күчтүү, тартип менен тазалыкты сүйгөн эмгекчилдер. Жаңы нерселерди бат өздөштүрүшөт. Жан дүйнөсү назик болгондуктан сынды, жаман сөздөрдү оор кабыл алышат. Уяң, кыялкеч жана кежир болушат. Булардан врач, мугалимдер көп чыгат. Жашылча-жемиштерге, дандан жасалган тамак-ашка басым жасашат.

Кайсы оорулар менен көп оорушат?
Ак кан, кызыл жүгүрүк, богок, миокарддын инфаркты, көк боор, көз, жүрөк, бөйрөк, өт жана жыныстык органдардын оорулары.

Сүйүү, сексуалдык жашоо
Эркектер.
Тартынчаак келип, сезимдерин көз карашы, кол-далыны акырын кармалап, сылагылоо аркылуу билдиришет. Эгер жан биргеси чынчыл болуп, эркектерге көз кыспай түз жүрсө, анда аны сыйлап, ала жипти аттоодон алыс болушат.
Аялдар. Мүнөзүнөн улам бул топтогу айымдарды сүйдүрүп алуу кыйын. Кокус бул ишке ашса, анда камкор, күйүмдүү түгөйлүү болосуз. Бирок шекчил жактары болгондуктан күйөөсү солго баспай, урушка жем таштабоосу зарыл.

III кан тобу – B (III).
КӨЧМӨНДӨР

Качан пайда болгон?
Бул кан тобундагы адамдар климаттын алмашуусунун натыйжасында мындан 10 000 жыл мурун жаралгандар. Башкача айтканда, ысык климаттуу Африкадан Европага, Азияга көчүп жашай баштаган кезде. Учурда бул топтогу канды алып жүрүүчүлөр көбүнчө Чыгыш Европада жашашат.

Мүнөзү
Оптимист, ачык-айрым, окуяларга кабылууну сүйгөн, азга деле топук кылып жашагандар. Эркиндикти жана өз алдынчалыкты сүйүшөт. Милдетин чыдамкайлык менен аткарышкандыктан зергер, хирург, экономист, адвокат, тергөөчү болуп чыккандары көп. Сүт азыктарына, жашылча-жемишке, нанга басым жасашат.

Кайсы оорулар менен көп оорушат?
Ооз, мурун, кулак, уйку бези оорулары, миокарддын инфаркты, ашказандын жана жыныстык бездин шишиги, психоз.

Сүйүү, сексуалдык жашоо
Эркектер.
Жакындан билбегендерге сыртынан Дон Жуандардай таасир калтырышат. Бирок булар үчүн секс башкы орунда болбогондуктан кичине романдар менен гана чектелишет. Жашоодо аялдарына чоң жөлөк-таяк болуп беришет.
Аялдар. Экстраваганттуу айымдар. Сыртынан жеңил ойлуу, көпкөлөң көрүнүшкөндүктөн, башында эркектердин ишенимине анчалык кире беришпейт. Бирок убакыттын өтүүсү менен алардан мыкты кожойке, камкор аял чыга турганына көзүңүз жетет.

IV кан тобу – AB (IV).
ТАБЫШМАКТУУЛАР

Качан пайда болгон?
Эң жаңы кан тобу болуп эсептелет. Мындан 2000 жыл мурун I I жана I I I кан тобунун (индоевропалык менен монголоид расасынын) аралашуусунан келип чыккан. Дүйнөдөгү элдин 7 пайызы гана бул топтогу канды алып жүрүшкөндүктөн сейрек кездешүүчү жана табышмактууларга кирет. Иммунитеттери абдан бекем.

Мүнөзү
Мүнөзү жумшак, ойчул, ак көңүл, тынчтыкты сүйгөн адамдар. Жаңы нерселерди өздөштүрүүдөн коркуп турушат. Эмоцияга бат алдырып, чечимди кыйындык менен чыгарышат. Бир орунда узакка отуруп иштөөдөн тажашпайт, ошол себептүү окумуштуулар, ойлоп табуучулар, архив кызматкерлери көп чыгат. II жана
III кан тобундагылар жактырган тамак-аштарды булар да баалашат.

Кайсы оорулар менен көп оорушат?
Уйку бези, ашказан-ичеги, жүрөк-кан тамыр, муун жана жыныстык органдардын оорулары. Гайморит, анемия, экзема да буларга тиешелүү.

