ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

ИНТЕРНЕТТЕ
Троллинг
термини виртуалдык коомдун катышуучуларынын сленги (колдонулуп жүргөн сөздүн башка мааниде айтылганы). Иш жүзүндө аң-сезими жетип туруп эле жалган айтуу, уруш-талашты жаратуу жана козутуу, чагымчылдык, жаман иштерге чакырык таштоо деп түшүнсөк болот. Интернет колдонуучулар мындай кадамдарга барган адамдарды Скандинавия жөө жомокторундагы түрү суук, жамандык жасоочу троллдорго салыштырышып, термин ошондон чыккан дегендер да бар. Интернетте чырды жаратуучулар – троллдор XXI кылымда социалдык тармактарда өздөрүнүн уюмун түзүп, чыр-чатакты күчөтүү ыкмалары боюнча тажрыйба алмаша башташкан. Учурда кээ бир өлкөлөрдө троллинг менен шугулданган адамдар мыйзам тарабынан жазаланышат. Маалымат согушунда кеңири колдонулат.

МОДАДА
Челси – Батинкенин бул модели 19-кылымда Британияда ойлонуп табылган. Алгач аны «челси» деп ким атаганы боюнча так маалымат жок. Бирок 1960-жылдары Лондондун Челси аймагында жасалып чыкканы боюнча божомолдор бар. Башында жумушчулар кийген бут кийим болсо, 21-кылымда модага айланган. Учурда соода түйүндөрүндөгү күзгү бут кийимдердин катарында көп.
Бул бут кийимде боо да, сыдырма да жок, болгону капталында чоюлчаак резинкасы бар. Кийгенге жана чечкенге ыңгайлуу. Челсини пуловер, кардиган, костюм, жынсы шымдар менен кийүүгө болот.

КЕСИП ЖААТЫНДА
Шоппер
– англис тилинин shop (дүкөн) деген сөзүнөн алынган. Шопперлер – сатып алуучуну соода түйүндөрүнө коштоп барып, модага жараша кийим тандашат. Бул кесип Голливудда жаралып, анын ролун азыркыга чейин көбүнчө стилист, визажисттер аркалап келишет. Алар дүкөндөрдө эмнелер сатылып жатканынан кабардар болуп турушат. Кээси өз алдынча иштешсе, айрымдары атайын агенттиктерге иштешет. Кыскасы, шоппер – гардеробго байланышкан маселени чечүүчү адам. Анын кызматынан көбүнчө байлар жана атактуулар колдонушат. Орусияга 5-6 жыл мурун жеткен бул кесип бизге азырынча келе элек. Ага чейин бизге курбубуз, эже-сиңдибиз же ага-инибиз шоппер боло турсун.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 677, 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан