19-октябрда түнү ырчы Расул Маматкуловдун Бишкек шаарынын четинде жайгашкан үйүн каракчылар тоноп кетишти. Бул тууралуу ырчы: «Жубайым экөөбүз үйдө жок болчубуз, балдар үстүнкү кабатта уктап жатканда киришиптир. Кирип үйдү астын-үстүн кылып чачышыптыр, чамасы акча издешкен окшойт. Үйдө кайдагы акча, азыркы заманда үйдө ким акча кармасын? Силердин гезитиңерге чыккан кымбат саатымды да коллекциялайм дегенинен досума берип койгон элем, баалуу эч нерсебиз деле жок болчу. Уурулар жубайым Катянын алтын зер буюмдарын, кымбат телефонун көтөрүп кетишиптир. Милиция келип манжалардын изин алып кетишти. Буюрса, уурулар табылат деген ойдомун. Кызыгы, биздин үйгө кирген уурулар менин чыгармачылыгымды сыйлайт өңдүү, үйгө бут кийимдерин чечип киришиптир. Алардын бул жоругуна милиция кызматкерлери да күлүп жатышат»,- дейт. Мындай маданияттуу уурулар тез арада колго түшүрүлөт деген үмүттөбүз.