Сүйүү, сексуалдык жашоо
Эркектер.
Аял менен мамиле түзүп, көңүл бурдурууда алдына ат салдырбаган сексуалдуулар. Бирок ызы-чуудан коркушкандыктан жаңы сезимдерге кабылуудан качышат. Аялынын башка эркек менен көз ымдашуусуна жол бербей көзөмөлдөп турушат.
Аялдар. Эркектен көп көңүл бурууну талап кылган жагымдуу жана сексуалдуу айымдар. Көпчүлүк эркектердин бул топтогу аялдарга колдору жете бербейт. Колу жетип үйлөнгөн күндө да, үйдө жана төшөктө лидерликти тартып ала алышпайт.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (39)
MegamozG_91
2015-10-27 17:46:15
Тууру чыгып калды го,табышмактуулар барсыздарбы
0
MegamozG_91
2015-10-27 17:47:19
Тууру чыгып калды,табышмактуулар барсыздарбы
+1
Gulya21
2015-10-27 18:36:04
Мен кан тапшыргам бирок кайсы топко кирерин билбейт экем менимче в3 болуш керек апамдан сурасам атандыкы 3сеники дагын 3деп койгон бираз туура келди
0
saipi
2015-10-29 16:27:49
Gulya21,atasynyky 3 bolso kyzynykyda 3 bolboit
0
ereka
2015-10-30 13:05:49
saipi, Негизи баланын канынын группасы же атасынын канынын группасына, же апасынын канынын группасына дал келет. Мисалы атасынын канынын группасы I болсо, ал эми апасынын канынын группасы III болсо, анда баласынын канынын группасы I же III болот,II же IV болушу мумкун эмес.
0
saipi
2015-10-29 16:27:00
rezus faktor degen nerseni men med.akademiyada okup aran tuwungom a siler tem bolee azyr tuwunboisunor u4oonordun ten aitkanynar tuura emes
0
Bereke10
2015-10-29 16:47:11
Баары туура, жолдошум 1, менин каным 2 группада.
Баары 100% дал келди Рахмат. Окум алып тан калдым,жолдошумдун жана озумдун мунозумду окудум
0
kamuke_72
2015-10-29 22:16:32
Салам!туугандар Бишкекте Гэс 2 де табып аял бар дешет инсульт болуп ооругандарды айыктырат экен деп уктук.ким ал табып тууралу билген болсо дарегин айтып кое аласыздарбы?алдын ала рахмат!
0
Guzi88
2015-10-30 10:11:53
Туура чыкты менин канымдын группасы 4эле баары ошондойго дейм
0
Guzi88
2015-10-30 10:15:58
Саламатсызбы Админ менин бир байкемдин колуна песдейби же ала дейби ошондой чыгып алыптыр канча даары дармек ичсе да айыкпады ошол жонундо маалымат берип коесуздарбы сураныч
0
admin_superstan
2015-10-30 10:27:30
Guzi88, саламатсызбы!
Сунушуңуз тиешелү бөлүмгө жеткирилди. Рахмат.
0
Abdyrashit.Satylganov
2015-10-30 12:52:12
70% туура эле келди го.. Айрыкча мүнөзү деген.. Менин каным II чи групада эле. Анан оору дегени кичине ойлондуруп коёот экен.. Негизи баарыбызда эле ден соолук болсун
0
nurten
2015-10-31 03:44:29
+4 меники
0
elizaerlan
2015-10-31 15:20:16
Меники туура келди
0
Titi
2015-10-31 16:29:32
Менин кан группам жок го
0
nazi-kadyrovna
2015-11-01 16:04:20
Киста матки белгилерин эмнеден экенин жазгылачы сураныч
0
admin_superstan
2015-11-02 12:09:32
nazi-kadyrovna, саламатсызбы!
http://www.super.kg/article/show/12471
0
Guzi88
2015-11-10 09:58:59
Админ ала дак (пес)жонундо сурадым эле качан чыгарасыздар
0
admin_superstan
2015-11-10 10:33:42
Guzi88, саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде. Чыгарууга аракет кылабыз. Бир билдирүүнү кайталап жаза бербеңиз.
0
Paiaz
2015-11-14 11:46:45
меники бир аз тууракелди
0
№ 677, 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан