АКШ
ПЛАНЕТАНЫН ЭҢ УЗУН БУТТУУ АЙЫМЫ АНЫКТАЛДЫ
Флоридалык (штат) сары чачтуу бийкеч Холли Бертке америкалык басылма «Планетанын эң узун буттуу айымы» деген наамды ыйгарды. Кыздын бутунун узундугу 125,7 сантиметрди түзөт. Буга чейин жогоруда аталган наам техастык 26 жаштагы модель Лорен Уильямска таандык болчу. Анын бутунун узундугу 124,4 сантиметрди түзөт.
Холли Берттин боюнун узундугу 195 сантиметр. Кыз жакында эле Нью-Йоркко көчүп келген, дизайнерликте окуйт. Ал өзү тууралуу: «Мени бул жактагы жигиттер ээрчип алышууда. Өзгөчө бийик такалуу бут кийим менен жүргөнүмдө алардын оозу аңырдай ачылат. Мен өзүмө бою 190 сантиметрден кичине болгон жигиттер менен мамиле курбайм деп сөз бергем. Нью-Йоркто мындай узун бойлуулар көп эле»,- дейт.
Австралия
ЖАПАЙЫ БОЛУП КЕТКЕН 2 МИЛЛИОН МЫШЫКТЫ КЫРУУ ПЛАНДАЛУУДА
Жапайы болуп кеткен 2 миллиондой мышыкты Австралиянын өкмөтү жакынкы 5 жыл аралыгында материктин 5 аралы менен 10 районунан кырып жок кылууну пландоодо. Антпесе алардын айынан канаттуулардын 20, ал эми сүт эмүүчү жаныбарлардын 20 түрү жок болуп кетүү коркунучунда турат. Мышыктарды кырып жок кылуу чыгымы болжол менен 4, 8 миллион долларды чапчыйт.
Индия
ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ АРЗАН МАШИНА ЧЫГАРЫЛДЫ
Индияда чыгарылган Qute автомобили дүйнөдөгү эң арзан машина болуп калды. Анын баасы болжол менен 2 миң доллардан ашпайт жана аны 20дай өлкөгө экспорттоо каралууда. Алардын ичинде АКШ, Түштүк Америка да бар.
Машинанын салмагы 400 килограмм жана 13 аттын күчүнө ээ. Максималдуу ылдамдыгы саатына 70 чакырым. Учурдагы бардык өлкөлөрдөгү жол тыгындары эске алынып, кичине өлчөмдө чыгарылгандыгы да айтылат. 100 чакырымга болгону 3 литр бензин ичет.
Япония
АЧ КҮСӨНДӨР МЫЙДЫ «БАГЫП» АЛЫШТЫ
Интернетте ач күсөндөр менен чогуу жашап жаткан Комари аттуу мышыктын учурда популярдуулугу өсүүдө.
Мыйды Япониянын жашоочусу көчөдөн таап алып, үйүндө багып жаткан ач күсөндөргө кошуп койгон. Ач күсөндөр мыйды дароо багып алышып, бүгүнкү күнгө дейре бири-биринен ажырабай жашоо кечиришүүдө. Бул бир жаныбарды башка эле жаныбарлар багып ала тургандыгынын дагы бир далили. Мисалы, мындан бир нече убакыт мурун Коко аттуу горилла 2 мыйды багып алган.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg