Тамашоучу, «Позитифф» командасынын оюнчусу Мыктыбек Мукаев Орусиянын ТНТ каналындагы «Comedy Баттл» долбоорунда ийгиликтерди жаратып жатканын гезитибиздин мурунку сандарында жазганбыз. Аталган долбоордун 16-октябрындагы чыгарылышында мекендешибиз өнөрүн тартуулап, калыстар тобунда отурган Ольга Бузова, Руслан Белый жана Сергей Светлаков ага токтоосуз жарым финалга жолдомо беришкен. Мыкыга жарым финалда ийгилик кааламакчыбыз!