Келе жаткан студенттердин майрамына карата жагымдуу жаңылык бар. Ал ырчы Нурлан Насип менен казактардын мега жылдызы Кайрат Нуртастын биргеликте өткөрчү концерти. Учурда буту-бутуна тийбей, концерттин түйшүктөрү менен чуркап жүргөн Нурлан Насип: «Кайрат менин көп эле ырларымды аткарып жүрөт. Экөөбүздүн ырдоо стилибиз окшош десем болот. Өзүм жалгыз концерт берип эле жүрөм. Бул жолкусунда өзгөчөлүк кошкум келип Кайратка чогуу концерт берүү тууралуу сунуш киргизгем, ал тараптан да кызыгуу болуп сунушту кабыл алды. Буюрса, Кайраттын да, менин да күйөрмандарым чер жаза турган концерт беребиз»,- дейт.