Адатта айрым атактуулар жеке жашоосуна байланыштуу окуяларды сыр тутууну туура көрүшөт. Бул жумада интернет айдыңында эки белгилүү адам көптөн бери жашырган сырларын ачыкташты. Биринчиси, өзгөчө үндүү ырчы Каныкей социалдык тармактагы баракчасына «9 ай бою кичинекей жанды көтөрүп жүрүү абдан кызыктуу жана маанилүү нерсе экен. Мен мурун мындай абалды ойлончу эмесмин. Азыр болсо өзүм да кандай инсан дүйнөгө келер экен деп кызыгып жатам»,- деген билдирүүсүнүн астына кош бойлуу болуп түшкөн сүрөтүн илген.
Ал эми алып баруучу Эрмек Нурбаев 3 баланын атасы экенин билебиз, бирок балакайларды такыр эл алдына алып чыкчу эмес. Бул жумада ал бул оюнан кайтып 3 уулу менен түшкөн сүрөтүн интернеттеги жеке баракчасына илип, ага «улуу кыргызымдын тукумун улай» деген билдирүүсүн тиркеп койгон. Каныкей аман-эсен көз жарып алсын, ал эми Эрмек улуу кыргыздын тукумдарын көбөйтө берсин деп тилек кылалы.